МАЙ ТАМАНДУУЛУК ТАР БУТ КИЙИМДЕН ДА КЕЛИП ЧЫГАТ

“Тамандагы сөөк, байламта, тарамыш, булчуңдардын баары басканда, чуркаганда, айтор, кыймыл-аракет жасаганда денени кармап турууга керек. Таман баланын башка органдары менен кошо өсүп жүрүп отурат. Айрым бир себептерден улам жаш балдарда май тамандуулук жаралат. Эгер аны убагында айыктырбаса кийин кеч болуп калат”,- дейт Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун балдар ортопеди Анвар Халилов. Адис балдардагы май тамандуулук боюнча маалымат берди.

МАЙ ТАМАНДУУЛУКТУН СЕБЕПТЕРИ

1. Тукум куучулук. Байламталар өтө эле серпилгич болуп, сөөктөрдү калыптагыдай кармай албай калат.

2. Таманга күчтүн көп түшүшү. Буга баланын ашыкча салмагы, баланы убактысынан эрте там-туң тургузуп, бастыра баштоо, баланын өтө активдүү болуп ашыкча басып, чуркоосу кирет. Айтылгандар кубатка али кире элек булчуң, тарамыштарга күч келтирет да алар чоюлат, таман жалпая баштайт. Ушул жерден кошуп кетчү нерсе, оор жүк көтөрүп жана туруп иштеген чоң адамдар да май тамандуулуктан жабыркашат. Мисалы, тиш доктур, чачтарач, сатуучу, наабайчылар, куруучулар.

3. Сөөктөрдөгү минералдык элементтердин жетишсиздиги. Буга көбүнчө D витамининин жетишсиздиги жана итий оорусу себеп болот. Булардан улам баланын организминдеги кальций-форфордун алмашуусу бузулат да сөөктөр жумшарып, таман жалпаят.

4. Сынык. Томук, согончок же манжалар сынып туура эмес бүтүп калса да май тамандуулук жаралышы ыктымал.

5. Шал оорусу (полимиелит). Балдардын таман коңулдарын туура абалда кармап туруучу булчуңдардын тарамыштары жабыркагандан да аталган дарт жаралат.

6. Бутту кысчу бут кийимдерди көп кийгизүү.

ТҮРЛӨРҮ

1. Тамандын туурасынан жалпайышы;

2. Узунунан өсүп кеткен таман;

3. Экөө аралашкан түрү.

ДАРТТЫН ЖАЛПЫ БЕЛГИЛЕРИ

• Буттагы оорутуу;

• Буттун бат чарчашы, өзгөчө тумшугу ичке бут кийимде;

• Согончокто, тизедеги, белдеги оорутуу;

• Тамандын ылдый жагынын шишиши;

• Бир орунда тик туруунун кыйындыгы;

• Буттагы баш бармактардын кыйшайышы;

• Бут кийимдин таманынын ички тарабынын жешилип калышы.

ДАРЫЛОО

Балада май тамандуулук билинер замат врач-ортопедге алпарып, текшертүү зарыл. Баланын жашына, дарттын даражасаны карата врач дарылоо ыкмаларын сунуштайт. Дарылык физкультура, атайын көнүгүүлөр буттун булчуңдары менен байламталарын чыңдайт. Ошондой эле бутка күн сайын жылуу ванна жана массаж жасоо (укалоо, сылагылоо, сүргүлөө) керектелет. Көбүнчө таман менен балтырга массаж жасоо кажет. Акыркы кездерде балдар арасында май тамандуулук көбөйүп баратат. Андыктан ата-эне баласынын таманына, кийген бут кийимине да көңүл буруусу зарыл.

Дарылоо ыкмалары

• Дарылык дене тарбия, атайын көнүгүүлөр, сууда сүзүү, массаж, бутка ванна

• Витаминдер

• Убактылуу гипске таңуу, бут кийимге атайын батек (супинатор) салуу

• Ортопедиялык бут кийим кийгизүү

Май тамандуулуктун белгилери билингенде бутка күч келтире турган оюндарга, мисалы, чуркоого, коньки тебүүгө тыюу салуу керек. Жылуу кезде кумда, жумшак жерде жылаңаяк басуу да пайдалуу.

“ДАРТТЫН БАР ЭКЕНДИГИ БАЛА 5 ЖАШКА ЧЫККАНДА БИЛИНЕТ”

– Ымыркайдын сөөктөрү жумшагыраак, ийилчээк, тарамыштары серпилгич, булчуңдары анча өсүп жетиле элек болот. Тамандары жалпагыраак келет, бул физиологиялык норма. Амортизатордун ролун тамандын ортосундагы май “жаздыкча” аткарат. 7-9 айында балдар бир нерсеге жабышып турганга, тең салмагын сактоого аракет кыла башташат. Ошол кездерде тамандын түзүлүшү өзгөрүп, калыптагы таманга окшошо баштайт.

2-3 жашта сөөк ткандары катууланып, булчуң, тарамыш, байламталары бекем болуп калат. Таман сөөктөрү көп кыймылдап баштаган баладагы талапка ылайык өзгөрүп, тамандагы чуңкур билине баштайт. Бала 5 жашка жеткенде таманы толук калыптанып бүтөт. Бирок бул айрымдарда 10 жаштарга чейин созулушу мүмкүн. 5 жашта балада май тамандуулук бар же жок экендиги так билинет.

Негизи эле таман калыптанып жаткан процесс мезгилинде баланын сөөк-булчуңдарына көп күч келсе, тамандын түзүлүшү өзгөрүлүүгө учурап, май тамандуулук келип чыгат. Май тамандуулукту чынында жалпак тамандуулук деп атасак туура болот. Жалпак тамандуулук омуртканын, буттун сөөктөрүнө күч келтирип, алардын туура иштешин да бузат.

Май тамандуулук – бир же эки буттун тең таманынын жалпак болушу. Тамандын ички коңулу (чуңкуру) жоголуп, басканда таман толук бойдон жерге тийип калат.

ДАРАЖАЛАРЫ

1-даражасы. Таман жалпайган эмес, бирок байламталары начар, алсыз. Бир бутка күч салып узакка турганда, анан кечки убак буттарда оорутуу сезилет. Эс алгандан кийин оорутуу билинбей калат. Айрымдарда басыктын өзгөрүлүшү байкалат.

2-даражасы. Сырттан караганда эле тамандын формасынын өзгөрүшү билинет. Буттагы оорутуу тизеге чейин берилип, оорутуу дээрлик дайыма сезилет. Басык өзгөрүлөт, бут ийри тартат.

Бала көп басуу, чуркоодон качып отуруп ойнолуучу оюндарга, мисалы, кумда ойноого, бурчта оюнчуктар менен отуруп ойноого ыктай баштайт.

3-даражасы. Тамандын формасы, басык өзгөргөндөн тышкары муун, тизе, бел, омуртка да ооруйт. Буттун манжалары ийрийип, тамандан башталган оорутуу жамбашка чейин берилет. Бир аз басканда эле оорутуу күчөйт. Кадимки бут кийимди кийүү мүмкүн болбой калат.

Тамандын бузулушу муундар менен шыйрактын бузулушуна да алып келет. Бара-бара муун оорулары жарала баштайт. Андыктан май тамандуулуктун алдын алуу жана өз убагында дарылоо маанилүү. Тамандын сөөк ткандары толук бойдон 14 жашта катып бүтөт. Мындан кийин май тамандуулукту дарылап айыктыруу мүмкүн эмес. Болгону тамандын андан ары бузулушунун гана алдын алса болот.

ДАРТТЫН АЛДЫН АЛУУ

1. Баланын бутуна чак, кенен да эмес, бутун кыспаган бут кийим кийгизүү.

2. Кыймылдуу оюндарды ойнотуу, кумда, чөп жана майда шагыл үстүндө бастыруу.

3. Баланы керектүү салмагынан ашырбай багуу.

4. Туура жана витаминдүү тамактандыруу, организминде кальций, фосфордун жетиштүү болушуна кам көрүү.

5. Тубаса түрү менен туулуп калган балдарга убагында операция жасатып, таман формасын түздөтүү зарыл.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1014, 13-19-май, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан