«АЙЫЛ БАНК» АРКЫЛУУ 2489 ДЫЙКАНГА 1 МИЛЛИАРД 427 МИЛЛИОН СОМ КРЕДИТ БЕРИЛДИ

«Айыл Банк» ААКсы тарабынан фермерлерге өсүмдүк өстүрүү, мал чарбасы, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү тармактары боюнча “Айыл чарбасын каржылоо – 10” долбоору аркылуу 6 пайыздык кредиттер берилүүдө. Долбоор Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2022-жылдын 12-январындагы №3-т тескемеси менен бекитилген.

Ушул долбоор аркылуу алгач 1,8 миллиард сом бөлүнгөн. Бул сумманын 50 пайызы мал чарбасына, 25 пайызга чейини жер иштетүүгө, 25 пайыздан кем эмеси айыл чарба продукциясын кайра иштетүү үчүн берилип жатат.

2022-жылдын 10-майына карата 2489 дыйканга 1 миллиард 427 миллион сом суммасында кредит берилди.

2021-жылы электрондук кезекке 8921 кардар
6,9 миллард сомго катталса, 2022-жылы 20 203 кардар 15,5 миллиард сомго катталган, башкача айтканда, кредит алуучулардын саны 125 пайызга көбөйгөн. Буга байланыштуу 2022-жылдын 28-апрелиндеги Банк менен Каржы министрлигинин ортосунда түзүлгөн кошумча келишимге ылайык, дагы
480 миллион сом бөлүндү.

Электрондук кезекке туруу боюнча айта кетсек, дыйкандар январь айынын биринчи иш күнүнөн баштап паспорту менен “Айыл Банк” ААКсынын кеңселерине келип, кезекке каттала башташат. Катталган кардарларга качан, канчанчы болуп кезекке турганы тууралуу талон берилет. Бул долбоор боюнча каржылоо башталганда Банк кызматкерлери кезек боюнча кардарларды чакырышат. Кредиттер ушул электрондук журналга катталган кезек менен гана берилет.

Мындан сырткары, Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2022-жылдын 25-январдагы №24-т тескемеси менен «Айыл Банк» ААКсы быйыл биринчи жолу “Товардык кредит” долбоорун ишке киргизди. Бул долбоор боюнча дыйкандарга үрөндөр берилип жатат. “Жаздын бир күнү жылды багат” демекчи, дыйкандар жазгы талаа иштерин өз убагында бүтүрүш үчүн Банк кызматкерлери иш убактысынан сырткары жана дем алыш күндөрү дагы иштешти.

Белгилей кетүүчү жагдай, 2022-жылдын 19-апрелинде дагы кошумча элита жана биринчи репродукциядагы 128 тонна арпа, 26-апрелде 400 тонна буудай келди жана райондорго бөлүндү.

Ал эми “Агро өнөр жай комплексин кредиттөө” долбоору боюнча дыйкандарга кеңеш берип, документтерин кабыл алып, кредиттерди берүү иши кызуу жүрүүдө.

Урматтуу дыйкандар жана фермерлер, биз Сиздерге ар дайым ачыкпыз жана колдоого даярбыз. “Айыл Банк” Сизге жакын!

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1014, 13-19-май, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан