Апасын издеген Айпери Темиркулова: “ВИДЕОДОГУ МЕНИН АПАМ, ЫЙЛАГАНЫ, ТУРГАН ТУРПАТЫ БААРЫ ОКШОШ ЭКЕН”

Cоциалдык тармактарда ырчы Толкунбек Курманбековдун Бишкектеги соода түйүндөрүнүн биринин астында “Карап, карап” ырын гитара менен ырдаганы тартылган видео талкууга алынууда. Көпчүлүк колдонуучулардын көңүлүн чыгарма эмес, ошол видеодо ырчынын ырын угуп жашыган аял бурду. Видео тууралуу “жашоосунда көп кыйынчылык көргөн аял го”, “эмне мынча ыйлады экен?” деген комментарийлер жаады. Көп өтпөй “видеодо ыйлап турган аял менин апам болушу мүмкүн” деп бүгүнкү каарманыбыз Айпери Темиркулова социалдык тармактарга билдирүү таратты. Айпери менен жолугуп апасынын кантип, качан жоголгону тууралуу баянын уктук.

“АПАМ БИР СААТТА КЕЛЕМ ДЕГЕН БОЙДОН КАЙТЫП КЕЛГЕН ЖОК”

–Апам Кызбурак Курбанкулова 2001-жылдын сентябрь айында 43 жашында жоголуп кеткен. Анда мен 10 жашта элем, апам “Дордой” базарында вагон-ашкананы ижарага алып иштетчү. Үйдө мен, байкем, атам, апам төртөөбүз жашайт элек. Атам Айдарбек Жамбалаев “Кыргыз туусу” гезитинде журналист болуп иштечү. Апам жоголгон күнү мен мектептен апам иштеген жерге бардым, адатта байкем экөөбүз окуудан чыгарыбыз менен апама барып, анан кечинде үйгө чогуу келер элек. Барган соң базар кыдырып ойногону жөнөп жатсам “кызым, эртерээк кел, мен бир жакка барам” деп калды. Апам айткандай эрте келдим, ал арада атам жумуштан келип, апам экөө тамак ичип жатышыптыр. Атам гезитин көтөрүп үйгө кетти. Ал кетери менен апам баштыгына тамак, нан салды да, анан мага “байкең келсе мени күтүп отуруп тургула, бир саатта келем” деп чыгып кетти. Ал убакта жаңы үй куруп жаткандыктан усталарга тамак ташычубуз, апам усталарга кетти го деп ойлодум. Саат төрттөрдө байкем окуудан келди. Экөөбүз апамды күттүк, келген жок. Саат 5 болуп “Дордойдо” көчө шыпыргандардан башка эч ким калбай калды. Ары-бери өткөн тааныштар “апаңар дагы деле келе элекпи?” деп сурап жатышты. Түн кирди, апам келбеди. Ал убакта базардын четиндеги мүрзө да тосулган эмес болчу, ачык, ээн эле. Апамды күтүп, ыйлаган бойдон ошол вагондо уктап калыптырмын. Таң атканда байкем үйгө атама кетти, атам бизди таякемдикине кетти деп ойлогон экен. Ошентип эртеси милицияга арыз жазып ызы-чуу болуп баштадык.

“ЖДИ МЕНЯ” БЕРҮҮСҮНӨ, КӨЗҮ АЧЫК, БАКШЫЛАРГА ЧЕЙИН БАРДЫК”

– Апамды көпкө издедик. Апам аябай шашып жүрчү, балким, шашып баратып машина сүзүп кетсе айдоочу коркуп качып кеткендир деп таякемдер өлүкканаларды, кийин кароосуз калган адамдар баш калкалоочу атайын жайларды кыдырышты. Таенем барбаган көзү ачык, бакшы калбады. Паспорту, капчыгы баары үйдө, колуна бир баштык көтөрүп чыккан бойдон жок болуп жатпайбы. Мурун антип жок болуп кетчү эмес. Апам аябай тың, ишти кыйын жасачу, балким, иштегенине кызыгып бирөөлөр кулчулукка алып кетиштиби деп да ойлодук. Ар бир үй-бүлөдө казан-аяк кагышат эмеспи. Атамдын колу ачык эле, окуя болгондон 2-3 күн мурун атам айлык алып, акчасынын жарымын достору менен “майрамдап” коюптур. Ошого апам жинденип “мен базарда кыйналып иштеп жүрсөм, сен акчаңды чачасың!” деп бир аз таарыныша кетишкен. Атамды “бул ушинтип ичип жүрө берет экен” деп кетип калдыбы деп да ойлодук. Орусияга кетип калса ошол жактан табылар деп Москвага “Жди меня” берүүсүнө 3 жолу бардык. Аракетибизден тыянак чыккан жок. Көзү ачыктар таенеме “кызыңыз тирүү, бирок өзүнүн ким экенин билбейт, эс-тутумун жоготкон” деп айтышыптыр.


“ВИДЕОНУ КӨРҮП МУУНУМ БОШОП, ДЕНЕМ ЧЫМЫРАП КЕТТИ”

– Видеодо ыйлап турган аялдын сүрөтүн мага бөлөм жиберди “кимге окшош экен?” деп. Карасам апама окшош. Кыймыл-аракети, ыйлаганы, анан да видеону жакындатып карасам көздөрү жашыл экен, анысы да окшош. “Бул апам го!” деп муунум бошоп, денем чымырап, жүрөгүм дүкүлдөп ыйлап жибердим. Жаңы төрөлгөн 1,5 айлык балам бар, ошого көрүп жаман болбосун деп бөлөм башында мени аяп видеону жөнөтпөй жүрүптүр. Ал видеону апамдын бир туугандарына жөнөттүм, баары бир ооздон окшош экен деп айтышты. Анан социалдык тармактарга издөө жарыяладык. Көбү Бишкектин Горький көчөсүндө жашаган Галя деген орус улутундагы айымды "видеодогу аял ушул" деп айтып жатышат. Таякем ал дарекке барып келиптир, ал эмес экен. Ал аял азыр аракеч болуп кетиптир, ичип алганда ыйлай берет экен. Мен да сүрөтүн көрдүм, такыр апама окшобойт. Апам такай жынсы шым, көйнөк кийип жүрөр эле, анан ошол “Карап, карап” ырын жакшы көрчү.

“Видео каяктан тартылды эле?” деп ырчы Толкунбекке да кайрылдык. Видео былтыр август айында “Вефа” соода борборунун алдында тартылыптыр. Ыйлаган аял Толкунбекке келип “ушул ырды дагы ырдап берчи” деп суранып 20 сом бериптир. Толкунбекти тааныбаса, көчөдө гитара чертип ырдаган адам окшойт деп ойлогондур, балким. Кыргызча так сүйлөптүр. Мындан улам “ошол менин апам” деген оюм ого бетер бекемделип жатат. Бир колдонуучу жазды, ушул жылы 30-март күнү кичинекей кызы ЦУМдун астында бийлеп жатса видеодогу аялга окшош айым кечке карап аябай ыйлаптыр. Мен кичинемде бийлегенде апам сүйүнүп карап тура берчү, балким, эс-тутумун жоготсо да жүрөктө сезимдер сакталып калып, өткөн күндөрдү эстетип жаткандыр. Айрымдар “апаң силерге барбайм, азыркы жашоомо ыраазымын десе эмне кыласыңар?” дейт. Мен үчүн апамдын тирүүлүгүн, амандыгын билүү чоң бакыт. Жолугушуп кучагыма кыссам арманым жок эле.

“ТАЯКЕЛЕРИМ БИЗДИ ЭЧ НЕРСЕДЕН КЕМ КЫЛБАЙ ЧОҢОЙТУШТУ”

– Апам 10 бир тууган, таенем азыр 92 жашта, ал “балаң көз жумса анын келбешин билип, тынч отурасың, бирок дайыны жок болсо күтө берет экенсиң, көзүм өткөнчө кызым табылып калса” деп күндө тиленип отурат. Апам жоголгондон 4 жылдан соң атам каза болуп калды. Биз байкем экөөбүз таякелерибиздин колунда чоңойдук. Таяке, таежелериме ыраазымын, ата-энебиздин жоктугун билдирбей, бизди эч нерседен кем кылбай чоңойтушту, окутушту. Менин 2 жогорку билимим бар. Байкемди Түркияда окутушту, ал азыр ошол жакта котормочу болуп иштейт, 5 тил билет.

Видеону көрөргө жакын апам түшүмө кирди. Түшүмдө “апа, каякта жүрөсүз, сизди аябай издебедикпи?” десем, “мен силерге ишенип, анан таштап кеткем да, кызым, мына келип калдым” деп жатыптыр. Апамды табышууга кыргыз элинен жардам сурайм. Табылат деген үмүтүбүз чоң.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1014, 13-19-май, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан