Аскат Сулайманов, актёр: «УКТАП ТУРСАМ ЭЛЕ ЖЫЛДЫЗ БОЛУП КАЛЫПТЫРМЫН»

Атактуулук ар кимге ар кандай таасир берет. Канчалык атактуу болсо дагы турган турушу менен жөнөкөй адам актёр Аскат Сулайманов азыр тартылып жаткан кинолордун дээрлик баарында бар. Театрда болсо эбак эле эмгеги сиңип калган актёр. Актёрлук өнөрдү ал бала чагынан бери эңсеп келгенин айтат. Бул жолу Аскат Сулаймановдун өнөр жолу кандай болгонун, алгачкы жолу кантип киного тартылганын, устаттары тууралуу жана ордун баса турган уулу тууралуу баяндайлы.

“АПАМ ЫЙЛАП БАТАСЫН БЕРГЕН”

- Кичинемде милиционер же актёр болом деп кыялданчумун. Тилекке каршы, милиционер болбой калдым, бирок 11 тасмада бул кесиптин ээси катары роль ойнодум. Түбүм Чүйдөн, бирок Ысык-Көлдүн Балыкчы шаарында чоңойдум. Алгач өзүмдүн кызыгуум менен эле Балыкчы элдик театрында кичине балдардын ролун ойноп жүрдүм. 11-классты бүтүп жатканда Манас атанын 1000 жылдыгы болуп Таласка барып, спектаклге катышкам. Анда “Балдар арасындагы эң мыкты роль” деген сыйлык алдым. Кесип тандоо деген нерсе маселе болуп, кайсы тармакка кетеримди билбей турганда актёрлуктан сыйлык алганым таразанын ташын оодарып жибергендей болду. Актёрлук кесипти тандап, Алматы шаарындагы Т.Жургенов атындагы жогорку театралдык окуу жайга тапшырып, окуп бүттүм.

“Актёрлукту тандайм” дегенде үйдөгүлөр каршы болушту. “Биздин тукумда актёр жок, алар цыгандай болуп көчөдө эле жүрө беришет” деген пикирлер күчтүү эле. Апам да ошентип туруп алды. Ошондо “актёр болбосом, мына” деп үйдөн качып кеттим. Бир жума дос балдардыкында жүрдүм, анан милиция кызматкерлери мени кармап, кайра апамдын колуна салып беришкен (күлүп). Апам отургузуп алып айтты. “Адам болсун десем болбой койдуң, кийин мага эч нерсе деп айтпа” деди. 1999-жылы Кыргыз драма театрында мен роль ойногон биринчи спектакль болду. Дипломдук ишим эле. Апам, бардык туугандарым келип көрүштү. Менин роль аткарганымды көрүп апам ыйлады. “Мен сенин тагдырыңа балта чапмак экенмин, өз кыялың менен кеткениң үчүн азаматсың. Эми ушул кесиптин өтөсүнө чык” деп батасын берди.

Кичине кезимде мен үчүн Сүймөнкул Чокморовдон башка кыргызда актёр жоктой сезилчү. Ушунчалык таасирленгем, ал киши идеалым болчу. Театрга келгенде Чокморовдон башка да мыкты актёрлор бар экенин көрдүм. Алардын көбү менен иштешип калдым. Советбек Жумадылов агабыз баштаган залкарлардын алдына чыга алчу эмеспиз.

“ДЕМ ТЕАТРЫНА АЛТЫНЧЫСЫ БОЛУП КИРГЕМ”

- "Дем” театрына жаш актёрлор чогулуп калдык. Мен алтынчысы болуп киргем. Жетекчибиз ыраматылык Марат Козукеев болчу. Биз Алматы шаарынан актёрлукту бүтүп келген 14 жигит болчубуз. Мактанып кетейинчи, Кыргыз драма театрына ошолордун ичинен мени жалгыз тандап алып калышты. Сыймыктуу нерсе болчу. Театрга жумушка анча-мынчаларды албайт, азыр деле көп арыздар жатат. Ошентип театрга иштеп калдым. “Демдин” балдары менен ошондо таанышкам. Алар мени сыртымдан таанып “ушул баланы өзүбүзгө алалы” деп жүрүшкөн экен. Бир күнү балдар менен концерт бердик. Эл укмуш колдошту. Кыйкырып-өкүрүп, кол чаап, ышкырып укмуш болушту. Анда атыбыз деле жок болчу, “келгиле, бир ат коюп алабыз” деп көпкө ойлондук. Тамашалуу ат катары “жүн байпак” дегендей да аттар чыкты (күлүп). Акыры “Дем” деген атка токтолдук, анткени элге анда оор жылдар эле, “дем берели” деген ой болду.

“КӨЧӨДӨН АВТОГРАФ СУРАЙ БАШТАГАНДА СҮЙҮНГӨНҮМДҮ СУРАБА”
- Алгачкы жолу Казакстанда киного тартылдым. Аябай толкунданганым эсимде, жаш бала элем анда. Ал эми театрда биринчи чоң ролум Алдар Көсөнүн ролу болду, Күмөндөр Абылов экөөбүз аткарганбыз. Ал эми калың элге “Айыл өкмөтү” тасмасында участковыйдын ролу менен таанылдым. Кино кыргыздарда көп жылдар тартылбай калган. Элде нанга акча жок болуп жатса, кайдан кино тартмак элек? Ошол токтоп калган жылдардан кийинки биринчи кино “Айыл өкмөтү” болду. Режиссёр Эрнест Абдыжапаровго мени Күмөндөр байке сунуш кылыптыр. Кино чыкты, кинотеатрларга коюлду. Эл жакшы кабыл алды. Орустар айтмакчы, уктап турсам эле жылдыз болуп калыптырмын. Кечкисин коомдук телеканалдан көрсөтүштү да, эртеси коомдук транспортто келе жатсам эле эл тааный баштады. “Эй, мына бул кечээги кинодогу участковый бала го” дешет (күлүп). Көчөдөн жаштар автограф сурай баштаганда сүйүнгөнүмдү сураба.

“ЖЫЛДЫЗ ООРУСУ” МЕНЕН ООРУГАН ЖОКМУН”
- Кийин көп эле ролдорум болду, элге тааныла баштадым. Бирок ушуга чейин мен атактуу экенмин деп “жылдыз оорусу” менен ооруган жокмун. Эл таанып турса сүйүнөсүң, сыймыктанасың, андан ары ашып “мен укмушмун, сен кимсиң?” деп кыйын болгон жокмун. Көп атактууларды билем, жанына келген адамдарга сыртын салып коёт. Кээде аты чыгып-чыга элек, жарнамага тартылып алып кыйын болгондор бар. “Суусап кеттим, суу алып келчи” деп жанындагысын жумшаганда таң каласың. Же “мени гримдебейсиңерби?” деп кыйынсынышат. Ушул кезге чейин эле суусасам өзүм барып суу ичип жүрөм (күлүп). Театрда өтө көп роль ойнодум, бирок кинодон таанылдым. Дилим, жүрөгүм театрда, өмүрүмдүн жарымы театрда өттү.

“ШЫМЫМ ЖЫРТЫЛЫП КАЛЫП...”
- Бир жолу “Дем” менен концерт коюп жатканбыз. Чыңгыз Айтматовдун Данияр менен Жамилясын Индия киносундай күлкүлүү номер кылып алганбыз. Мен Даниярдын ролунда болчумун. Ал ролду үч жылдай ойнобой калгам. Концерт башталганда чуркап барып эле баягы шымды кийсем батпайт. Семирип кетиптирмин. Шашып жатам да, ички кийимди чечип туруп эле баягы шымды зордоп кийдим, Азиз Мурадиллаев эптеп топчулап берди. Секирип чыгып эле бийлешим керек болчу, секирсем эле “да-арт” деп шым айрылып кетсе болобу (күлүп)?! Сахнадан чыгып кете албайм, анткени башкы ролдомун. Жаныма ким келсе “эй, шымым айрылып кетти” деп шыбырап коём. Алар тиктеп алып шыңкылдашат. Сахнага артымды салбай бийлеп жатып эптеп номерди бүтүргөм. Ошону эстесек азыркыга чейин күлөбүз.

“ТРИГАДА...”
- Бир жылдары “Бригада” деген сериал болбоду беле. Анда төрт дос болот. Биз үчөөбүз – мен, Азиз Мурадиллаев, Камчы Сарыбаев болгон үчүн театрда бизди “Тригада” деп атап алышкан. Үчөөбүздү эмне бириктирет? Биз үчөөбүз тең 1978-жылы туулганбыз. Театрга киргенден баштап, эмнегедир дос болуп кеттик, сөз жок эле көз менен түшүнүшөбүз. Айыбыз боюнча улуубуз Камчы, анан мен, көкүрөк күчүгүбүз Азиз. Келишип калганыбыз да мындан болуш керек. Менин мүнөзүм аябай чартылдак, бат эле ызылдап, чарт-чурт этип кетем. Бирок тез жазылам. Камчы оңой менен таарынбайт, бирок бир таарынса көпкө жазылбайт. Азиз өтө жумшак жигит. Эгерде үчөөбүз мендей чарт-чурт болсок батышпай кетмек болушубуз керек. Мен чартылдап баратканда алар “сабыр, сабыр, жетишебиз, дагы убакыт бар” деп жоошутуп турушат. 22 жылдай болуп калды, үчөөбүз “сен-мен” деп урушкан жокпуз. Үй-бүлөбүз менен жакын болуп келе жатабыз. Көп көрүшпөй калсак сагынышып кеткен достордонбуз.

“УСТАТТАРЫМ...”
- Эң биринчи устатым Балыкчыда жүргөндө Тилек Турганбаев деген агайым болду. Азыр да бар, мага жол салып берген ушул киши. Кийин Казакстанда окуп жүргөндө Орозали Сарсембеков деген агайым болду. Театрга келгенде Искендер Рыскулов, Замир Сооронбаев, Эгемберди Бекболиевдер жардам беришти. Жанымда жүргөн “Демдин” балдарын деле устаттарым деп билем. Анткени жакшыны жакшы, жетпей калган жерин жетпей калды деп айтышат.

“ЖОЛУМДУ ЖОЛДОГОН УУЛУМ БАР”
- "Жолумду жолдо” деп балдарымдын эч кимисине айткан жокмун. Үчүнчү уулум Арлен учурда Москва шаарында Щепкин атындагы театралдык окуу жайда окуп жатат. Уулума “сенде бой бар, келбет бар, жүз бар. Окусаң келечегиң кең болот” деп айтып калам. Эми буюрганы болот деп турам.

“АСКАТ СУЛАЙМАНОВ БАКТЫЛУУ КИШИ”
- Аскат Сулайманов, эки сөз менен айтканда, бактылуу адам. Жакында Умрага апам, бир туугандарым менен барып келдик. Аң-сезим аябай башкача болуп калат экен. 100 пайыз оңолуп кеттим дебейм, бирок ал жактан кийин мурунку жашоомо көз чаптырсам, болбогон эле нерсе менен алек болуп жүрүпмүн. Туура эмес нерселерди көп кылыптырмын. Биз тытынып жатып өтүп кетет экенбиз. “Үй салып, машина алып, балдарды чоңойтуп, карьера түзүү керек” деп эле өзүбүздү кыйнай берет экенбиз. Көр оокаттын кереги жок экен. Жан дүйнөсү таптаза кишилерди көрдүм, жүзүнөн нур чачырап турат. Бизде жакшы адам болуш оор, анткени чөйрө ошол. Оокат чогултканча жүрөктү тазалап коюш керек экен. Ушуну түшүндүм.

Камчы Сарыбаев, актёр: “ТРИГАДАДА АТААНДАШТЫК ЖОК”
- Аскат менен 2000-жылдарда таанышкам. Анда мен Шаршен Термечиков атындагы Чүй облустук театрында иштечүмүн, Аскат Алматыдан окууну жаңы бүтүп келип, Кыргыз драма театрында иштечү. Таанышканда дароо эле жылдызыбыз келишип калды. Кийин мен да Кыргыз драма театрында иштеп калдым, анан “Демде” чогуу иштедик. Иши кылып Аскат экөөбүз чогуу эле келе жатабыз. Көчөдөн балдар менен мушташып, чогуу төпөштөп, чогуу таяк жеп, чогуу эс алып дегендей жаштыгыбыз чогуу өттү, карылыгыбыз деле чогуу өтөт болуш керек (күлүп). Театрда бизди “Тригада” деп коюшат. Аскат, Азиз, мен үчөөбүз жакшы достордонбуз. Өнөрдө, театрда чогуу келе жатабыз, бирок бизде атаандаштык жок. Үчөөбүздүн тең ролду чыгаруу манерабыз, стилибиз үч башка. Үч башка жанрдагы ролдор келет. Юморду берүү жагынан да таптакыр окшошпойбуз. Андыктан эч качан атаандашкан эмеспиз, жаш кезде атаандашпаган, эми эмне кылмак элек? Биздин арабыздан эң биринчи Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти наамын Азиз алды. Өзүбүз алгандай сүйүнүп куттуктаганбыз. Бирөөнүн ийгилигин, жакшылыгын көрө билген жакшы нерсе да.

Аскаттын чыгармачылыгы башкача, аны эч ким кайталай албайт. Көз карашы, манерасы менен эле көп нерсени берип коёт. Ал жагынан ага эч ким жетпейт. Туурайм десе да бирөө туурай албайт, өзгөчөлүгү ушунда. Элге алынып кете турган харизмасы бар. Актёрдук чеберчилигине жогору баа берем. Аскемдин мүнөзү ачык, тарс-тарс эле бетке айтып коёт. Пикир келишпестик болсо деле “эй, сен мындай кылбадыңбы?” деп жатып ич ара түздөлүп калабыз.

Альбина Имашова, актриса: “АСКАТ ЭКӨӨБҮЗДҮ ЖУБАЙЛАР ДЕП ОЙЛОГОНДОР БАР”

- Аскат мыкты дос, кесиптеш жана жөн эле жакшы адам. Биз Бакыт Осмонкановдун тасмаларында күйөөсү-аялы катары роль аткарганбыз. Тасмадан көрүп алышып бизди жубайлар деп ойлогондор да бар, социалдык тармактарда жолдошум Арнис Кыдырмышев менен сүрөт киргизсем “Аскат сиздин күйөөңүз эмеспи?” деп сурап калышат. Аскаттын өзгөчөлүгү – жоопкерчиликтүү, диалогдорду жаттабай келген, кечиккен учуру деги эле болгон эмес. Өзүнүн ишин так билет жана мыкты аткарат. Театрда “Темир аял”, “Алма бак” дегенде да экөөбүз күйөөсү аялы болуп аткарганбыз. Актёрлук чеберчилиги жогору, сахнада түрдүү абалдар болот эмеспи, ошондон сонун чыгып кетет. Чыгармачылыгын эле эмес, аны мыкты ата, мыкты күйөө катары баалайм. Үй-бүлөлүк катышыбыз бар, жубайы менен да жакшы мамиледебиз, шеринелешпиз. Бардык нерсени бетке айтат, туураны туура, туура эмес нерсе болсо аны да айтып салат (күлүп). Бардык тарабы төп келишкен мырза, ийгилик каалайм. Дагы жарата турган мыкты ролдору алдыда.

Бакыт Осмонканов, режиссёр: “АСКАТ БАЙКЕ МЕНЕН ИШТЕШКЕН КАЙФ”
- Аскат байке менен 2016-жылы таанышканбыз. Эң биринчи “План Б” тасмасын тартып, анда эпизоддук роль ойноп берген. Ошондо актёрдук чеберчилигине жогору баа бергем, адам катары аябай сыйлап калгам. Кийин “Ата” деген тасмамда роль жаратты. Ошондо “Аскат байке, сизди эми башкы ролго тартам” деп убада бергем. “Такебай” тасмасына сценарий Аскат байкеге арналып жазылды. Эч кандай кастинг болгон жок. Альбина эже (ред.: Имашова) экөө “Ата” тасмасында күйөөсү-аялы болуп ойногон эле, ошондо аябай сонун болот экен экөөнү тартсам деп ойлоп койгом. Баш-аягы 5 тасмага тартылды. Аскат байке өтө жоопкерчиликтүү. Башкалардай кечигип келип, кыжалат кылып, кыялын көрсөтүп деген нерсе такыр жок. Тартуучу топко сонун дух берип, күлүп-жайнап тамашалашып жатып тартылат. Ролду сонун кылып өзүнөн да ашыра чыгарып берет. Кыскасы, Аскат байкени киного тарткан кайф.

Нуржамал Жийдебаева
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1014, 13-19-май, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан