Тазабек Икрамов, Жогорку Кеңештин депутаты: “МАГА АЙТЫЛГАН СЫНДАРГА ТААРЫНБАЙМ, ИММУНИТЕТ БАР”

Бүгүнкү каарманыбыз Тазабек Икрамов парламенттин 6 жана 7-чакырылыштарынын депутаты. Парламентте жаңылыш сүйлөп алган айрым сөздөрү интернетте “мемге” айланып бир дүңгүрөгөн жайы бар. Тазабек мырзанын “сөздөн жаңылуудан уялбайм, элге зыянын тийгизген мыйзамдарды кабыл алуудан уялам” деген кеби жакты. Калганын маектен окуңуз, окурман.

– Саламатсызбы, Тазабек мырза? Сизди депутаттыкка жеткирген жол узун болдубу же кокусунан ийгиликтүү учурга кабылып калдыңызбы?

– Саламатчылык, негизи оңой нерсе эч жерде жок. Парламентке депутат болуп келгиче көп жолду бастым. 10 жылдап Орусияда миграцияда жүрдүм, эл катары башында жүк ташып иштейт элем. Андан кийин дос-тааныш таап, грузин улутундагы дос балдардын жардамы менен чакан дүкөндү ижарага алып, курулуш материалдарын сата баштадым. 1999-2000-жылдары Орусияда жүрүү тартиби бир топ оор эле. Мекендештерге документ жагынан жардам болсун деп атайын “Эл чындыгы” деген коом түзүп, көп мекендештерди Орусияга чакырып жумуш таап бергем. Азыр алардын көбү үй-жайлуу болуп, Орусия жарандыгын алып отурукташып калышты. Ишкердик кылып жүргөндө эле айыл менен тыгыз иштешчүмүн, ФАП куруп, суу чыгарып дегендей. Эл эмгекти баалайт экен, билет экен, элдин колдоосу менен депутат болдум.

2015-жылы “биздин партия менен шайлоого барасыңбы?” деп алгач “Замандаш” партиясы сунуштады. Бирок мен “Өнүгүү” партиясы менен парламентке келдим. Депутат болуп калуума атамдын кадыр-баркынын да таасири зор болду. Атам Икрам Стамкулов Сузак районунда аты таанылып, эмгеги сиңип калган киши эле. 60 жыл агартуучу болуп иштеп, биздин райондун бир нече мектептерине директор болгон. Эл “Икрам акенин баласы экен, ушул жигитке үмүт арталы” деп добуш берди.

– Сиздин “Билим берүүнүн отличниги” деген төш белгиңиз бар экенин билебиз, аталган төш белги кандай ишмердигиңиз үчүн берилди эле?

– “Билим берүүнүн отличниги” деген сыйлык агартуучуларга гана эмес, ошол тармактын өнүгүүсүнө салым кошкон адамдарга да берилет. Мен өзүмдүн айылыма жаштарга спорт мектебин курдуртуп бергем, мугалимдер уюштурган иш-чараларга такай катышып турам. Айтор, балдардын билим алуусуна кошкон салымым бар. Өзүм да 1998-2000-жылдары институтта дене тарбия мугалими болуп иштегем. 5 жыл парламенттин Социалдык саясат комитетинин төрагасынын орун басары болуп иштеп, билим берүү тармагына тиешелүү бир топ мыйзамдарды кабыл алдык. Ушунун баары эске алынса керек. Анан ушул төш белгим үчүн мынчалык талкуу кылып, тепкиге ала турган нерсе эмес эле.

– Сиз тепкиге калган башка окуя боюнча сурайын деп жатам. Жаңылыш айтып алган сөздөрүңүз интернет айдыңында абдан талкуу болот. Мындай мамиле, айтылган сындар сизди капалантпайбы?

– Мен сөздү жаңылышып айтып алгандан уялбайм. Туура эмес мыйзам жазып, андан эл зыян тарткандан Кудай сактасын дейт элем. Ошондо жаңылып сүйлөп алганым ашыкча эмоциядан улам болду. Айрым депутаттар жаман көрүнүштөрдү колдоп, ошого үгүттөп жатышты, ошого ачууландым окшойт. Ар бир жаңылыш сөз Кудайдан. Балким, Кудай мени ошол сөздү айттыргысы келбей атайын жаңылткандыр. “Жаңылбас жаак болбойт” деген кеп бар кыргызда, сөздөн эмес, Кудай мени туура эмес чечимдерди кабыл алдырып жаңылтпасын. Мен эмес, ири державаларды башкарып тургандардын деле айрым сөздөрдү туура эмес айтып алган учурлары болот. “Ушул сөздү айта албай койду, сабатсыз, акылсыз” деп сындагандарды мен Кудайга койдум. Башкаларга окшоп “балык” болуп отура берсем, албетте, жаңылбайт болчумун, бирок депутат болуп келгенден кийин сүйлөшүм керек. Дарегиме айтылган сындарга капа болбойм, иммунитет бар. Анан бир принцибим бар – интернеттеги комментарийлерди такыр окубайм.

– Кеп нугун үй-бүлөңүзгө бурсак. Ата-энеңиз, бир туугандарыңыз жөнүндө айтып бербейсизби?

– Ата-энем педагогдор. Атам кыргыз тили мугалими болгондуктан, бизди сөз менен тарбиялады. Макал-лакап, фразеологизмдер менен аябай сүйлөчү. Биз балага сөз айтсаң бир кулагынан кирип, экинчи кулагынан чыгып кетет дей беребиз го. Антпей, кечке кулагына куя бериш керек экен. Атамдын ошондо айткандарынын баары эсимде. Ал сөздөр мээнин архивинде сакталып кала берет экен. Үй-бүлөдө 15 бир тууганбыз, эки эркек, калгандары кыздар. Баарыбызды ата-энем жогорку билимдүү кылышты, эч нерседен кем кылбай өстүрүштү. Мен бардар турмушта чоңойдум, топ кучактап эле мектепте балдар менен жүрчүмүн. Тобум айрылып калса кайра эртеси жаңы топ сатып беришет. Айтор, эрке анан тентек өстүм. Өкүнгөнүм – атам менин депутат болгонумду көрбөй калды. Бирок 15 бир тууганым бар, катышка баймын, жээн, куда, небере болуп жатып 100гө жетип калабыз чогулганда.

– Тентек өссөңүз, бала кезде кызыктуу окуяларыңыз көп болсо керек?..

– Кызыктуу окуялар абдан көп. Кичинемде япон породасындагы короздорду багып, аларды уруштурам деп эле кыйналып басып жүрчүмүн. Бир жолу атам “эй, сен кандай адамсың деги? Булар менен биротоло дос болуп алдың го” деп урушканы эсимде. Короздорго аябай кызыкчумун. Айылдын атаман корозу меники эле, короз уруштурам деп кошуна айылдарга чейин кирип кетчүмүн. Короз көрсөм эле колумдагы корозумду агытып жиберем, бири-бири менен урушуп кыйкырып баштаганда тиги короздун ээси чыгат. А мен корозумду кучактаган боюнча качам. Бир жолу классташым уруштурабыз деп меникинен эки эсе чоң дакен короз алып келиптир. Уруштурдук, меники кичинекей болсо да жеңип койду, бирок жемсөөсү айрылып, жеми көрүнүп калды. Классташымдын корозу да чарчап, эртеси өлүп калыптыр. Короздорум үчүн өзүм деле мушташып кеткенге даяр элем.

– Хоббиңиз эмне? Көпчүлүк саясатчылар тоого чыгышат, жылкы багышат, балык уулашат же футбол ойношот...

– Хоббим – спорт. Грек-рим күрөшү менен кичинемден машыгам. 2019-жылы Грузияда ардагерлер арасында өткөн Дүйнөлүк чемпиондукта 3-орунду алдым. Эл аралык спорт чеберимин. Футболду 7-8 жылдан бери ойной элек болчумун, жакында эле Жогорку Кеңештин атынан футбол ойноого туура келди. Беттешке чейин 2-3 күн машыккан элек, буттарыбыз ооруп калыптыр, президенттин командасы менен ойногон күнү буттарыбызга ооруну сездирбөөчү дарыларды сайдырып ойнодук. Көптөр “президенттин командасы менен атайын этияттап, аяп ойношту” дешти, андай эмес, жеңгенге болгон аракетибизди кылдык. Садыр Жапаров өзү Дене тарбия институтунун футбол багытын окуп бүткөн, футболду мыкты ойнойт, сол буту менен да, оң буту менен да таамай тээп гол киргизип жатты. Биз пас берүүдө бири-бирибизди түшүнбөй жаттык. Бирок оюнда сөзсүз жеңилип калган тарап болот.

– Кызыктуу маегиңизге чоң рахмат!

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1015, 20-26-май, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан