АК+КАРА (балеринанын тагдырын талкалаган ата-баланын баяны)

(Башы өткөн сандарда)

Бактылуу жылмайып турушту. Экөө жана күбөлөрү болчу. “Бактылуу болгула” дешти достору. Эч кандай шаан-шөкөтү жок эле, үлпөт тойсуз эле үйлөнүп алышты. Нике күбөлүгүн колуна алышты. Эркин жүрөгү жарылып кетчүдөй кубанычта эле. Айсулуусу ажайып сулуу болчу, жөнөкөй ак көйнөк менен болсо да перидей сулуу эле. Достору ага суктана да, кызгана да карап жатышты.

– Дос, биз кетели.

– Ооба, силерге эми ак жол!

Достору кеткенден кийин экөө тиктешип алып каткырып жиберишти.

– Рахмат сага, жаным!- деди Эркин.

– Учканга чейин дагы төрт саат бар, мен барып кийимдеримди жыйнайын.

– Меники даяр, багажда. Сеникине баралы, мен сага жардам берем.

Айсулуу акырын башын чайкады.

– Сен барбай эле кой, мен апам менен сүйлөшүшүм керек.

– Жаныңда болсом, балким, сүйлөшүү жеңил болот.

– Апам менен жалгыз сүйлөшкөнүм жакшы.

– Анда сыртта күтүп турам сени...

– Сен дагы апаңа бар, аны менен коштошсоң болмок...

– Жок, мен кат жазып чыктым. Апам түшүнөт. Мен жакшысы, сени күтүп турайын.

Эркин араң колуна тийген бактысы төгүлүп калчудай Айсулуудан карыш бөлүнгүсү келбей жатты. Айсулуу үйгө кирип кийимдерин салыштыра баштады. Бул үйдө анын балалыгы өткөн, ар бир бурчунда атасы экөөнүн элестери бар. Кыйбай карап турду да, атасынын рамкадагы сүрөтүн карап бооруна кысты. Ушул учурда үйдүн коңгуроосу чырылдады. Эшикти ачты, апасы колуна толтура азык-түлүк көтөрүп алган экен.

– Кандайсың, кызым? Бүгүн сага жакшы көргөн тамагыңды – дымдама жасап берейин дедим. Бош элесиңби?

– Кир, апа...

Альфия колундагысын көтөрө ашканага кирип, кайра чыкты. Чемодандарды көрүп туруп калды.

– Сен кайда?

– Мен кетип жатам, апа...

– Кайда?

Айсулуу үнсүз гана нике күбөлүгүн сунду. Альфия калтыраган колдору менен алып окуду. Шалак эте отуруп калды.

– Мен сага эч ким эмес экенмин да, демек...

Альфиянын көзүнөн жаштар агып кетти. Апасынын ыйлаганын эч качан көрбөптүр Айсулуу, ал тургай атасын жерге берип жатканда ыйлай албаган. Кызына көрсөтүп өмүрү ыйлаган эмес, апасын аябай күчтүү деп билчү. Жүрөгү түтпөй кетти. Чөгөлөп отура калды да, апасынын колдорун кармалай берди.

– Кечирип койчу мени, апа, ушундай кылышым керек болчу. Мени өтмүшүм менен Эркин кабыл ала албайт деп ойлодум. Кимдир бирөө билсе бизге тоскоол болот деп корктум. Мен аны аябай сүйөм, апа. Ансыз жашай албай калдым. Менин окуямды билишин каалабайм. Ошол үчүн бул кадамга бардым. Сенин эч кандай тиешең жок. Сен менин апамсың, сени жакшы көрөм. Балким, көрсөтө албайм, бирок жүрөгүмдүн тереңинде аябай жакшы көрөм сени. Так эле сен мага сүйүүңдү көрсөтө албагандай, мен да сага көрсөтө албайм. Кечирчи мени, ыйлабачы! Сага ушунча катуу тиет деп ойлогон эмесмин...

