Назира Айтбекова, актриса: «МЕН ДА КИЧИНЕМДЕ ЗОМБУЛУККА КАБЫЛГАМ»

“Аялдын көз жашын агызба, ар бир тамчысын Кудай санап турат” деген сөз бар. Назира Айтбекованын социалдык түйүндөгү баракчасындагы кыз-келиндердин каттары учурдун ачуу реалдуулугу болду окшойт. Көзүбүздү жаап өтүп кете албаган жашоонун чындыгы. Элде айтылбай жаткан эчен маселе, жан дүйнө жарасы бар экенин бул каттар далилдеди. Каттар жана башкалар тууралуу блогер, актриса Назира Айтбекова менен баарлаштык.

– Салам, Назира! Социалдык баракчаңа сага эркектер тарабынан жазылган уят сөздөрдү жарыялашыңа эмне себеп болду?

– Салам! Социалдык баракчама каттар көп келет. Кыздар жан дүйнөсүн ачып, жардам сурап кайрылса, эркектерден “мени менен бир түн болбойсуңбу?” дегендер, “ушундай жыныстык мүчө жагабы?” деп сүрөтүн тартып жөнөткөндөр бар. Ачык-чачык сүрөткө түшкөнүмдөн улам мага ушундай мамиле кылып жатышабы деп ойлодум алгач. Бирок жамынган кыз-келиндер да бар айланамда, аларга деле кат келе берет экен. Бир күнү ушундай каттар катары менен келди, жиним келип аккаунттары менен тарыхчага жүктөп салдым.

– Эркектерди аккаунттары менен чыгарып койдуң, коомдо түрдүү адамдар бар эмеспи, кол салат деп корккон жоксуңбу?

– Ойлонгон жокмун. Ыдык көргөн кыздардын каттарын окуп алып кээ бири “абал оор экенин билген эмесмин, бардык кыздардан кечирим сурайм” деп жазгандар болду. Коркуп жатам деп жашырып жүрө берген болбойт. Мен үнүмдү чыгарсам, артымдан толтура кыз-келиндер үн катышты. Артымда колдоочуларым турат, эркектин баары эле жаман эмес, жакшы эркектер да артымда. “Жакшы кылып жатасың, аңгилердин атынан кечирим сурайм” деген мыкты агаларым, инилерим бар.

– Маселе коомдо ириңдеп турган экен, кыз-келиндердин каттары көпчүлүктү нес кылды...

– Ооба, келген каттарды окусаң төбө чачың тик турат. Кыздардын уруксаты менен каттарды жарыялап баштадым. Сен айткандай, жарылайын деп турган окшойт, жамгырдай эле жаады каттар. Окула электери толтура, бул моралдык жактан да чоң жүк экен. Өз атасы, чоң атасы, агасы, таякеси, мугалими, айтор, туугандарынан ыдык көргөн кыз-келиндер толтура экен. Пенде чыдап окуй алгыс окуялар, өзүм өңгүрөп ыйладым. "20-30 жылдан бери эч кимге айта албай жүргөм" дегендер болду.

– Эми чоңоюп келе жаткан кыздар бул нерсеге кабылбашы үчүн коом кандай кадамга барышы керек?

– Ыдык көрсөтүү боюнча бизде мыйзам жок экен. Азыр эл өкүлдөрү да мени колдоп жатышат, бул тууралуу мыйзам жазылышы керек, ыдык көрсөткөндөр жазаланышы керек деген ойдомун. Эркектер кыздарга ышкырып, кыйкырып, сылап, тээп, кармап өтпөй калат болуш керек. Кыздар дагы “үн катпашым керек экен” дебей, өз укугун билиши зарыл. Арызданыш керек. Мыйзам керек бизге.

– Зомбулукка туш болгон адам гана зомбулук кыла алат деген нерсе бар эмеспи психологияда. Демек, бизде көптөгөн эркек зомбулукка кабылган деген да жыйынтык келип чыгып жатат, ээ?..

– Туура, бала кезинен кодуланып, өзү зомбулукка кабылгандар бул ишти жасайт го дейм. Сексуалдык сабатыбызды жоюш керек. “Эми сексти да балабызга үйрөтөбүзбү?” деген туура эмес ой. Кыз болсо кыз экенин, эркек болсо эркек экенин моюнга алуу, гигиеналык жактан таза жүрүүнү, ушунун баарын кичинесинен айтып үйрөтүшүбүз керек. “Сенин денеңе эч кимдин кол тийгизгенге акысы жок, балам” деген сөздөрдү айтып балага сырдаш болуш керек.

– Кичине кезиңде өзүң зомбулукка учураган учуруң болду беле?

– Болгон, бир жолу үйгө атам менен чогуу иштеген киши келди. Аскер кызматкери эле, бою узун, чоң, далдайган киши болчу. Чоң энем менен отурсам эшикти ачып мага кол жаңсап калды. Чоң энем “учураш” деп жиберип ийди. Айла жок чыксам тиги киши эшикти жаап туруп, тизелеп отуруп оозумдан өптү. Ошол кишинин жыты азыр да мурдумда, жийиркенип башымды ала качтым. Алдына отургузуп алып кармалап-сармалап жатты. Титиреп кеттим, кичине кызмын, 1-класста элем. Жулунуп колунан чыгып өз бөлмөмө кетип калдым. Отуруш беле, ары жакта майрамдап отурушту, бир аздан кийин дааратканага барымыш болуп баратып дагы чакырды. Барбай койдум. Ата-энеме айта албадым. Атама айтсам тигини бир нерсе кылмак, апама айтсам жүрөгү оорумак. Кийин апама айтсам жүрөгү түшүп калган. Кыздар бул жашта эч кимге айта алышпайт. Бир катта “өз атам зордуктап койду, апама айтсам ишенген жок” деп жазыптыр. Кээ бир энелер ишенип туруп кызын “өзүң күнөөлүүсүң” деп сабашкан учур болуптур. Кенедей наристе кыз кантип күнөөлүү болот? Ата-энелердин эмнеге мээси иштебейт, түшүнбөйм. Балдарды коргобогон ата-энелерге жиним келет. Жанагы окуя мага аябай жаман таасир берди, турмуш курганга чейин эркектерге жолобой качып жүрдүм. Мурунку күйөөм сабаттуу болгону үчүн акырын үркүтпөй үйрөтүп алган эле.

– Кепти өзүң тарапка бурсак, ырчы Анжеликадан интервью алып жатып “сен хайп жаратпасаң деле Анжелика болгонуң үчүн сүйөбүз” дедиң. Биз дагы Назираны чечинбесе деле сүйөбүз. Сөздүн төркүнү мындай, Анжеликага жетпей калган сүйүү Назирага да жетпей калганбы?

– Советтер Союзунда төрөлгөн балдардын баарына сүйүү жетпей калган. Ата-энем ичи ысып эркелетейин деп, бирок чоң энемден жазганып сүйүүсүн билдире алышчу эмес экен. Энемден болуп көрбөгөндөй сүйүү алдым, бирок ата-эненин сүйүүсү башка да. Чечинүү болсо, элдин башка тарапка бара жатканына карата менин кыйкырыгым. Элге болгон революциям! Чечинүү менин жан дүйнөмдүн кыйкырыгы. Ачуу чындык да бар, сахна адамдары элдин көңүл буруусуна, сүрөөсүнө, кол чабуусуна муктажбыз. Акыркы жылдары психологияны изилдедим, мурун эл мага кол чаппай калса, жашоомдун маңызы эмне дечүмүн. Азыр кол чабуусуз деле, эч кимге көрүнбөй жашай аларыма көзүм жетет.

– Бир нерсени жеткирүү үчүн сөзсүз чечинүү керекпи? Жакшы пост менен, кайрымдуулук менен, же бир иш менен жеткирсе эч болбойт беле?..

– Кээде чечкиндүү кадамга барууга туура келет. Эл селт этиш үчүн ушуну кылыш керек болчу. Ойгонбой жатканда адамды жаакка чабыш керек. Буга чейин эмне деген кайрымдуулук жасалган жок, акылдуу сөздөр айтылган жок, бирок элдин мээсине жеттиби? Жок! Анан чечинип ойготтум. Эл кадимкидей ойгонду. Элдин оюн өзгөртө алдым.

– Жакшы маселелерди көтөрүп турасың, дагы бир постуңду окуп сүйүндүм. Атактуу адамдар өзүнүн социалдык баракчасындагы посттор үчүн жоопкерчилик алышы керек деген ойду айттың, бирок сен өзүң ошол жоопкерчиликти аласыңбы? Анткени сенин ачык сүрөттөрүңдү 12-13 жаштагы кыздар, балдар да кирип көрүп жатышпайбы?

– Сен мени түшүнүшүң үчүн психологияны көп изилдешиң керек экен. Мисалы, азыр менин алдымда жылаңач эркек турса “ай-ий, тиягы мындай экен, биягы тигиндей экен” деп карабайм. Аны жан, рух катары карайм. Жылаңач аялды көрсө анын көйнөгү жок экенин карабаш керек. Ал эмнени айткысы келип жатат, эмне тууралуу коңгуроо кагып жатат дешибиз керек. Жоопкерчилик сөзсүз алам. Кооперативдерди, тармактык маркетингдерди, дарыларды жарнамалабайм. Пайдалуу нерселерди гана жарнамалайм. Өзүм пайдаланып, жеп туруп анан жарнамалайм. Ооба, мага дагы акча керек, жалгыз бой энемин, баламды багышым керек. Бирок буга жамынып жоопкерчиликтен кача албайм. Жоопкерчилик менде абдан чоң.

– Маегиңе рахмат, коомдун талуу жерлерин ушинтип сыгып берип, өз чындыгыңды жеткирип жүрө беришиңе тилектешмин!

Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1015, 20-26-май, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан