(Башы өткөн сандарда)
Карлыгачты үй-бүлө очогунун өчкөнү, балдарынын тагдыры эмес, Байыштын “бири-бирибизди коё берели” деген сөзү коркутту. Бүгүндөн калбай жанына барбаса аны жоготуп алчудай шашылды. Сүйүүдөн көзү тумандап турган келиндин сезимдерин башкарууга күчү жетпеди. Кечээ эле балдарын желден-сууктан коруп чарк айланып жүргөн эненин көзүнө бүгүн этегине жармашып ыйлаган балдары, “кетпе” деп жалдыраган жолдошу көрүнбөй жатты. Бакыттын көзүн тапкансып жаш жигитти ээрчип кете берди.
ххх
– Тимур ызырынып турганы менен Айсаранын мөлтүрөп жашка толуп турган көздөрүн көргөндө ачуусу тарай түшкөнсүдү. Маңдайында турган кызды кучактап бооруна кысты.
– Кетем дебе, менден кетем дебе! Мен сенсиз кантип жашайм? Эми мага сен жок жашоонун кунары жок. Баарынан куру жалак калууга даярмын, бирок сенден эмес. Сенин жанымда болгонуң жетет...
– Жанымда бол, жанымда бол эле дейсиз. Тумчугуп кеттим, тумчугуп...- кыз ый аралаш үн катты Тимурдун колун өзүнөн түртө. – Кандай эркин элем, кайда басам десем басып, каалаган адамыма жолукчумун. Азыр болсо капастагы чымчыктан айырмам жок, дайыма кайтаруудамын. Мага мындай жашоонун кереги жок. Кетем мен,- кыз эшикти көздөй баса берди.
– Токто,- кызды билектен тартты. Тимурдун үнү өктөм чыкты.
– Кетпейсиң, биз жолдун башында ганабыз. Биз баса турган жол али көп. Үйлөнүп балалуу болушубуз керек...
– Кайдагы үйлөнгөн, кайдагы бала? Туугандар, апам, эл эмне дейт? Жапжаш туруп тапкан күйөөң ушубу дебейби?
– Бир-эки айтат, анан эле унутат. Андай шылтоолоруңду кой. Кайдан чыкты мындай ойлор. Баарына макул болуп эле көңүлүң менен жүрбөдүң беле? Же мен сени зордодум беле?
– Баарынын кызыгы кетти, эркин жүргөнүм маанилүү экенин эми түшүндүм.
– Кызыгы кетти дечи,- Тимур чылымдын түтүнүн кыздын бетине үйлөдү.
– Сен меники болосуң же эч кимдики болбойсуң, сенин жаныңдан менден бөлөк эч кимди көрүүгө чыдабайм, уктуңбу?!- столду бир муштады.
Кыз селт эте түштү, көзү алайып коркуп кетти. Кыз бул күнү баары өзү ойлогондой болбосун, Тимур аны оңой эле коё бере койбосун, өзү келип чыга алгыс тузакка түшкөнүн түшүндү.
ххх
Марат бүгүн балдарын бала бакчага алып барган жок. Таң аткандан бери Карлыгачка телефон чалуу менен алек. Бирок телефону өчүрүлгөн дегенден башка жооп болгон жок. “Кечке жүрсө ачуусу тарап калар, кайнежемди деле дүрбөтүп тынчын албай барбай эле турайын. Карлыгачтын иштейм дегенине кайдан да көндүм эле? Иштебей үйдө отурганда буга караганда жакшы жашачу эмес белек” деп ойлонуп отурганда Мараттын оюн телефонуна келген чалуу бузду. Апасы экен, кемпир балдарынын келишин күн санап күтүп жатат. Уулунан келебиз деген сөздү уккандан бери буту жер баспай көкөлөп учуп жүрөт. Анткен менен санаасы тынчыбай эле.
– Балам, кандай турасыңар?
– Жакшы, апа, баары жакшы,- деди Марат.
– Ыя, балам, деги качан келгени жатасыңар? Карлыгач эмне деди?
– Жумуштарыбыз бүтпөй жатат. Барабыз, буюрса.
– Ай, Марат, Карлыгач каалабаса тынч эле шаарыңарда жашай бергиле. Мен үчүн талашып-тартышыштын кереги жок,- деди кемпир бир нерсени сезгендей.
– Апа, эмнени айтып жатасыз?- Марат ким айта салды же Карлыгач чалып бир нерсе дегенби деп шашыла сурады.
– Ой, эми айылга көнүп келе койбос деп жатам да, эмнени айтайын?
– Барабыз, буюрса. Андан көрө неберелериңиз менен сүйлөшүңүз,- Марат телефонду балдарына берди да, өзү сыртка чыгып кетти.
– Апамды да куру үмүткер кылбай баралы,- деп үйүнүн айлана-тегерегин жыйнап, айылга кетүүгө камылга көрүүнү баштады.
ххх
Карлыгач менен Байыш күн түштөн ооп калган маалда араң ойгонушту. Экөө чоң согушта жеңишке жетишкендей эле өздөрүнчө кубанычтуу. Байыштын көкүрөгүнө башын жөлөп жаткан Карлыгач кеп баштады.
– Мен го баарын жыйыштырып сени тандап жатам. Сен үчүн балдарымдан дагы баш тарттым. Эми менин мындай кылыгымды билгенде менден баары баш тартат. Менде жалгыз сен эле каласың. Өзүңдөн улуу аялды аласың деп сенин жакындарың да сөзсүз каршы болушат. Сен аларга туруштук бере аласыңбы?
– Мага эч ким эч нерсе дебейт. Өз тагдырым өзүмдүн колумда. Анан сен менден улуу деле көрүнбөйсүң да. Экөөбүздү тең экен деп эле ойлошот.
– Сен ошондо менин жашымдан уяласыңбы?- Карлыгач таарына сүйлөдү.
– Жок, уялбайм. Кайдагыны айтпачы, уялсам жаныңда жүрөт белем?- дей салды Байыш.
– Андан көрө сен ажырашууга арыз качан бересиң?- деди Байыш Карлыгачка карап.
– Бүгүн, саатты кара, өзүбүз канчада турдук? Мен туруп даярданып барганча жабылат го. Эртең жумуш маалында убакыт таап барып келем.
– Жумуш тура турат. Эртең биринчи кезекте бүтүрө турган ишиң ошол болсун,- деди Байыш олуттуу.
ххх
Карлыгачтын телефону такыр күйбөй койду. Чала берип тажаганда, кайнежесинин үйүнө барды. Ал жакка Карлыгачтын келбегени, урушкандарынан кабары жок экени үйгө киргенде эле кайнежесинин тосуп алганынан билинди. Кайнежеси жакшы учурашып, чай берип, айылга кандай барып келгенин, апасын сурап отурду. Бакылдап маанайы жакшы экен.
– Келчү эмес элең, эмне иш менен келдиң?
– Мм, үйдө бир иш кылайын дедим эле, жездемдин шаймандарын алып турайын дегем.
– Аа, ал, алагой, жездең азыр иш кылбай калды. Темир-тезектин баарын чогултуп койгону болбосо өзүбүз деле пайдаланбайбыз. Баарын эле ар ким келип жасап берет. Анысы жатат тигил жакта эле.
Марат бир аз үйгө керектүү шаймандарды алып чыгып кетти. Бул жакка келбептир, темселеп кайда барды?- жини келип жатты Карлыгачка. Адатта урушуп кетишсе, бир аз убакыт өткөндөн кийин Карлыгач өзү чала турган. Бул жолу минтип дайынсыз кеткени Маратты бир эсе таң калтырса, бир эсе кыжырын келтирди. Үйгө келери менен балдары апасын сурай башташты.
– Апам, качан келет?- деген кичүү баласынын сөзүн Марат укмаксан болду эле, бала бир сурап токтоп калат беле, жанына келип алды.
– Ата дейм, апам качан келет? Апама баралычы...- деп билегинен тарткылап жаткан баласын аяп кетти. Эки күндө кадимкидей жүдөй түшүштү.
– Мындай көк беттикти кайдан жуктуруп алган бул. Издеп барбасам келе калчу түрү жок,- деген Марат убакыт кеч болсо да балдарын кошунасыныкына таштап коюп, өзүн таппасам дагы бирөөнөн сурайм деп Карлыгачтын жумушун көздөй жөнөдү.
Кафе ачык болгону менен, эч ким жок экен.
– Ким бар деп ресепшн тарапка басты. Жооп жок, бирөө-жарым бар да, ачык таштамак беле деп ойлонгон Марат вип кабинка деген тарапка басты. Эшигин тартып көрдү, бек экен. Бирок ичинен үндөр чала-була угулуп жатты. Тыңшап туруп калды. Акыры тааныш үндү укту. Уккан кулагына ишене албай жатты. Эшикти тепкилей баштады.
– Эй, сага эмне керек?- дагдайып көкүрөгү ачылган бир жигит маңдайында турду.
– Турчу биякка!- жигитти түртүп жиберип кабинкага кирип барды.
– Энең дурайындын катыны!- Марат Карлыгачка жетип барып, чачынан кармады...
(Уландысы кийинки санда)