Кызы чөгөлөп суранып отурат, кызы биринчи жолу бирөөнү сүйдү. Ал болсо Аскардын уулу! Альфиянын башы айланкөчөк болуп жатты. Эрдин кесе тиштеди. “Стоп, кызым бактылуу болуш керек!” деди өзүнө-өзү. Эми кызы тарапта болуп гана жардам бере алат. Булар ушунчалыкка баргандан кийин эми кызы жакта болушу керек. Аягы кандай болсо ошондой болсун, кызы үчүн бул нерсени кылышы керек! Ушундай деп чечти Альфия, сырды сактоого жардам бериши керек. Экөөнө тең! Ушинтип ойлоду да, кызынын маңдайынан сүйдү.

– Сулуум менин, сен бактылуу болосуң! Кичинекейим, менин кызым бат эле чоңоюп колукту болду. Атаң көрсө эмне?..- деди көз жаш арасында жылмайганга аракет кылып. Айсулуу апасын кучактай берди. Экөө көп жылдан бери биринчи жолу берилип кучакташты.

– Бүгүн учасыңарбы?

– Ооба.

– Чакыр аны...

– Кимди?

– Эркинди...

– Эмнеге, апа?

– Коркпо, кызым, мен силерге болгону бакыт каалайм. Өз колум менен сени ага тапшырам. Сыртта сени күтүп турса керек, чакыр.

Эркин босогодон киргенден баштап Альфия тагдырдын тамашасына таң калды. Турушу менен атасы! Болгону жигиттин жүрөгү таза, ак дилден кызын сүйөрү көрүнүп турат. Аскар да, балким, жаш кезинде ушундай болгондур, ким билет?..

– Эркин, Айсулуу мындан ары сага аманат. Эгерде кызымдын көзүнөн бир тамчы жаш сен үчүн куласа башың менен жооп бересиң. Менин жашоодогу эң кымбатым ушул кыз. Капа кылба.

– Макул...

– Бакыт каалайм силерге!

– Биз сөзсүз бактылуу болобуз!- деди Эркин ишеним менен.

ххх

Сүйүн уулунун бөлмөсүнө баш бакты. Эмнегедир кечикти. Телефон чалса өчүк экен. Вотсабын ачты эле, учак менен билеттин сүрөтүн тартып салып жибериптир.

“Апа, столдо сизге кат таштадым. Башкача коштошо албай койдум. Мени кечирип коюңуз. Мен сизди аябай жакшы көрөм!” деп билдирүү жазыптыр.

Столдо турган катты акырын ачып окуп баштады.

– Апа, мен сизди аябай жакшы көрөм. Ичимдеги сезимдерди бетме-бет айтып түшүндүрө алдымбы билбейм, бирок кат менен мени жакшыраак түшүнөсүз деп ойлойм. Айсулуу экөөбүз баш коштук. Эч кимге кабар берген жокпуз, силер деле бербей эле койгула. Азыр билеттер колумда, дароо учуп кетебиз. Мага таарынасыз, туура, ар бир эне баласынын тоюнда ак тилек айтып, келинине ак жоолук салып, элдин батасын алгысы келет. Мындай бакытты мен сизге жашата албадым. Абал ушундай болуп калды. Апа, мен бул кызды сүйдүм. Андан өзүмдү бөлүп көрө албай калдым. Ансыз дем ала албай калдым. Бардык окуяны экөөбүз чогуу көрдүк, биз күнөөлүүбүз, апа. Мен күнөөлүүмүн! Балким, Кудай мени ошол күнөөм үчүн жазалап жүрөгүмө ушул сүйүүнү салгандыр. Жанында ар күнү өлүп, кайра тирилип жашаарымды билем. Бир күн бактылуу болсом, он күн “качан билип калат?” деп коркуу менен жашаарымды билем. Бирок ошол убакыт келгиче мен бактылуу болгум келди. Мен аны менен бир жашоону бөлүшүп жашагым келди. Ар күнү көзүмдү ачканда аны менен ойгонуп, аны менен тамак ичип, кечинде жумушка келгенде мени ушул кыз күтүп жатканын билип жашагым келди. Канча убакытка созулат, аны эч ким билбейт. Мен дагы билбейм. Атам... Мага сен түшүнсөң жетет. Мен үчүн сарсанаа болбо. Алтыным апа, мен бактылуулугумда да, бактысыздыгымда да сени менен биргемин...

Сүйүн катты акырына чейин окуй албады. Ыйлап жиберди. Мурункудай дароо Аскарга телефон чалып “уулуңду токтотуп кал же издеп тап” дегиси келди. Бирок бул нерсе жардам бербесин түшүндү. Уулунун аз убакыт болсо да бактылуу болушун каалады. Эне жүрөгү мекенинен учуп кеткен эки жашка бакыт каалап турду.

ххх

Аскар өзү менен өзү. Бир нерсени жоготуп алгандай. Көкүрөгү эле бир туңгуюкка кептелип, жээкке чыгып калган кемедей сезе берди. Сыртынан караганда баары жакшы болчу. Бизнеси жүрүп жаткансыйт, жаш аялы үйдө. Бирок өзүн жоготуп алгандай эле кайсаңдайт. Акылдуу адам да, Марал ага эч кандай байланбаганын байкады. Өзү деле алгачкы кумарлануу, кызыгуу кеткенден кийин жаш аялына кайдыгер боло баштаганын байкады. Кызыкчылыктары такыр дал келбей турганын байкады. Ушуну байкаганда таң калычтуу нерсе келип чыкты. Өмүр бою маани бербеген, жашоосунун кайсы жерине коюп койсо да макул болуп жашаган, өзүн ушунчалык сүйгөн бир гана аял Сүйүн экенин билди. Билди да, бул нерсеге аябай таң калды. Достору анын кыз жандуулугуна таң калып, “Аскар биздин Чыңгызхан. Мурунку заманда жашаганда 400дөн кем эмес аял алмак” деп тамашалап калышчу. Жашоодо аны артыкчылыгы, кемчилиги менен сүйгөн жалгыз аял болгон экен. Сүйүн! Туйлап кетти жүрөгү. Мурунку аялын көргүсү келди. Көрсө жоготкон нерсесин таба тургандай, кусалыгы жана тургандай сезилди. Сүйүн ооруканада эле. Аны укканда ого бетер жаны чыгып кете жаздады. Палатага кирип келген атасын көрүп кыздары таң кала түшүштү.

– Кандайсың, эмне болуп кетти?- деп апасынын колун кармалап үйрүлө түшкөн атасын көрүп бирин-бири тиктеп таң калышты. Кыздары палатадан чыгып кетишти. Сүйүн алсыз гана башын ийкеди.

– Жакшы эле жүрбөдүң беле?

– Жүрөк кармады, дагы жакшы кыздарга кабар бере алдым. Өх, жакшы, буюрса...

– Бир нерсе болдубу?

– Эркин кетип калды.

– Кайда?

– Үйлөндү да кетип калды.

Аскар шалак этип отуруп калды. Оюнда баары бир токтото алам деген. Токтото албаптыр да. Эми эмне болот?

– Аскар, ал мага кат жазып кетти. Сен дагы алардын жашоосуна кийлигишпе. Уулуң чоң адам, бактылуу болсун. Канчага созулат бул нерсе эч ким билбейт. Өзү да катта ушинтип жазган экен. Жайына кой.

– Жайына койбогондо эмне кылмак элем?- деп күңк этти Аскар.

– Сен өзүңдү ойло, эми жалгыз жашайсыңбы?

– Кыздардын бири жаныма көчүп келишет.

– Аа, жакшы.

Башка сөз айта албады Аскар, кабагын түйгөн боюнча палатадан чыга жөнөдү. Сүйүнгө ал сагынганын, анын кадырын билгенин, дагы далай нерселерди айткысы келген. Бирок айта албады...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1015, 20-26-май, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан