КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ, ТАИЛАНД ПАДЫШАЛЫГЫ!

Саякат

Чыгыштын эң эле экзотикалык өлкөсү, албетте, Таиланд. Дайыма жапжашыл табияты, алтын кумдуу пляждары, байыркы храмдары жана салтын жоготпой сактап келе жаткан эли дүйнөнүн булуң- бурчунан туристтерди өзүнө тартат. Бир эмес, эки океан менен чектелген табышмактуу Сиам өмүрү эси-көөндөн кеткис эс алууну тартуу этүүгө даяр.

Аталышы – Таиланд падышалыгы
Мамлекеттик түзүлүшү – Конституциялык монархия
Борбор шаары – Бангкок
Өлкө башчысы – Падыша
Мыйзам чыгаруу органы – Эки палаталуу Улуттук ассамблея
Аянты – 514 миң чарчы чакырым
Калкы – 68 миллиондун тегерегинде
Дини – Буддизм
Расмий тили – Тай
Акча бирдиги Бат. Орто эсеп менен 1 бат 1 сом 50 тыйынга барабар.

АЛТЫН КУМДУУ ПЛЯЖДАР
Таиланд – Түштүк-Чыгыш Азиядагы Индокытай жана Малакка жарым аралдарынан орун алган өлкө. Жээктери Андаман, Түштүк-Кытай деңиздери жана Сиам булуңу менен чектешет. Күн нуруна чагылыша жылуу кучагына тарткан Таиланддын пляждары абдан жагымдуу. Кааласаңыз дүйнөгө атагы чыккан отелден орун алып, төгөрөктүн төрт бурчунан келген адамдар менен таанышып, ар кандай экзотикалык кечелердин күбөсү боло аласыз. Кааласаңыз океан жээгиндеги кичинекей, тыптынч үйдөн орун алып, табият менен сырдашып, позитивдүү энергия топтоп кайтасыз.
Бизнестин жаңы түрү болгон эко-туризм да Таиланд падышалыгында жакшы жолго коюлган. Айрыкча деңиз эко-туризми популярдуу. Учурда бул өлкөдө ондогон Улуттук деңиз парктары бар. Алардын ичинен эң атактуусу – 42 аралды кучагына камтыган “Анг Тонг” Улуттук деңиз паркы.

СЫРДУУ ХРАМДАР
Бул падышалык өзгөчө кооз табияты менен катар кылымдарды карытып, урабай сакталып келе жаткан сырдуу храмдары менен да баалуу. Алардын курулушунан индиялык жана кытайлык элементтерди көрүүгө болот. Будда храмдары кайсы диндин өкүлдөрү экенине карабай кызыгып, көргөнү барган бардык адамдар үчүн ачык. Андыктан кечилдер менен кошо медитация жасап, денени эле эмес, ой-туюмду да эс алдырып, тазалап кайтууга болот.

ТАЙ МАССАЖЫ
Адамдын биологиялык активдүү чекиттерине таасир берүүгө басым жасаган массаж. Негиздөөчүсү болуп Живака Кумар Бхаши аттуу дарыгер эсептелинет. Тай массажы жалпы жана падышалык деп экиге бөлүнөт.
Жалпы тай массажы кеңири жайылып, окутуу курстары да жакшы жолго коюлган. Анын негизги өзгөчөлүгү – массаж жасоочу менен пациент тыгыз байланышта болгонунда. Массаж жасоочу баш бармак, алакан, билек, чыканак, ийин, тизе жана тамандарын пайдаланат.
Падышалык түрүндөгү өзгөчөлүк, массаж жасоочу пациенттин денесине тиер-тийбес иштегенинде. Анан да пациент башка массаждардагыдай көмкөрөсүнөн жаткырылбайт.

ЭҢ БАЙ ПАДЫША ТАИЛАНДДА
Өлкөнү учурда падыша Пумпион Адульядет башкарат. Ал былтыркы жылда “Форбс” журналынын жыйынтыгы боюнча эң бай монарх деп табылган. Байлыгы 35 миллиард долларды түзөрү белгилүү. Бай падышалардын тизмесинде экинчи орунду Араб Эмираттарынын шейхи, үчүнчү орунду Дубайдын шейхи, андан кийинки орунду Брунейдин султаны ээлейт. Европадагы падышалар буларга салыштырганда бир топ жарды. Алсак, 5 миллиард доллар байлыгы менен Лихтенштейндин ханзаадасы Ганс-Адам II алтынчы орунда.
Падыша болгонуна карабай Таиланддагы бардык бийлик Адульядеттин колунда эмес. Ал буддизмдин коргоочусу, биримдиктин символу жана башкы командачы болуп саналат. Парламенти эки: Сенат жана Өкүлдөр палатасынан турат. Сенатта 150, Өкүлдөрдө 480 өкүл иш алпарат. Өкүлдөр палатасында көп добуш алган партиянын лидери премьер-министр болуп дайындалат. Сенаттын 50 пайызын падыша дайындаса, парламенттин калган бөлүгүн эл шайлайт да, Өкүлдөр 4 жыл, Сенаттагылар 6 жыл эмгектенишет. 2000-жылга чейин Сенатты жалаң падыша дайындачу.

ӨНДҮРҮШҮ ӨСҮҮ ЖОЛУНДА
Таиландды өндүрүш тармагы өсүп келаткан өлкө десе болот. Коргошун, цинк, марганец, вольфрам, сурьма жана ар кандай асыл таштар өндүрүлөт. Ошондой эле электр энергиясы, кен өндүрүшү, текстиль, машина курулушу, нефти өндүрүү жакшы жолго коюлган. Электр жабдыктарын, асыл таштарды, текстиль товарларын, каучук жана айыл чарба продуктуларын экспорттойт. Япония, Малайзия, АКШ, Сингапур жана Евробиримдикке кирген өлкөлөр менен тыгыз байланышта иштейт.


Жылдыз гид

Канатбек Бегалиев:
«ӨЗГӨЧӨ ЖАККАНЫ ТАЙ МАССАЖЫ БОЛДУ»

Каражат жана ден соолук тарабынан мүмкүнчүлүк болсо, эл-жер көргөндөн өтөр кызык барбы? Таиланд тууралуу сөз кыларда кыргыздын атактууларынын баяндарына көз жүгүртүп отуруп, балбан Канатбек Бегалиевдин былтыр бул өлкөгө барып эс алып келгенинен кабар таптык. Канат мырза Таиланд тууралуу төмөнкүлөргө токтолду.

Табияты...
– Былтыр июнь айында Таиланддын Паттайя курорттук шаарына барып келдим. Ал жерде Азия чемпиондугу өтүп жаткан. Балдар мелдешке, мен болсо эс алууга бардым. Ооба, табияты тимеле көз талдырган кооз, жашыл. Сөз менен жеткире айтуу кыйын.

Ашканасы...
– Ашканада деңиз азыктарын кеңири пайдаланышат экен. Башка өлкөлөргө караганда тейлөө акысы бир топ арзандыгы менен да жакты. Деликатестерин көзүм чалды, бирок даамын татып көргүм келбеди.

Массажы...
– Таиландда өзгөчө жакканы тай массажы болду. Ушунчалык эс алып, жыргап каласың. Адамдын биологиялык чекиттерин жакшы өздөштүрүшкөн да. Анын ден соолукка пайдасы чоң.

Эли...
– Туризм өнүккөн өлкөлөрдө жергиликтүү калк жылмайып учурашып, күлүп сүйлөгөндү жакшы өздөштүрүп алгандай туюла берет. Тайлар деле ушундай көрүнүштү. Күлүп-жайнап, сен үчүн бардык кызматка даяр түр көрсөтүп, эптеп эле көбүрөөк акча өндүрүп алса... Көп жерин аралай албадым, бирок жалпы калкынын жашоо деңгээли начардай көрүндү. Отелдер күзгүдөй жылтырап таптаза да, ошондон жүз метр ары чыксаң эле балит көчөлөргө туш болосуң.

Тай боксу...
– Бизде кикбоксинг боюнча мелдештер өтсө, стадион толо эл келет эмеспи. Андай турнирлер деле айда-жылда бир болот. Ал эми тай боксунун мекени болгон Таиланддын көрүнгөн кафесинде эле мушташтар боло берет экен. Мушташка чыккан экөө бетинен бет калбай, кызыл жаян болгуча былчылдашса деле жыргап ичип-чегип, акча сайып коюп отура беришет.

Жакпаганы...
– Таиландда сойкулук абдан өнүккөн дешет. Балким, ошонун таасиридир, айтор, Европа өлкөлөрүнөн кары-картаң, жалгыз бой эркектер кыздар менен таанышуу максатында көп барышат экен. Эң эле жакпаганы кызтекелердин көптүгү болду. Ушундай бир кыжырды келтирип кийинип, боёнуп алышат дейсиң, кыз-эркегин айырмалай албай каласың.

Айбек Нурадилов
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 424, 17-23-декабрь, 2010-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан