Бектур Усенов, Айзат Аскарбек кызы: “БИРИ-БИРИБИЗ ҮЧҮН ӨЗҮБҮЗДҮ ЖАКШЫ ЖАККА ӨЗГӨРТҮП ЖАТАБЫЗ”

“Кошунаны тандабайт” сериалы менен таанылган актёр Бектур Усенов 8-майда үйлөндү. Жаш актёр сүйүктүүсү Айзат Аскарбек кызын бийлеп жатканда жактырып калган экен. Таттуу түгөйлөрдүн кызыктуу сүйүү баянын маектен окуңуз.

– Бектур, Айзат, жаңы курган үй-бүлөңөрдүн пайдубалы бекем болсун! Анда башынан баштайлы, экөөңөр качан, кайдан табыштыңар эле?

Бектур: – Рахмат. Университетте окуп жүргөндө таанышканбыз. 2-курста мен 1-курстарга арналган майрамдык иш-чаранын уюштуруучуларынын катарында болчумун. Ошондо Айзат испан бийин бийлеген. Бийлеп жатканын көрүп жактырып калгам. Бирок эч нерсе дебей, унчукпай эле жүрө бергем. Жарым жыл өткөндөн кийин Айзаттын бизде окуган курбусунан байланышуу жолдорун сурагам.

Айзат: – Мен Бектурду биринчи сахнадан көргөм. Сахнада бир миниатюраны көрсөтүп жатканын көрүп тасмадагыдай эле болуп жүрөгүм болк эткен. Бул мага Одноклассники социалдык тармагынан жазып жүргөнүн билген эмесмин да.

– Бири-бириңерди кайсы сапаттарыңар үчүн жактырдыңар?

Б.: – Мага Айзаттын жөнөкөйлүгү, шайыр жүргөнү жакты. Бардык тамашаларыма күлчү. Айзат дүйнө жүзүндө жалгыз эле менин тамашаларыма күлчү. Анан ойлодум, ушул кыз менин тамашаларыма дайым күлүп турса анда жакшы экен деп. Сага кайсы сапатым менен жактым, Айзат?

А.: – Сүйүүгө туруктуулугуң менен.

Б.: – Ваай.

– Бири-бириңерден өзгөрткүңөр келген сапаттар барбы?

А.: – Жо-ок, тескерисинче, өзүмдү жакшы жакка оңдоп, Бектур үчүн мындан да мыкты болом.

Б.: – Мен дагы. Бири-бирибизди карап өзүбүздү өзгөрткөнгө аракет кылып жатабыз.

– Канча убакыт сүйлөштүңүздөр? Ортодо келишпестиктер болгондо аны кантип чечесиздер?

Б.: – 5 жылдай сүйлөштүк. Чогуу сейилдейбиз дегенде же мен, же Айзат кечигип калып, ошондо жинибиз келчү. Ортобузда анчалык глобалдуу маселе деле болгон эмес.

– Ким кимге көп сюрприз жасайт?

Б.: – Сюрприздерди Айзат жасайт көбүнчө.

А.: – Ыкы-ы.

Б.: – Мейли, мейли, мен жасачумун көбүнчө. Айзат М&M’s’тин күрөң түстөгүсүн жакшы көрөт. Студент кезде бир жолу шабашкага чыгып акча таап, ошол шоколаддан 5-6 пачка алып, жалаң күрөңдөрүн сорттоп, Айзатка сюрприз кылып бергем. Аябай жаккан болуш керек. Экөөбүздөн мен көбүрөөк романтикмин.

– Айзат, Бектур колуңузду сураганда тартылган видео интернетке тарады. Колуңузду сураарын билген эмес белеңиз же даярдыктарды байкап калдыңыз беле?

А.: – Жок, билген эмесмин. Ошол күнү мен дачага барып ата-энеме жардам берип, жүдөп, жуунбай-таранбай эле шашып келип калгам, булар КВН ойношмок. Колумду сураганы күтүүсүз болду, менин оюма биринчи “кебетем жакшы эмес да” деген ой келди. Андан кийин гана кубанычтын, бакыттын көз жашы болду.

Б.: – Ага чейин Айзат мага “көп элдин көзүнчө кантип колун сурашат?” дегенде, “ошо да” деп койгом. Ошондуктан менден мындайды күткөн эмес.

– Үйлөнүү үлпөтүн өткөрүп алдыңыздар. Тойдо кандай өзгөчөлүктөр болду?

Б.: – Бир эле өзгөчөлүгү болду, бул – Love story. Тоодон чуркабай, ресторандан таанышпай кичине башкачараак тарттык. Мен үчүн өзгөчөлүк – биринчи блокту Аскат Сулайманов алып барып берди, экинчи блокту сонун досторум Мыктыбек Мукаев менен Нурсултан Курсанали уулу, үчүнчү блокту Алинур Абдыкалыков алып барды. Аларга чоң рахмат. Той сонун өттү, өзүбүзгө жакты.

– Кандай кыялдарыңыздар бар?

А.: – Көп балалуу, үлгүлүү үй-бүлө болгубуз келет.

Б.: – Буюрса, ээ? Анан чыгармачылык жактан да ийгиликтерге жетүүнү каалайбыз.

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1014, 13-19-май, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан