Жакшыбек Жунушев, сүрөтчү: “МЕН ТОО ЖЫТТАНГАН СҮРӨТЧҮМҮН”

Сүрөтчүлүк кесипти аркалап, Кыргызстандан тышкары чет элге да эмгектери менен аты таанылган Жакшыбек Жунушевдин чыгармачылыгына кайрылдык. Ал кесиби тууралуу берилүү менен сүйлөп берди.

КААРМАНДЫН...

Туулган жылы – 1978-жыл, 12-октябрь

Туулган жери – Чүй облусу, Сокулук району, Шалта айылы

Билими – Семён Чуйков атындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм өнөр окуу жайы, живопись бөлүмү

2007-жылдан бери Кыргыз Республикасынын Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү

“СҮРӨТЧҮ БОЛУП КАЛУУМДУН СЫРЫ”

– Апамдын айтуусу боюнча, кичинемде топурак бетине ар кандай сүрөт чиймелеп, ылай, пластилинден ар нерсени жасап жүрө берчү экенмин. Мүмкүн, ошол кездерде менде сүрөтчүлүк кесиптин уюткусу түптөлгөндүр. 4-5 жашымда Жаңы жылда апам мага сүрөтчүнүн костюмун сатып берип, кийгизип койду. Аны кийген соң өзүмдү сүрөтчү сезип компоюп калдым. Анын үстүнө атам да карандаш менен портреттерди тартып калчу. Бул да кошумча болду окшойт. Мектепте окуган кезде дубал гезитти кооздоп сүрөт тартып берип жүрдүм. Ошентип сүрөтчүлүк кесипти аркалап калдым. Окуу жайда окуп жүргөндө канткенде Левитан, Суриковдой болуп пейзаж тартам деп ойлонуп, изденчүмүн.

“РЕАЛИЗМ ЖАНРЫН АРКАЛАЙМ”

– Мен реалист сүрөтчүмүн. Реализм (живопись) – бул реалдуу турмуш, окуя, жаратылыш, кандай болсо, так ошондой кылып тартып, чагылдыруу. Бирок учурда реалист сүрөтчүлүктү биротоло аркалап иштеп жаткандардын саны аз, анткени көбү каражат табуу максатында башка кесиптерге өтүп кеткен. Биз саткан сүрөттөрүбүздөн түшкөн каражаттарга гана жашайбыз. Сүрөттөр болсо күндө же апта сайын өтө бербейт. Кесибимди сүйгөндүктөн чыдап иштеп келе жатам.

Көбүнчө пейзаж, этюд, портрет, натюрморт тартам. Жеке сүрөт көргөзмөмдү Кыргызстанда 4 ирет, андан тышкары Орусия, Казакстанда өткөрдүм. Башка сүрөтчүлөр менен кошулуп сүрөттөрүм менен Өзбекстан, Түркия, Иран, Араб Эмираттарында, Украина, Орусияда сүрөт көргөзмөлөргө катыштым жана азыр да катышып келем. Көптөгөн сүрөттөрүм ошондой көргөзмөлөрдө сатылып кетет.

Менин сүрөтүмдү көргөн ар бир чет элдик Кыргызстандын жаратылышы, элибиздин күнүмдүк тиричилиги, каада-салты, ал тургай кыштактардагы жолдордун чаңы менен көлчүктөрүнөн бери маалымат ала алышат. Сүрөттөрүбүздү көрүп “Жаратылышыңар ушундай коозбу? Асманыңар ушунча көпкөк жана шаңкайып ачыкпы? Кантип барсак болот?” деп сурагандар, кызыккандар көп болот. Ал жактан сүрөтчү досторду табабыз.

Айрым сүрөттөр тез, оңой тартылса, айрымдарынын эскизин түшүрүп коюп, 1-2 жылдап бүтүрө албай жүрө бересиң.

Менин эң бат тарткан сүрөтүм – Кажы-Сайда тарткан сүрөтүм болду, кар жок болгону менен, катуу суук болуп турган. Ошондо эскизди (толук тартылып бүтө элек сүрөт) 30 мүнөттө бүтүргөм. Ал эми “Күзгү теректер” деген сүрөттү 2 жыл бою тарткам.

Сүрөтчүлүк өнөрүмдү улуу кызым улантып, учурда ушул жаатта окуп жатат. Негизи сүрөтчүлөргө мамлекет тарабынан колдоо жок, эгер колдоо болсо мыкты эмгектер мындан да көп жаралмак.

“ТООНУН БАЛАСЫМЫН”

– Жаратылышты, анын ичинде тоону көп тартам, тоо жыттанган сүрөтчүмүн. Жаратылышка барсам жан дүйнөм тазаланат, эргүү жана энергия алам, тоо, суу, дарак, булак, деги койчу баары менен сүйлөшөм, сырдашам. Жаратылыш “муну же тигини тарт” дегенсип өзү белги берет, ошону тартам. Жамгыр жаап өткөндө дарактардын бир жакка кыйшайып калганынан деле эргүү алам. Бала кезде тоо, токойду аралап көп жүргөм. Ошондогу сезимдер алигиче жүрөгүмдө сакталып, жаратылыш мени өзүнө чакырып турат. Жаратылыш таза нерсе, неге адамдар бала кездеги жаратылыштай таза жан дүйнөсүн, ак ниеттүүлүгүн сактап кала албайт, неге өзгөрүлүп кетет деп ойлоном.

Тоолор чагылдырылган сүрөттөрдүн санын көбөйтүп “Тоолор” аттуу көргөзмө уюштуруу тилегим жүрөгүмдө жашайт. Эми Таластын тоосун, Оштогу Сулайман тоону тарткым келип жүрөт.

Эмгектеримде көл басымдуулук кылат. Биринчи жолу Ысык-Көлгө барганымда көл мени көздөй жылып келе жаткандай сезим болгон. Ошол сезим жүрөгүмдө бек сакталып калды.

“5 ЖЫЛ БОЮ БАЛДАРДЫ ТАРТТЫМ”

– Жашоомдо 2005-2010-жылдары бир бурулуш болду. Байкасам, айылдагы балдар биз ойноп чоңойгон улуттук оюндарды ойнобой калышыптыр, баары эле чөнтөк телефон кармап ар бурчта отурушат. Биз ак чөлмөк, топ таш, жашынмак, ордо деген оюндарды ойночубуз. Менде ушундан улам “Прогресс болуш керек, бирок жаш муундар кыргызча салт-санаа, оюндар менен кошо өнүкпөй чет өлкөлүктөрдөй ба шкача типте өнүгүп, улуттук оюндар унутулуп калабы?” деген ой келди. Айрым кабыргасы ката элек балдарды деле ата-энеси көр тиричиликтин айынан иштетип жатышпайбы. Ушул себептүү сүрөттөргө балдарды тартып баштадым, сүрөттөрдө алардын ширин кылыктарын, ойноп жаткан мезгилдерин жана башкаларын чагылдырдым. Муну менен ата-энелерге балдар балалык доорун баладай сүрүшү керек, улуттук оюндарды жандандыралы деген ой-мүдөөнү айткым келди. Андай сүрөттөрүмдү чогултуп “Кыргызстандын балдары” темасында көргөзмө уюштурайын деп жүрсөм Франциядан сүрөттөрдү коллекциялаган адам келип калып, көп сүрөттөрүмдү сатып алып кетти. Буюрса, аталган темага кайра кайрылып, көргөзмө уюштурам деген максатым бар.

ЧЕТ ЭЛДЕГИ СЕЗИМДЕР

– Көптөгөн чет өлкөлөрдө, шаарларда болдум, көбүнчө алардын жаратылышын, тарыхый жерлерин тартам. Мисалы, Самарканддагы мунара, мечит, күмбөздөрдү. Алардын улуулугу, сулуулугу, сүрдүүлүгүнөн кол менен кармалай албайсың. Аларды ошол касиети менен сүрөттөрдө чагылдырып, “Самарканд – карылардын шаары” деген көргөзмө өткөргүм келет.

“АПАМ ЖАПКАН НАНДЫ САГЫНАМ”

– Өзүмдүн апамды, чоң апамды (жакын тууганыбыз), баламдын да сүрөтүн тарткам. Сүрөттө чоң апам мешке көмөч казанга нан салып бышырып жатат. Чоң апам азыр 90го чыгып калса да ошол мешке алигиче нан бышырып келет. Бала кезибизде апа, чоң апаларыбыз нан бышырганда нандын жыты чыкса чуркап барып ысык нандан жеп, анан кайра ойноп кетчүбүз. Азыр мурункудай кылып казанга, сырттагы мешке нан бышыруу калып баратат. Ошол бала чактагы нандын жытына болгон эңсөөдөн улам ошол сүрөт жаралган. Мурун ошондой мешке нан бышырчу экен деген нерсени кийинки муун сүрөттөн улам билип турсун деп тарткам.

“ЖАШ АҢЧЫЛАРДА” ЭКОЛОГИЯЛЫК КӨЙГӨЙДҮ КАМТЫГАМ”

– “Жаш аңчылар” деген картинамда кечке аң уулап, бирок атканга, кармаганга эч нерсе таппай кечинде от жанында ойлонуп отурган аңчыларды тарткам. Жаратылышыбызда көптөгөн жаныбарлардын саны азайып, айрымдары жок болуп баратат. Ал сүрөттө жаратылышты сактоо зарыл дегенди айткым келген.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1014, 13-19-май, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА