«Тамашоунун» таланттары
Кыска тыныгуудан кийин кайрадан “Тамашоунун” таланттары” рубрикасы назарыңыздарда! Сиздер менен “Жигиттер” командасынын сакалчан, Көркөм сүрөт академиясынын эң баткендик жигити, апасынын эркеси Азамат. Дүркүрөгөн кол чабуулар!
Бою – Өзүнөн кичине чоңураак.
Жашы – Жан Клод Ван Даммдан жаш.
Салмагы – Кышында жеңил, жазында жепжеңил.
Лакап аты – Рой Сакалчан Жонс.
Дежур сөзү – “Кыйкырба!”
Жактырган машинасы – БМВ үлгүсүндөгү Мерседестин дисктери салынган Гольф 4.
Кумири – Сүймөнкул Чокморов.
Үй-бүлөлүк абалы – Сүйгөнү Чолпондун жигити.
Максаты – Максатты “кидать” этип, азыр Залкар менен дос болуу.
Девизи – “Лейлек, Лейлек, Лейлегимди жаман сагындым!”
Эки достун маегинен:
– Доске, эмне менен алектенип жүрөсүң?
– Бир кыздын артынан чуркап жүрөм.
– Анан ийгиликтер кандай?
– Жакшы. Чуркоо боюнча Азия чемпиону аталдым.
Данияр Көбөнов Азия оюндарынын алдында көзү ачыкка барган. Көзү ачык ага “кохоро айсуру хитова кохоро кири кихито”, кыргызча айтканда, “жеңилесиң” деген. Анан Данияр Гуанчжоудон келгенден кийин ошол көзү ачыкты кохоро айсуру хитова кохоро кири кихито кылыптыр...
Базарбек Абдураимов
star@super.kg