“Азыр айтканымды азыр унутам” же “баланча буюмду каякка койдум эле?” деп өзүңүзгө суроо бергендердин катарына киресизби? Демек, сиздин эс-тутумуңуз начар. Баш мээге кайсы бир витамин жетишсиз же эс-тутумдун начарлашына таасир берүүчү дартка чалдыктыңыз. Дартка кабылгандан Кудай сактасын! Ошентсе да мээнин калыптагыдай иштешин шарттап, эс-тутумду жакшыртуучу азыктар кайсылар экенин билип алсаңыз ашыкча болбойт.
МАЙЛУУ БАЛЫК
Лосось, скумбрия, палтус, сельдь сыяктуу майлуу балыктардын курамында жогорку деңгээлдеги омега-3 май кычкылы бар. Омега-3 кандагы холестериндин деңгээлин төмөндөтүп, баштын кан тамырларынын калыптагыдай иштешине оң таасирин тийгизет.
БРОКОЛЛИ
Мээнин иштешин жакшыртууга түздөн-түз салым кошкон магний жана К витаминдерине бай броколли өсүмдүгү экенин билчү белеңиз? Капустанын бул түрүндө мээнин иштешине, эс-тутумдун бекем болушуна таасир берүүчү бор элементи да бар.
САБИЗ
Эс-тутумга жооп берүүчү ошондой эле көздүн көрүүсүн жакшырткан
заттардын бири – лютеолин деп аталат.
Лютеолинди кайдан табам деп убара деле болбойсуз, ал күнүгө биз колдонгон сабизде бар.
ГРЕК ЖАҢГАГЫ
Холестериндин “душмандарынын” катарына грек жаңгагы да кирет. Анткени анын курамында да омега-3 май кычкылы бар. Грек жаңгагы кальцийге, пайдалуу минералдарга, витаминдерге да бай экенин унутпаңыз. Эгер ашказан, ичеги-карын оорулары менен оорубасаңыз, күнүнө 1-2 даана грек жаңгагын жеп койсоңуз, өзүңүзгө эле пайда.