БАТКЕН ЭЛИНЕ МАЙРАМ ТАРТУУЛАГАН КӨК БӨРҮ

Көк бөрү боюнча өлкөдөгү ири мелдештердин бири 9-Май турнири алгач ирет Баткен жергесинде өттү. Кадамжай районуна караштуу Полот хан (мурунку аты Халмион) айылында 1-майда башталган оюндар кызуу жүрдү. Финалдык оюндарды утурлай мен дагы Баткенди көздөй сапар алдым. Бул жолу оюн талаасы, аба ырайы, оюндун нугу, көрүүчүлөр, жеңүүчүлөр, айтор, баары башкача болду. Анда оюндан сүрөт баян болсун!

ЖОГОРКУ ЛИГА

Жогорку Лигада мыкты делген 6 команда катышты. Өз тайпаларында атаандаштарын ишенимдүү жеңип “Сары-Өзөн” – “Ынтымак” командалары финалда кез келишти. Ал эми “Достук” 3-орунду, “Ала-Тоо” 4-орунду ээледи. "Бакубат-Талас" командасы 5-орунду алып Жогорку Лигадагы ордун сактап калууга жетишсе, “Мурас” командасы Жогорку Лига менен кош айтышты.

БУЛЛИТКЕ ЧЕЙИН жеткен «ЫНТЫМАК» – «САРЫ-ӨЗӨН» тиреши

Акыркы 3 турнир удаасы менен “Ынтымак” – “Сары-Өзөн” финалда кез келип жатат. Буга чейин “Ынтымак” командасы атаандашын илгиртпей утуп жатканына күбө болуп келе жатсак, бул ирет финалдык оюн өтө курч өттү. Эки команда тең бири-бирине улакты көп убакытка ээлик кылдырбай жатышты.

“Ынтымактын” оюнчусу Нооруз Раатбек уулунун жаза мамыга чыгып калганынан пайдаланып 1-бөлүм аяктап жатканда “Сары-Өзөн” чабуулга чыгып, 2-номердеги оюнчу Кубаныч Султан уулу эсеп санын ачты. Буга жооп кайтаруу үчүн оюндун 2-бөлүгүндө Нооруз Раатбек уулу ортодон улакты алып, бир нече ирет чабуулчуларга шарт түзүп берди. Бирок “Сары-Өзөндүн” коргонуусунан улам эч ким салым сала алган жок.

3-бөлүктүн 10-мүнөтүндө гана улакты жерден эңген Майрамбек Рысбек уулу Каркыранын аткан октой чуркап бара жатканына карабай, тай казандын тушунан улак менен кошо ыргыды. Эмне деген кооз салым. Эсеп саны 1:1. Кыл чайнашкан кармашуу өкүм сүрсө да оюн аяктаганча эсеп саны өзгөргөн жок.

Кошумча берилген 10 мүнөт дагы кармашуу менен өтүп кетти. Жеңүүчү буллиттен аныкталды. Буллит сериясында “Сары-Өзөндөн” Рустам Тыналиев, Кубаныч Султан уулунун, “Ынтымактан” Майрамбек Рысбек уулунун гана улагы таамай ташталды.

Буллит маалында аттан кулап жаракат алып калган Нооруз Раатбек уулунун ордуна жаш оюнчу Эржан Төлөбеков чыкты, атынын ылдамдыгын башкара албай калдыбы же шашып кеттиби, айтор, анын таштоосу таамай болбой калды. Анын ызасында чек жок эле...

“Сары-Өзөн” чемпион” деп кыйкырган күйөрмандар оюн талаасын каптады. Оюнчулар кубанычтан формаларын күйөрмандарына чечип беришти. Ошентип чемпиондукту бербей келген “Ынтымак” жеңилүү ызасын тартса, “Сары-Өзөн” бир нече жылдан бери суусап жүргөн жеңишке жетти.


Кубаныч Султан уулу, мыкты улакчы:

– Оюн өтө курч болду. “Ынтымак” Кыргызстандагы канча жылдан бери чемпиондукту бербей келген команда. Кармашуу катуу жүрдү. Эми жеңиш биз тарапка ооп туруптур. Мыкты улакчы болом деп күткөн эмесмин. Болгону алгачкы салымды жаратып, командама дем-күч бердим.

“Мындай оюндарды көргөн эмеспиз, бизге ушундай майрам уюштурган, ушул жакка келип көк бөрү ойноп, ат чаптырган балдарыбызга рахмат, өмүрлөрү узун болсун. Оюндар аябай жагып жатат. Көңүлүбүз жай, кубануу менен көрүп отурабыз”,- дейт жергиликтүү тургун Тойлу Сулайманова.

Балдар кызыгып оюн талаасында жаткан улакты кармап көрүп жатышты.

Күн өтө ысык, калканычы жок талаада болсо дагы оюн-зоок көргөнү келген жергиликтүү тургундар өтө арбын болду. Буга чейин көк бөрү көргөнү келген бирин-серин аялзатын көрсөк, бул жолу кыз-келиндер, апалар, аталарды, күндүн ысыгына карабай кичинекей баласын көтөрүп кол чатырга калкаланган эжелерди дагы көрдүк. Элдин жүзүнөн шаттык, кубануу, оюн көрүүгө ынтызарлык байкалып, өзүнчө бир майрамдык маанай жаралып турду.

БИРИНЧИ ЛИГА. “АЛАЙ” ЧЕМПИОН!

Биринчи Лиганын мыктысы аталуу үчүн жолдун алыс экенине карабай өлкөнүн бардык бурчунан келген 20 команда ат салышты. Алардын арасынан суурулуп жаңы эле түптөлгөн жаш командалар “Алай” жана “Көк бөрү мектеби” командалары финалга чыкты. Эки команда кызуу тирешти, бирок “Алай” 5-1 эсебинде жеңип, Жогорку Лиганы көздөй сапар алды. “Алай” ушул темпи менен барса Жогорку Лигадагы командаларга оңой эмес атаандаш болчудай. Жаңы эле түптөлгөн “Көк бөрү мектеби” үчүн 2-орун дагы чоң жетишкендик. Ал эми 3-орунду “Өзгөн”, 4-орунду “Бакай-Ата” командасы ээледи.

Мыкты улакчы – Баяман Муралим уулу, «Алай»;

Мыкты аргымак – Аякс, «Көк бөрү» мектеби.

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1014, 13-19-май, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан