Кино жана подиум жылдызы ЛИ СУ ХЁК

Каарманымды бакыраң көз жигит деп сүрөттөсөм, “корейлер кантип эле бакыраң көз болсун?” деп ишенбегендер чыгышы мүмкүн. Бирок Ли Су Хёктун атактуулугуна бакыраң көзүнүн кошкон салымы бар. Модельер-дизайнерлер анын корейлерде көп кездешпеген келбетине карап шоу-бизнеске жетелеп келишкен. Азыр 34 жаштагы түштүк кореялык актёр, модель Ли Су Хёктун дүйнөнүн ар тарабында миллиондогон күйөрмандары бар.

Туулган жери: Түштүк Корея, Квачон

Туулган жылы: 1988-жыл, 31-май

Жылдыз белгиси: эгиздер

Бою: 184 сантиметр

Кесиби: актёр, модель

Тартылган белгилүү сериалдары: “Идол-вампир”, “Подиумдагы полиция кызматкери”, “Жогорку мектептин падышасы”, “Түнкүсүн сейилдеген окумуштуу”, “Бир күнү кыйратуучу эшигимди тыкылдатты”, “Кайра төрөлгөндөр”, “Эртең” жана башка

КАРЫНЫН СӨЗҮН КАПКА САЛ!

Ли Су Хёкту калжаңдаган, жеңил-желпи же болбосо эмоциясын жашыра албаган кызуу кандуу каармандын образында көрө элекмин. Балким, андай деле образдары бардыр. Бирок мен аны токтоо, айрым учурда “муздак” ролдору менен тааныйм. Ошон үчүн да ага вампир сыяктуу фантастикалык каармандардын ролу куп жарашса керек. “Режиссёрлор көбүнчө оң каармандардын ролун сунушташат. А мен элдин кыжырын кайнаткан терс ролдорду да аткаргым келет” дейт актёр өзү. Су Хёк кичинесинде эле жоош, токтоо болсо керек деген да ой келет. Мектеп курагында эң мыкты болбосо да жакшы окуганга аракет кылчу. Апасы уулу менен кызын ар тараптуу багытта өнүктүрүүнү каалаган. Андыктан окуудан бош учурунда Су Хёк сууда сүзгөндү үйрөнчү, андан тышкары фортепиано, флейта ийримдерине барышы керек эле. Өспүрүм курактагы жигит үчүн спорт менен музыкага караганда достору менен сүйлөшүү, көңүл ачуу биринчи орунда да. Мунун айынан апасы экөөнүн ортосунда келишпестиктер чыгып, Су Хёктун окуусу да начарлап кеткен. “Ал кезде апам ар бир кадамымды көзөмөлгө алып, андан улам аба жетпегендей кысыла берчүмүн. Өспүрүм курактын кооптуулугу – балада жаңы аң-сезимдин, өзүнө тиешелүү жаңы мыйзамдардын калыптана башташы, эскиге каршы чыгуу сезимдеринин ойгонушу окшойт. Азыр апамдын ошол кездеги өжөрлүгүнө, мени ой-боюма коюп койбой келечек үчүн куруп берген пайдубалына ыраазычылык билдирем. Сууда мыкты сүзөм, аз да болсо эки музыкалык аспапта ойной алам. Баарынан жакшысы, билгендерим актёрлук карьерама кереги тийгенде сүйүнүп калам”,- дейт. Окурман, эгер сизге да ата-энеңиздин айтканы жакпай, алардын айтканын жасагыңыз келбей жатса, Ли Су Хёктун өмүр баянын окуп коюңуз. Сиз да келечекте ийгилик жаратып, ата-энеңизге ыраазычылык айта турган күн алыс эмес.

МОДЕЛЬ+АКТЁР

GQ, Bazaar, Elle сыяктуу белгилүү журналдардын башкы бетинен түшпөгөн жигит биринчи жолу 17 жашында белгилүү корей дизайнеринин чакыруусу менен подиумга чыккан. Айлап созулган мода көргөзмөлөрү, фотосессиялар, көптөгөн бренддердин жүзү кылган жарнамалык роликтер... Мунун баары жаш жигиттин ысымын калың элге тааныткан. Моделдик бизнеске оңой аралашканы менен, кино тармагы Су Хёктон убакытты жана тажрыйбаны талап кылды. Буга чейин майда-чүйдө ролдорго тартылып жүргөнү менен, расмий актёрдук дебюту 2010-жылы гана болгон. 2011-жылы “Идол-вампир” сериалына тартылуу менен Су Хёкту актёр катары да кабыл алгандар көбөйгөн. Андан бери жылдар өттү, жигит моделдин, полиция кызматкеринин, студенттин, тергөөчү, музыканттын, вампирдин, киши өлтүргүчтүн, сүрөтчүнүн, окумуштуунун, айтор, ар тармактуу образдарды жаратып, өз элинин эле эмес, чет элдиктердин да сүймөнчүк актёруна айланды.

ЖӨНӨКӨЙ, УЯЛЧААК СУ ХЁК

Карьерасында канчалык бийиктикти багынтып, дүйнөлүк атактуулукту багынтпасын, Ли Су Хёк жөнөкөйлүк сапатын сактап калган. Муну мектептен бери достугун үзбөй келе жаткан достору бир ооздон айтышат. Мода деп эле толгон-токой кийим ала бербейт, ыңгайлуу, жарашса болду дейт. Бери жакта туруп “ананчы, Ли Су Хёкко кайырчынын кийимин кийгизсе деле саркеч көрүнүп калса керек” деп мага окшош ойлонгондор болсо керек, ээ? Актёрдо кичинесинен уялчаактык мүнөз бар. Өзүн ашыкча мактаганды жактыра бербейт, жасаган иши көзгө көрүнсө болду. Анан да жеке жашоосун мода көргөзмөлөрү сымал подиумга алып чыкканды жаман көрөт. Айымдар менен болгон мамилесинде актриса, модель Ким Мин Хи менен 3 жылга жакын кыз-жигит мамилесинде жүргөнү гана маалым. Андан бери жигит папараццинин камерасына илине элек.

СУ ХЁК ТУУРАЛУУ КЫСКАЧА

  • Шоу-бизнесте “Big Bang” тобундагы G-Dragon менен T.O.P’ту жакын досторум дейт.
  • “Америкалык топ-модель” шоусунун 21-сезонунун финалына катышкан.
  • «Gavy NJ» жана «2NE1» жана башка топтордун клиптерине тартылгандан кийин “актёр болом” деген чечимге келген.
  • Adidas, Bulgari, Nivea Men сыяктуу дүйнөлүк компаниялардын расмий өкүлү, жүзү.
  • “Өзүңүздүн кайсы жериңиз жагат?” деген суроого дайыма “үнүм” деп жооп берет.

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1014, 13-19-май, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан