ДЕПУТАТТАР КАЗАКСТАНДЫН ЧЕК АРАДАГЫ ТЕКШЕРҮҮСҮНӨ НААРАЗЫ

Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев 11-майда парламентте Кыргыз-Казак чек арасында Казакстандын Кыргыздын жүк ташуучу унааларын текшерүүсү орунсуз экенин айтып чыкты.

– Казакстан азыр ЕАЭБдин алкагында таптакыр текшербеш керек. Кайсы премьер-министр экени эсте жок, ошонун тушунда бул нерсе ЕАЭБдин алкагында каралбай турган, эки тараптуу маселе деп чыгарып койгон. ЕАЭБ тосконго болбойт деп чечим чыгарып берген. Эгерде ЕАЭБдин алкагында болгондо текшергенге укугу жок эле. Бирок ар кандай талаптарды коюп жатат,- деди депутат.

Маматалиев бул Кытайдан келе турган жүк ташуучу агымды Казакстандын өзүнө тартып алуу аракети деп мүнөздөдү.

– Кытайдан келген жүк ташуу агымы Казакстан аркылуу өтсүн деп жатат, алардын ниети ошондой. Анда бир кесиптешибиз айткандай, сууну бербегиле, жапкыла,- деди Маматалиев.

Буга чейин депутат Айбек Алтынбеков чек арадагы негизсиз текшерүүлөрү үчүн деп Казакстанга сугат суу бербей коюуну сунуштап чыккан.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1014, 13-19-май, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан