Адам Асаналы тегин, Мелис Эшимкановдун уулу: “АТАМДЫН ЖОЛУН УЛАП САЯСАТЧЫ БОЛГУМ КЕЛЕТ”

Кыргыз журналистикасына жаңылык киргизген курч калемгер, саясий ишмер, маркум Мелис Эшимкановдун каза болгонуна быйыл 11 жыл болот. Бүгүн биз бул инсандын жолун улоочусу, уулу Адам Асаналы тегин менен баарлаштык. Маектешим атасы тууралуу “атам каза болгондо 6 гана жашта элем, ал менин элесимде тамашакөй, баласаак идеалдуу ата катары сакталып калды” дейт.

– Кандайсың, Адам? Ысымың өзгөчө экен...

– Саламатсыздарбы? Атымды атам койгон. Апам кош бойлуу болуп эми көз жарайын деп турганда атам апамды жакындарына табыштап, иштери менен АКШга кетиптир. Келсе апам дагы деле төрөй элек экен. АКШга барып келгенинин таасириби, айтор, ошондо апама “наристебиздин ысымын Адам коёлу” деп сунуштаптыр. Мен төрөлгөндө атам бир ай бою майрамдаган экен. Көбү “атаңа куюп койгондой окшошсуң, басканыңдан бери окшош” деп айтышат. Атамдын жолун улоо, атамдай адам болуу менин кыялым.

– Атасын үлгү туткан Адам учурда эмне менен алектенет?

– 16 жаштамын, учурда Польшада окуйм. Буюрса, кийинки жылы Варшавадагы университеттердин биринин журналистика факультетине тапшырсам деген пландарым бар. Атамды тартып чыгармачылыкка жакынмын. Кичинемден саясатка кызыгып, саясатчылардын маегин, талкууларын сыналгыдан, интернеттен көп көрөм. Анча-мынча жазуучулук талантым бар, акыркы эки жылдан бери чыгарма жазып, китеп кылып чыгаруу тууралуу ойлонуп жүрөм. Өзүмө көбүнчө окуянын аягы эмне менен бүтөрү белгисиз болгон детектив чыгармалар жагат. Эгер чыгарма жазсам детектив жанрында болот.

– Польшада окуп жатам дедиң, адатта көпчүлүк атактуулардын балдары чет өлкөдө окушат, Кыргызстандагы билим берүүнүн сапаты тууралуу кандай ойдосуң?

– Чет өлкөдө окуган мекендештерибиз көп, айрымдары акчалуулардын балдары болсо, кээ бири карапайымдардын эле балдары. Чет өлкөгө өскүсү келген, билим деңгээлин жогорулатып, жаңы тажрыйбага ээ болууга умтулган, адистикти тереңден үйрөнгүсү келгендер окушат. Өзүңөр билгендей, Европанын билим берүү сапаты абдан жогору, атактуунун баласысыңбы же олигархтынбы ага карабайт, жакшы окушуң керек. Европалыктардын бай-кедей деп бөлбөгөнү, баарына тегиз мамиле кылган сапаттарын баалайм. Анан да бул жакта бардык тараптан мүмкүнчүлүктөр кенен. Максатым – Польшада окуп биротоло калуу эмес, бул жактагы билим тажрыйбам менен өз өлкөмө барып пайдамды тийгизүү. Алдыда кандай турмуштук өзгөрүүлөр күтүп турат билбейм, бирок азыркы планымда чет өлкөдө түбөлүккө жашап, отурукташып калуу кызыкчылыгы жок.

– Польшага көнүп кетүү оңой эле болдубу?

– Чынында мен бул жакка поляктардын тили орус тилине окшош, бат үйрөнүп кетсем керек деп келгем. Келгениме 8 ай болду, Кудайга шүгүр, бат көнүп, тилин бир топ өздөштүрүп калдым. Азыр Кельце шаарында окуп, жашайм. Польшага келгениме бир ай болгондо бир казак досум “чет өлкөлүктөр кино тартып жатышыптыр, азиат улутундагы жигиттер керек экен, кастингге барып келбейлиби?” деп калды. Кастингге барсак тасма белгилүү “Нетфликс” компаниясынын долбоору экен. 3 күн массовкага тартылдык, күнүнө 100 доллардан төлөп беришти. Ал тасма эми жарыкка чыгат.

– Атаң Мелис Эшимканов үйдө кандай ата эле, анын каза болгонун сага биринчи ким угузган?

– Атам каза болгондо 6 жашта элем. 1-класска барып "5" алып келсем атамдын аябай сүйүнгөнү эсимде. Ал учурда чынында атамдын чоң саясий ишмер болгонун аңдай албаган экем. Атам, апам экөө мени чоң саясатчылардын той-кечелерине такай ээрчитип алышчу, үйүбүзгө да атактуу саясатчылар көп келер эле. Атам сыртта олуттуу, сүрдүү көрүнгөнү менен, үйдө абдан тамашакөй, боорду эзген киши болчу. Карындашым экөөбүз менен кадимкидей кубалашып, жерге жатып, жөрмөлөп, бизди туурап ойночу. Бирөөнү укмуш сонун туурайт эле, ал өнөр менде да бар. Атам каза болуп, апамдын кабагы ачылбай маанайы суз болуп жүргөндө ар кимди туурап берип күлдүрөр элем.

Атамдын каза болгонун ким угузуп, түшүндүргөнү эсимде жок. Мага караганда карындашым көпкө түшүнө албай жүрдү. Ага таенем “атаң асманга учуп кеткен” деп койгон окшойт, көпкө чейин “атамды издеп жатам” деп асманды карай берчү. Бир жолу “апа, мага кичинекей сиңди төрөп берчи” дейт. Ошондо “атам жок, апам жалгыз сага сиңди төрөп бере албайт, ал болду келбейт” деп түшүндүрүп бергем, андан кийин сурабай калды. Апамдын айтымында, үйгө кишилер куран окутуп келгенин жактырчу эмес экенмин, апамдын ыйлаганын көргүм келчү эмес окшойт. Атамдын ким экенин, кандай адам болгонун кийин чоңоюп калганда билдим. Каза болгонго чейинки бардык маектерин, видеолорун көрүп чыктым. Калганын апамдан сурадым.

– Шаарыбыздагы журналисттер аллеясына Мелис Эшимкановдун ысымын ыйгаруу боюнча сунуштар болуп жатат, бул демилге силердикиби?

– Негизи эле жыл сайын атамды эскерүү максатында журналисттер арасында шахмат, футбол, бильярд боюнча турнирлерди өткөрүп турабыз. Жылда атамдын туулган күнүндө, 9-декабрда, “Жылдын мыкты журналистин” аныктаган атайын Мелис Эшимканов атындагы сыйлык тапшыруу аземи өтүп турчу. 1-2 жылдан бери пандемияга байланыштуу токтоп калды. Быйыл атам тирүү болсо 60 жашка чыкмак, ошого карата кайра атамдын атындагы иш-чараларды баштайлы деп жатабыз. Буюрса, сентябрда студенттер арасында да сынак өткөрсөкпү деген пландарыбыз бар. Жакында 3-май – Дүйнөлүк сөз эркиндигинин күнүндө журналисттер ишембиликке чыгышты. Ишембиликке апам да катышып, ал жерде журналисттер аллеясына Мелис Эшимкановдун ысымын ыйгарууну сунуштаптыр. Коомчулукта бул демилгебиз колдоо тапты, буюрса, сунушту шаардык кеңешке жөнөтүүгө кат даярдап жатабыз. Биздин максат – атамдын атын өчүрбөй, анын жасаган эмгегин элдин эсине сала жүрүү.

– Маегиңе рахмат, Адам. Атадан артык уул болушуңа тилектешпиз!

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1014, 13-19-май, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА