Баласы мыкаачылык менен өлтүрүлгөн эне: “БАЛАМДЫ ӨЛТҮРҮП, ТАШТАНДЫГА ЫРГЫТЫШКАН”

Редакциябызга Салтанат Асанова аттуу айым “адилеттик издейм, соттор баламды мыкаачылык менен өлтүргөн кылмышкерлердин бирин актап, калгандарынын жазасын жеңилдетип салышты” деп кайрылды. Баласынын тагдырына күйүп-бышып, акыйкаттык издеген эненин окуясына гезитибизден орун берели деп чечтик.

“УУЛУМ КАЗА БОЛГОНДОН 17 КҮНДӨН КИЙИН КЫЗЫ ТӨРӨЛДҮ”

– Аты-жөнүм Салтанат Асанова. 59 жаштамын, 8 балам бар. Биз Ысык-Көл облусунун Григорьевка айылынан болобуз. Жолдошум каза болуп калган. 8 баламдын төртөөсүн үйлөнтүп, өз алдынча бөлдүм. Каза болгон балам Жакшылык Асанов төртүнчү балам, 24 гана жашта эле. Кырчындай жаш кезинде 2020-жылы 10-март күнү зөөкүрлөрдүн колунан көз жумду. Балам жаңы үйлөнүп Бишкекте батирде жашачу, унаасын бөлүп төлөп сатып алуу келишими менен алган. Тагыраагы, күнүнө ижара акысын бергенден тышкары, унаанын акчасынан да четинен кутулуп жаткан. Аялы кош бойлуу эле, жакында төрөсө ага да акча керек деп күнү-түнү таксиде иштеп калган. Балам каза болгондон 17 күндөн кийин кызы төрөлдү. Кичинекей чүрпөсү атасыз өсүп жатканына ичим эңшерилет.

“КЫЛМЫШКЕРЛЕР УНААГА ЭЭ БОЛУУ ҮЧҮН ӨЛТҮРҮШКӨН”

– Окуя мындайча болуптур. 10-март күнү 4 жигит баламдын унаасына отуруп, досторун издемиш болушуп ар кайсы даректи айтып айдатышат. Аягында “бул жакта жок экен, эми Сокулукка айда” дешет. Балам тигилер айткан Сокулуктун Белес айылына айдап барганда унаада отурган 4 жигит түшүп, ошол жактан баламды кыйнап өлтүрүшкөн. Алардын максаты – балам айдаган Хонда Фит үлгүсүндөгү унааны айдап кетип, сатуу болгон.

Уулум Жакшылык аскерде кызмат өтөгөн олбурлуу бала болчу, кылмышкер жалгыз болсо балама алы жетпейт эле. Өлтүргөндө да аябай кыйнашкан, тырмактарын жулуп, башына, колдорунун салааларына бычак сайышкан. Денесинин бүт жерине ийне менен сайгылашкан. Айтор, сот процессинде баламдын кантип кыйналып жан бергенин укканымда жаным чыдабай кетти. Өлүктү алып барып ээн талаадагы таштандыга таштап, өздөрүнүн кийимдерин үстүнө жаап, башын цемент менен бастырып коюшкан. Кылмышкерлерге ломбард иштеткен Дастан деген жигит “ушундай үлгүдөгү унаа таап келгиле, 70 миң сом берем” деп айткан экен. Баламдын унаасын кылмышкерлер Дастанга айдап келишет. Ал унааны карап чыгып ичиндеги кандарды көрүп “эмне болгон?” деп сураса кылмышкерлер “айдоочу менен бир аз чатакташып кеттик” деп айтышыптыр. Дастан унаадагы кандарды сүртүп, документ, ачкычын алып “эртең унаа жуучу жайга киргизебиз, силер барып мейманканада түнөп тургула” деп аларга 2000 сом карматыптыр.

Эртеси Дастан үйү жактан Хонда Фитти милиция кызматкерлери эвакуаторго жүктөп жатышканын көрүп, кылмышкерлерге чалып “Кыргызстандан дароо чыгып кеткиле, милиция кызматкерлери келишти” дептир. Айтор, бул ломбард иштеткен жигит баламды өлтүрүүгө катыштыгы бар деп ойлойм. Ушундай унаа алып келгиле деп буюртма берген да Дастан болуп жатпайбы, азыр ушул жигитти соттор актап салышты.

“КЫЛМЫШКЕРЛЕРДИН ЖАЗАСЫН ЧҮЙ ОБЛУСТУК СОТУ ЖЕҢИЛДЕТТИ”

– Кылмыш ишин алгач Сокулук райондук соту караган. Анда өлкө башчыларына даттанып жатып адилеттүү чечим чыгарткам. Райондук сотто ломбард иштеткен Дастанды 10 жылга, берки үчөөнү 20, 18 жылга жана өмүр бою камакка кесишкен. Кылмышкерлер райондук соттун чечимине макул болбой облустук сотко даттанышты, жыйынтыгында Чүй облустук соту өтүнүч келтирүү жарым-жартылай канааттандырылсын деп кылмышкерлердин жазасын жеңилдетип салган. Ар биринин 5 жылдан, 8 жылдан мөөнөтүн кыскартып салыптыр. Мен буга макул эмесмин, балам жок кан жутуп отурам, келиним кичинекей чүрпөсү менен калды. Сотто кылмышкерлер токсон жолу көрсөтмөсүн өзгөртүштү, эми бирөөсү эле “мен өлтүргөм” деп моюнуна алып, калгандары апакай болуп жатышат. Соттор сатылбасын, акыйкат чечим болсун, мен эми Жогорку Сотко даттанам.

Ломбард иштеткен Дастандын эле акчасы бар, калгандары үй-бүлөсүнө кереги жок, Дастандын кол алдында иштеген Кудайдан жөө качкандар. Чүй облустук соту жылдырылып жатып, эки жолу отурумдан кийин чечим чыгарып салышты. Кээде жактоочу келбей калат, биз Ысык-Көлдөн 10-15 адам болуп келебиз, убара болуп кайра кетебиз. Айтор, бизди да кыйнашты. Кылмышкерлердин бирөөсүн балам ага чейин 2-3 жолу жеткирип, тааныш болуп калганга уулумдун телефон номерин алып калган экен. Ошол чакырып, кылмышка катышып жатат.

“КЫЛМЫШКЕРЛЕР АКТАЛДЫ ДЕГЕН ТУУРА ЭМЕС”

Чүй облустук сотунун маалымат кызматы:

– Жабырлануучунун “Чүй облустук соту кылмышкерлерди актап салды” дегени туура эмес. 2022-жылдын 5-апрель күнү Сокулук райондук сотунун чечиминин үстүнөн даттанган 4 айыпкердин иши каралган. Ал отурумда буга чейин Сокулук райондук соту чыгарган чечим төмөнкүдөй өзгөргөн: райондук сотто өмүр бою камакка кесилген Ж.Пнын маркумду өлтүрүүгө түздөн-түз катышуусу жок болгону аныкталып, мөөнөтү 20 жыл болуп кыскарган. Ломбард иштеткен Д.Р. “Автотранспорт каражатын уурдап качуу” беренеси менен акталган, бирок “Кылмышты жашыруу” беренеси менен күнөөлүү деп табылып, 3 жылга кесилди, ага мурун райондук сот 10 жыл берген. Ошондой эле райондук сот Ж.у.Бны 18 жылга, Б.Аны 20 жылга эркинен ажыраткан. Бул эки айыпталуучунун жазасын Чүй облустук соту өзгөртүүсүз калтырды.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1014, 13-19-май, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан