Гузи Исламова, блогер: “АЗЫР МАГА ЖҮЗ МИҢ СОМ МЫНДАЙ ЭЛЕ БОЛУП КАЛДЫ”

Инстаграм, Тикток жылдызы, кино, сериалдарга да тартылып жүргөн Гузи Исламова маектешим. Бул маектен блогердин өзү, ишмердүүлүгү, блогер Канат Шабданбеков менен болгон мамилеси тууралуу биле аласыз.


– Гузи, салам. Алгач өзүңүз тууралуу кенен маалымат алалычы.

– Саламатсызбы? Мен 1998-жылы 12-январда Казакстандын Тараз шаарында төрөлгөм. Түбүм Кара-Кулжадан, атам да, апам да Кара-Кулжадан болот. Өзүмдүн атым Гүлзада Исламбек кызы. Үй-бүлөдө 7 бир тууганмын. Уруум – бөрү, карышкырмын (күлүп). Ата-энем соода менен алектенишчү. Соода менен Казакстанда жүргөндө төрөлгөм. Казакстандан Омскиге катташчу. Бала чагым поездде өттү. 1-2-классты Ошто окудум. Андан кийин Бишкекте окудум. Мектептен кийин Кыргызстан Эл аралык университетинин колледжин бүтүрүп, андан кийин үйдө каржылык маселелер болуп Москвага ишетегени кеттим. Бир жыл официант болуп иштедим. Келгенден кийин кайрадан окууга тапшырдым. Азыр ошол эле университетте 4-курста окуйм.

– Ата-энеңиз тууралуу айтып берсеңиз...

– Апам үй кожойкеси, атам убагында айдоочу болуп иштеген, азыр убактылуу иштебейт.

– Ошондо каржылык жактан аларга сиз жардам бересизби?

– Ооба, тапканымдын көп пайызын үй-бүлөмө берем. Көптөр өзүн эле ойлоп жүрө берет дешет экен. Андай эмес. Атам жумуштар чыкса иштеп калат, апам да жөн отурбайт, төшөк тигип сатып калат. Ошондуктан азырынча күйөөгө тийбейм деп ойлоп жүрөм. Анткени сиңдилеримди чоңойтуш керек.

– Инстаграм, Тиктокко кантип аралаша баштадыңыз?

– Мен агентте жылдыз болчумун. Одноклассники чыкканда, ал жакты да дароо өздөштүрдүм. Инстаграм, Тикток чыгары менен буларга катталдым.

– Азыр популярдуу болуп калдыңыз. Жашооңузда эмнелер өзгөрдү?

– Бардык жашоом өзгөрдү. Виртуалдуу дүйнөдө жашап калдым. Адамдардын мамилеси өзгөрдү. Мени бийик көрүшөт, көргөндө сүрдөшөт. Өзүм да өзгөрдүм. Ишенчээк кичинекей кыз болчумун, карышкыр болуп калдым. Материалдык абалым жакшырды. Бирок адамгерчилигимди сактап калдым деп ойлойм.

– Сыр болбосо, 1 айда канча табасыз? Бир жыл мурун маегиңизде жүз миң сом табам деген экенсиз...

– Андан көп эле өстү. Азыр жүз миң бизге мындай эле болуп калды (күлүп). Орточо эсеп менен 200-300 миңдей.

– Жигиттерден келген эң чоң белек эмне болгон?

– Жакында эле бир жигит 6 Гелендвагенге “Гузя, ты самое лучшее, что в моей жизни произошло” деп ар бир унаага 1-2 сөздөн жазып айдап келип, анан токтотуп салюттарды аттырды. Ошол сонун белек болду. Ал бала мени Инстаграмдан көрүп жактырыптыр, жакындан тааныбайм. Ага чейин бир жумадай гүл жөнөтүп жүрдү. Ал менден эч нерсе талап кылган жок. Жөн гана мени кубандыргысы келиптир. Андан башка деле артымдан чуркагандар бар. Бирок менин жигитим бар да.

– Блогер Канат Шабданбеков менен чын эле кыз-жигитсиздерби?

– Биз мамилебизди 1-апрелде жарыялап калдык. Ошондуктан эл хайп деп кабыл алды окшойт. Атайын кылган эмеспиз. 1-апрель күнү Ошко кетип жаткам. Ал сагынып жатам деп чыгарып салыптыр, мен да чыгарып салдым. Билбейм, хайп катары көргүсү келгендер көрө беришсин. Сүйлөшкөнүбүзгө жарым жыл болду.

– Жигитиңиздин кайсы сапаты жагат?

– Канат жашоодо такыр башкача, аябай олуттуу бала. Камкор, ар бир сөзүн ойлонуп сүйлөйт. Ар бир сөзүмө кулак салып турат. “Гузичка, сен кыйын кызсың” деп мени баалап, мотивация берип турат. Экөөбүз тең чыгармачылыкта болгондуктан бири-бирибизди толуктап турабыз.

– Качан тааныштыңыздар, кандай башталды баары?

– Өткөн жылы жайында блогерлер чогулган иш-чарада таанышканбыз. Бара-бара жакындан сүйлөшө баштадык. Баары өзүнөн өзү эле уланып кетти. Азыр деле аны Канат байке дейм.

– Үйлөнүү тууралуу сөз болдубу?

– Жок. Сүйлөшкөнүбүзгө аз эле болду. Үйлөнүү оюнчук эмес да. Ал сунуштаса ойлонуп көрөм.

– Комментарийлерде ачык кийинесиң деп көп сындашат экен...

– Өзүм Казакстанда төрөлүп, Омскиде өсүп орус чалыш болуп калгам. Менимче, адамдын кийимине көңүл бурбаш керек. Антип сындагандарга “мага антип айтпагыла, өтпөйт, өзүмдүн көз каршым бар” деп жооп берем. Ачык кийингеним эркектердин көңүлүн буруу үчүн эмес, мага ушундай кийинүү жагат.

– Жигитиңиз бул боюнча кандай көз карашта?

– Ал эч нерсе дебейт, мени сыйлайт.

– Бир интервьюңузда “мен катталуучуларымдын алдында жоопкерчиликти сезем” деп айтыптырсыз. Аларга кандай үлгү болуп жатам деп ойлойсуз?

– Мага көбүнчө кыздар катталган, көбүнчө кыздарга пайдалуу болгон психология, өзүнө кам көрүү, акча табуу, бизнес жөнүндө айтып берем. Мисалы, “көзүңдү кайсы жактан жасаттың эле?” деп сурашса, аны айтпайм. Анткени ага башкача жасап коюшу мүмкүн да, жоопкерчилик менде болот. Оозумду жасаткан жерди айттым. Анткени ооз убактылуу, көз биротоло калат. Ачык кийинип үлгү берип жатат деп ойлобогула. Жаштар азыр акылдуу, биздин ата-энелерден да акылдуу. Кайсы жерде кандай кылыш керек экенин билишет.

– Социалдык тармактар бир күнү жабылып калса кандай иш менен алек болосуз?

– Көп нерсеге аралашып кете алам. Официант боло алам, студент кезимде үйлөрдү жыйнап иштегем, аны деле кыла алам. Эсепчи да боло алам, окугам. Мээң иштесе көп нерсени кылып кетсең болот.

– Азаматсыз! Ийгиликтер болсун!

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1014, 13-19-май, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан