(Башы өткөн сандарда)
Уулу Эркин менен Айсулуунун баш кошо турганын баарынан кеч Аскар укту. Билди да, аюудай айкырып баштады. Өзү да жашоосуна нааразы болуп турган неме болгон жинин чыгарды. Муну аялынан укту. Сүйүн айласы кеткенде бир акыл табабы деп Аскарга айтканга аргасыз болду.
– Энеңди гана урайын, мен ошол балаң үчүн кандай гана курмандыкка бардым?! Өмүр бою тапкан-ташыганымды бирөө менен бөлүшкөнгө туура келди. Компания ошол акылсыз балаң үчүн азыр ушул акыбалда. Анысы аз келгенсип сен болгон мүлктү балдарыңа каттатып койдуң. Баарына көзүмдү жумдум, баарына мейли дедим. Мен жакшы ата боло албасам кантейин дедим. Эми жетет да, ия? Менден эмне каалайсыңар силер? Өлүмүмдү каалайсыңарбы? Андан башка менин эч нерсем калган жок. Эки кызың тигинтип... Мен эмнеге бала чоңойттум, баары башыма балээ болду. Ушунун баары сенин айыңдан...
Аялы Сүйүн карап туруп башын чайкады. “Ушунун баары сенин айыңдан...” Бул сөздү 30 жыл жашап канча жолу укту. Эмне окуя болсо да Аскар үчүн бул дүйнөдө бир күнөөлүү адам бар. Ал Сүйүн! Эркиндин тагдыры, андан кийинки жолу тууралуу эч ойлонуп койбоду бул адам. Болгон дарты акча, мансап, аброй. Мындан акыл сурап чакырган өзү да келесоо... Оор үшкүрүп алды.
– Сен кыйкырганыңдан бир нерсе өзгөрүп кетеби эми? Бир чечим чыгарыш керек го.
– Эй, мээси жоктор, балаң экөөңдүн тең тооктукундай мээңер жок! Ал кыз азыр билбейт экен, өмүр бою билбей калабы? Атасы кантип өлгөнүн билбей калат деп жатасыңарбы? Эй, силер от менен ойноп жатасыңар, дүрт этсе, ал от баарыбызды күйгүзөт. Эч нерсебиз калбайт. Эң биринчи менин атым күйөт.
– Менин балдарымдан башка ансыз деле эч нерсем жок. Мен Эркинди сактап калыш керек деп жатам. А сен атым эле, атым дейсиң...
– Ооба, сенин жогото турган эч нерсең жок. А меники бар! Ушунча жылдан берки саясаттагы ордум бар, атым бар, байлыгым бар, аброюм бар. Сага баары бир! Көк мээ Эркинге да баары бир. Ошол үчүн ушул кадамга барып жатасыңар да. Болбосо... Айт, акмак уулуңа! Ушунчасында тизгинин тартсын! Жоголсун, Кореяга кирип кетеби же Америкасынабы...
– Килейген баланы мен кантип кетире алам? Чогуу сүйлөшөлү. Бул кадам жаңылыш экенин айталы. Мен кийинки турмушу эмне болот деп коркуп жатам.
– Мен колума тийсе өлтүрүп койгум келип жатат, сүйлөшмөк тургай...
– Мени укпай жатканы үчүн сени чакырдым.
– Сенин балдарың, калкалап сөз айттырбай жүрүп сен ушундай кылдың! Менин жашоом башка, жаш аялым бар, дагы балдарым болот. Өзүңөр чечкиле!
Сүйүн мыскыл жылмайды.
– Эмне жылмаясың?
– Аскар, сен аялың кайда, эмне кылып жүргөнүн билесиңби? Өзүң айткандай, жаш аялың... Менимче, төрөсө жакшылап карап кой баланы, сеники болбой калышы мүмкүн.
– Эмне-е?
Сүйүн телефонун алып Аскардын бетине жакындата берди. Кафеде боёнуп, ачык кийинген Марал, бир-эки курбусу жана далысын салып отурган жигиттер менен түшкөн сүрөтү эле. Маралдын кызымтал болуп турганы билинип турат. Бокал кармап каткырып турат. Кечээ тартылыптыр. Сүрөттүн алдында дата турат.
– Энең десе, муну кайдан таап алдың? Менин жашоомду дагы деле текшерип жүрөсүңбү сен? Дагы "кызганбайм" деп коёт... Жөнөт мага...
– Мен сенин жашооңду эмне кылайын, сенин талаша турган жериң калдыбы? Сенин “жакшы санаалаштарың” бар, мага ушундай сүрөттөрдү жиберип турушат. Карачы мурунку күйөөң кандай жыргап жашап жатат деп... Муну көрсөтпөйт деле болчумун, сөздөн сөз чыкты. Эмнеси болсо да азыр маселебиз башка...
Аскар сүрөттү теше тиктеген боюнча калды. Чын эле, Маралга ишенүүгө болобу? Кылтыңдап турган, жаштыгы денесине батпай турган немени бош койду го. Сүйүнгө ишенгендей ага ишенсе болобу? Шек түшкөн жаман нерсе, ичиңди курттай жеп, жаныңды кейитип, тез эле шелпейтип коёт. Эркинден да мурун Марал оюнан кетпей калды Аскардын.
– Аскар дейм!
– Эмне?
– Эркинди токтотушубуз керек.
– Өлүп кеткиле, маа демектен...
Күңкүлдөп алып чыгып кетти. Рулга отурду, машинесинин ачкычын унутуп коюптур, кайра кирип алып чыкты. Көз алдында сүрөт. Өзү иш сапары менен кеткенине төрт күн болгон. Ошол учурда Марал... Биринчи жолу кыжалат болду. Маралды катуу сүйгөндөн деле эмес болчу. Көнүмүшкө айланып, мээсинде башкалардын образы пайда боло баштаган. Ошентсе да аялы. Жаман болуп жүрөгү дүкүлдөп чыкты.
Үйүнө барды. Марал жок экен, кечки саат сегиз. Күткөн сайын тынчы кете баштады. Тырышып телефон да чалган жок. Бир маалда эшик ачылып Марал көрүндү. Дагы бир кечеден келе жатканы билинди. Үстүндө кыпкыска көйнөк, чачтары жайылган, көздөрү кылгырат.
– Аа, котик, это ты?
– Котик эмесмин сага!
– Лев!- деп койду Марал ого бетер жанын кашайта шылдыңдай.
– Эй, кайда жүрөсүң, мага ошону айтчы!
– Хм, кайда жүрдүм? Эс алып жүрдүм.
– Ким менен?
– Кыздар менен.
– Кечээ эмне кылып жүрдүң эле?
– Эс алып жүргөм. Эмне болду деги?
– Мына, бул болду!- деп телефонундагы сүрөттү бетине кармады. Марал карап туруп күлүп койду.
– Бул жерде эмне бирөө менен жатып алганым турабы? Жөн эле эс алып жатам. Көрүнбөй турабы? Успокойся...
Аскар сөз таба албай калды. Жаштык деми менен көзүнө тик карап турган аялдын көз карашы демин кесип койду. Бул сары ооз балапанды эмне кылыш керек? Бир уруп өзүн көрсөтүп койгусу келди, бирок ал оюнан баш тартты. Буга баары бир жеткире албасын түшүндү. Марал көздөрүн кылгырта карап койду эле, бардык нерсени унута түштү. Толук унутпаса да жини тарай түштү. Ушул учурда телефону шыңгырады. Альфия экен. Албай койгусу келди эле, Альфия акылдуу аял экенин эстеп кетти. Балким, бир айласын ушул табат. Ал деле мурунку ойношунун баласына кайын эне болгусу келбесе керек. Сүйлөшүп, жолуга турган болушту. Аскар өзгөрүлүп калыптыр. Картая түшкөндөйбү же санаа жеп турабы? Альфия баары бир ушул кишиге сезими калганын байкады. Жүрөгү дүкүлдөп барып басылды. Өзүн араң колго алды. Жаш аял алганын да уккан. Ызасын билгизбей жылмайган болду.
– Кандайсың?- деп суз учурашты Аскар.
– Жакшы.
– Эмнеге чакырдың?
– Жакында сенин уулуң менен менин кызымдын үйлөнүү тою болгону жатат. Сенин кабарың барбы?
– Бүгүн уктум.
– Бул мүмкүн эмес!
– Билем.
– Уулуң менен сүйлөш. Токтотсун.
– Сен кызың менен сүйлөштүңбү?- деди Аскар.
Альфиянын чекеси тырыша түштү. Болгон намысын, үй-бүлөсүн, кызын ушул киши үчүн курмандыкка чалганын азыр түшүндү. Баасы ушул мыскыл көз караш беле? Ушунчалык өкүндү.
– Билесиң, сенин айыңдан кызыма тилим өтпөй калган.
– Сенин айыңдан... Эмнеге баарына мен күнөөлүүмүн? Өзүңөрдүн күнөөңөрдү бирөөгө оодара койгонго машсыңар... Мага экинчи антип айтпа. Баары өзүңдүн каалооң менен болгон, колуңдан тартып зордогон эмесмин.
Экөө урушуп кетишти. Эч нерсе деле жыйынтыкка келген жок. Ортодо кара булут жылып келе жаткандай бир коркунуч кала берди.
ххх
– Эртең никебиз катталат. Кечинде башка өлкөдө болобуз. Билеттерди алдык,- деди Эркин.
– Жакшы.
– Бактылуусуңбу?
– Бактылуу болобуз.
– Мага Москвадан жумуш чыгып жатат.
– Айткансың...
– Кааласаң сага да жумуш карап көрөбүз.
– Жок, мен үйдө эле отургум келет.
– Көп саякаттайбыз...
– Акчабыз жетеби?
– Сен ал жагын ойлонбо. Мен мыкты компанияга кирдим. Резюмемди көрүп дароо жактырышты. Маянам жакшы.
– Жашай турган үйүбүзчү?
– Досумдун үйү бар, бизге бошотуп берет.
– Макул.
Айсулуу бир учурда коркуп да, бактылуу да болуп турду. Коркуусун ишеними жеңип кетти. Өзүн кучактап турган ушул колдор ишеним берди.
– Сени сүйөм!- деди жигиттин көзүнө карап туруп.
– Мен сени миллион жолу сүйөм!
Эркинден бактылуу адам жок болчу. Айсулуу менен жолугуп үйүнө келгенде Аскардын машинеси турганын көрдү. “Башталды” деди ичинен күбүрөй. Апасына жини келди, андан башка эч ким билчү эмес. Билеттерди машинесине калтырды.
– Эмнеге ошол кыз?- деди атасы.
Эркин ийинин куушурду.
– Атайын мага өчөшүп кылып жаткан болсоң артыңа кайт. Өзүңө эле жаман болот.
– Ха-ха-а. Эмнеге баары сизге тиешеси бар деп ойлойсуз, бул аалам сиздин тегерегиңизде айланат деп ишенесиз?
– От менен ойноп жатасың.
– Билем.
Аскар ушундай болорун билген. Бул бала баары бир сөзүн укпайт. “Буга корогон кайран гана акча, билим алсын деген мен келесоо. Тээ Нарындын тоосунда койчу кылып коюшум керек болчу. Окутуп адам кылсаң, сага душман болуп чыга келет” деп ойлоп турду кыжырлана.
– Ата, сөз коротуштун кажети жок. Мен Айсулууга үйлөнөм. Экөөбүз жаңы жашообузду баштайбыз. Мага ал кыздан башка эч нерсенин кереги жок. Мен бактылуу болом. Көрөсүңөр, бактылуу болобуз. Коё бергиле бизди...
Сүйүн башын чайкады. Эркинди токтото албайт болчу эч ким...
(Уландысы кийинки санда)