Султан Садыралиев, ырчы: «АСЕЛ МЕНИ ТАҢ КАЛТЫРГАНДАН ТАЖАБАЙТ»

– Куш келипсиздер! Жакында “Биздин сүйүү” ырыңыздар клиби менен чыкты. Бул дуэт кантип жаралып калды?

Султан: – Кандайсыздар? Биздин баш кошконубузга 12 жыл болду. 12 жылдан бери Аселдин үйдө, караокеде ырдаганын угуп, дайыма “экөөбүз бир күнү дуэт жаздырабыз” деп айта берчүмүн. Ошол күн келип ырдап калдык. Клиптин идеясы Аселге таандык. Мени сакалчан, чачымдын артка таралганын көргүсү келди. Ырдын элге жагып жатканы бизди кубандырат.

– Асел айымды көпкө көндүрдүңүзбү?

С.: – Ооба, көпкө көндүрдүм.

– Сиз эмнеге көнбөй жүрдүңүз? Жолдошуңуз сизди жакшы ырдайт деп жатат...

Асел: – Мен өзүмө андай баа берген жокмун. Ырдайлы дегенин тамаша катары көрчүмүн. Бул ырды алгач ырдап көргөндө өзүмө үнүм жакпай койду. Анан 3 ай вокалга бардым. Азыр “үнүң назик, жагымдуу экен” деген жакшы комментарийлерди окуп жатабыз. Мындай болот деп ойлогон эмесмин.

– Ырчылыктын эмнеси кыйын экен?

А.: – Ыр жаздыруу кыйын болду. Дикцияңды, ар бир сөздүн айтылышын иштеш керек экен. Туура айтып жатам деп ойлой бересиң, жаздырганга келгенде туура эмес болуп калат тура. Ар бир тамганы кылдаттык менен айтып үйрөндүм. Энергияңды, жан дүйнөңдү салып элге жеткирүү кыйын болду. Балким, биринчи жолу ыр жаздырганга оор болду окшойт. Султан бир эле жолу ырдап жаздырып койду.

– Жубайың менен ырдаган, клипке тартылган кандай экен?

С.: – Мен аялзаты менен кучакташып клипке түшүп көргөн эмесмин. Эмнеге кучакташып бир кыз менен клипке түшсөм болбойт деп ойлоп койчумун. Анан ал ролдо келинчегимди элестетип жүрдүм, ошентип элестеткенимди аткардым.

– Мындан ары да чогуу ырдайсыздарбы?

С.: – Чогуу ыр жаздырып укмуш болуп кетели деген оюбуз жок. Бул дуэт эстелик болсун деп гана ырдап, клип тарттырдык.

– Асел айым, сиздин ырдап чыккыңыз келеби?

А.: – Аны айта албайм. Бул аябай татаал жол. Менин андайга күчүм жетпейт деп ойлойм.

– Инстаграм баракчаңыздарды караганда азыр сүйүүңүздөр күчөп жаткандай сезилет...

С.: – Биздин сүйүү башынан эле ушундай. Болгону Инстаграм аркылуу дайыма көрсөтүп турбайбыз.

– Чогуу түтүн булатканыңыздарга 12 жыл болуптур. Бул жылдар ичинде ким кандай өзгөрдү?

А.: – Экөөбүз тең өзгөрдүк. Султан мурда шашма болсо, азыр токтоо. Мурда тез чечим кабыл алса, азыр көп ойлонуп кабыл алат.

С.: – Асел көп өзгөргөн жок. Асел дайым эрке, менин эркем. Мектеп учурунда эле мага эркелечү. Экөөбүз бир мектепте окуганбыз. Ошондо деле өзүм жебесем да, ушул кызга араң таап балмуздак же шоколад алып келип берчүмүн. Анда бул 7-класста, мен 9-класста окучумун. Ошол күндөн ушул күнгө чейин Аселди көргөндө көзүм жанып сүйүп турам. Бул сезимдер керемет, сөз жетпейт. Ушул өчпөсө экен дейм.

– Кантип эркелейт?

С.: – Асмандагы жылдызды алып бер дебейт. Өзүнүн жүргөн-турганы эрке. Бала кезден эркелеген, назик адамдын жолдошу болсом деп кыялданчумун. Кыялдарым ишке ашып, ушул күндө жашап жатабыз, Кудайга шүгүр.

– Султан мырза дагы эркелейби?

А.: – Бул деле эркелеп калат. Айрыкча гастролго, алыс сапарга чыгып келгенде чарчайт. Ошондо чарчадым деп улуу баламдай эркелейт.

– Бири-бириңиздерди эмне деп эркелетесиздер?

С.: – Бири-бирибизди жаным эле дейбиз. Күчүгүм, мышыгым деп эркелеткенди жактырбайм. Татынакай жаныңды күчүк, мышыкка теңегендин кереги эмне? Жаным, жан биргем деп турсаң, мындан ашык эмне керек? Жетет ошол.

– Кызганычтар азыр да болуп турабы?

С.: – Чыныгы сүйүү бар жерде кызганычтын кереги жок. Кызганыч психикалык дарт.

– Үйдөгү гармониянын сакталышы үчүн эмне керек экен?

С.: – Эң биринчи чыныгы сүйүү керек. Бири-бириңден тажабаш керек. Ал үчүн баш кошордо “бул адамдан тажабаймбы” деп ойлонуп чечим кабыл алыш керек. Мен үйлөнүп жатканда тажабасымды сезгем. Биздин сүйүү жылдан жылга күчөп жатат. Атайын күчөсүн деп аракет жасабайбыз. Болгону жакшы сезимдер бар, жыл өткөн сайын күч алгандай сезилет. 4-5 жыл мурун “жиндиге окшоп өзүмдүн аялымды сүйүп калып жаман болуп жүрөм” деп Аселге тийише берчүмүн.

– Ошондо сүйүү эле жетиштүүбү?

С.: – Ооба, сүйүү жетет. Сүйүү, тынчтык, сый-урмат болсо болду. Материалдык байлык маанилүү эмес. Канча бай болсоң деле сүйүү жок болсо ал жашоо эмес. Бири-бириңди сүйсөң, үңкүрдө деле өмүр сүрсөң болот.

А.: – Акылды да, жүрөктү да бир алып жүрүш керек. Эки кишинин алдыга койгон максаттары, көз карашы, баалуулуктары бир болушу керек.

– Бири-бириңиздерди аябай жакшы таанып калдыңыздар болуш керек, сүрөттөп берсеңиздер.

А.: – Жогоруда айткандай, өзгөрдүк. Султан азыр уруш-талашты жактырбайт. Мурун бир нерсени далилдегиси келе берчү, азыр антпейт. Өз баасын билет. Камкор ата. Аталык да, эр катары да милдеттерин жакшы билет, жакшы аткарат.

С.: – Асел ичи, сырты төп келишкен адам, ичи да , сырты да назик. Ата-энеси мага тарбиялап бергендей, мен үчүн жаралган адамдай сезилет.

– Султан мырза жакшы сөздөрдү айтып эле алдап коёт окшойт сизди?

А.: – Ооба, сөзгө чечен. Алдангым эле келет менин деле (күлүп).

С.: – Алданганы да жагат. Баары жагат мага.

– Ким көп таарынтат?

С.: – Мен таарынтам.

– Катуу сүйлөп аласызбы?

А.: – Катуу сүйлөбөйт. Кээде бир нерсени унутуп каласың, жетишпей каласың, анда да урушпайт, мейли эми деп коёт. Кээ бир даталуу күндөрдү унутуп, маани бербей коюшу мүмкүн, же келем деп келбей калат. Ошондойдо бултуңдап-тултуңдап калам. Анан таттуу сөздөрү менен алдап коёт.

– Бири-бириңиздерге белек берип, сюрприздерди жасайсыздарбы?

А.: – Султан көп эле белек берет. Мага анын баары маанилүү. Белектерден дагы анын кылган жылуу мамилеси мен үчүн кымбат.

С.: – Мени таң калтыргандан тажабайт бул айым. Ушул сүйлөм менен баары түшүнүктүү болсо керек.

– Сүйүүңүздөр өчпөсүн!

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1014, 13-19-май, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан