Эненин кучагында эркелөө, жылуу колдорунун илебин сезүү, эреркеп сырларыңды айтуу, баарлашуу... Бул баа жеткис нерсе, бирок көп учурда баалай албайбыз. Мындай көз ирмемдердин кадырын кеч билебиз. Кезектеги каарманым куудул Жакут Сыдыков менен баарлашып жатып андагы өкүнүчтү сездим. Анда бул жолу Жакут мырзанын апасы тууралуу кеп болсун...
“ООРУКЧАН ЭКЕНИМЕ КАРАБАЙ АПАМ БАГЫП АЛЫПТЫР”
– Менин апамдын аты Калийман. Ал жашоодо төрөбөгөн, бирок мээрими бүт ааламга жете турган өзгөчө аял эле. Апам өзүмдүн атам Тариелдин аталаш эжеси болгон. Анын айтуусу боюнча, мени 2 айлыгымда, төрөгөн апамдын айтуусу боюнча, 6 айлыгымда багып алыптыр. Окуя мындай болуптур, ата-энем сакмалга кетиш керек болуп, менден улуу Бакыт деген баласын апама калтырышкан. Эки айдан кийин келишсе Бакыт байкем менен апам эне-баладай жакын болуп калышыптыр. Ата-энем келип баласын алып кетип жатканда апам байкуш аябай ыйлаган экен. Төрөбөй калганына өзүн каргап, Кудайды да каргап, тагдырына таарынган тура. Бирок боздотуп эле баланы алып кетип калышыптыр. Ошол окуяда ата-энем “кийинки балабызды сизге беребиз, бул биринчи балабыз болуп жатпайбы” деген сыяктуу сөздөрдү айтышыптыр. Андан кийин эжем, кийин мен төрөлөм. Оорукчан болуп төрөлүп, буттарымды жыйнай албай шалактаган бала экем. Врачтар “бул бала болбойт, болсо дудук болуп калат” дешкен экен. Мына азыр дудуктун өнөрүн көрүп жатасыздар (күлүп). Апам алгач мени албайм дептир. “Бакытым эле жакшы болчу, муну албайм” деген экен. Карабайсызбы, тагдырымдын татаалдыгы ошол учурда эле башталыптыр (күлүп). Мышыкты, күчүктү деле үйгө бакчу апам ага караганда адам баласы да деген окшойт (күлүп). Кийин жүрөгүн арнап жакшы көрдү. Ошентип апамдын эрке баласы болуп чоңойдум. Бакма экенимди 22 жашымда билдим. Оор кабыл алдым, ыйладым, жаңжал салдым, ишенген жокмун. “Өлүп калсам жалгыз калбасын деп эле калп айтып жатат” деп ойлодум. Бирок чындыктан эч кайда качып кутула албайт экенсиң.
“ЖАШООМДОГУ ЖАЛГЫЗ ЖАКЫН АДАМЫМ БОЛЧУ”
– Апам түйшүгүмдү аябай тартты.Оорукчан болуп төрөлүп, 11-классты бүткөнчө ар жылы ооруканага жатып жүрдүм. Эс тартканы оорукчан болгонумду билем. Эс тарта электеги апама салган түйшүгүмдү бир апам, анан Кудай билет болуш керек. Денеме сары май эле сүйкөй берчү, аны ичирчү. Элдер 100 граммдап арак ичсе, мен стаканга куюп сары майды бастырып алчумун. Эми медицина өнүгө элек заман эле да. Ооруган баланы багуу оңой эмес, апам күнүн дагы, түнүн дагы мага арнап чоңойтту.
Аябай мээримдүү киши эле, Жараткандын ар бир макулугун жакшы көрчү. Тоок, мышык, күчүк, жылкы, дегеле кыбыраган жандыктын баарын аячу. Күчүктү үйгө киргизип төшөк салып жаткырып койчу. “Эл эмне дейт, апа, сыртта эле жүрөт го элдин иттери, чыгаралы” десем болчу эмес. Сатираларымда ит, мышык, анан мен болуп үч бир тууган болуп чоңойгонбуз деп айтып калам. Өзү сөөк-саактуу, сүрдүү, эркек мүнөз, баатыр эле, анча-мынча эркекти ордуна коюп койчу. Сөз кайтарганга көптөр даай алчу эмес. Өмүр бою кароолчу болуп иштеди.
“АПАМДЫН ТАМАГЫ...”
– Үйдөгү аялдын жумушун укмуш жасачу. Тамакты да даамдуу жасаар эле, эл “Какиш эженин тамагын ичип келеличи” деп атайын келишчү. Көзүмдүн агы менен тең айланып, дүйнөдө кандай жакшы сөз болсо баарын мага арнап эркелетчү. Жетпей жүрүп жеткен баласы болсом, болгон мээримин мага төктү окшойт. Өнөрүм чыгып, ырдап баштаганда сыймыктанып бүтө алчу эмес.
“ӨКҮНҮП ЖҮРӨМ...”
– Ал кишинин мага кылган эмгегинин көбүн кайтара албадым окшойт. Апам экөөбүз кыйналдык, анткени мен чыгармачылык менен шаарда болсом, апам айылда. Менсиз жашоосу кыйын болду. Бири-бирибизден башка эч кимибиз жок эле да. Кийин аны шаарга алып келдим. Апамды бага албай калдым... Окурмандар “бул эмне деген сөз?” деп таң калышы мүмкүн, бирок сөз акыйкатынан бузулбаганы жакшы. Ошол кезде жакшы тамак бере алсам, көңүлүн көтөрсөм, врачтарга көрсөтсөм, балким, көп жашайт беле деп өкүнөм. Мен көп акча таба албай калдым, Жакут Сыдыков болуш үчүн гастролдоп кетип калчумун. Апам жалгыз калып жакшы каралбады, чай-пай эле ичип, ысык тамак ичпей калган убактары болду. Жыргатып бешбармак, манты жасап бере албадым. Ошол кезде турмуш оор беле, же мен алсыз белем, аны билбейм. Батиримдин ижара акысын төлөй албаган күндөр болду. Жылдан жылга карыз боло берчүмүн. Анткени элдей болуп чыгармачылыктан башка кошумча иш кылган жокмун. 18 жыл бою гастролдоп жүрдүм. Үй сала алган жокмун, жашоо шартымды оңдой албадым.
“АПАМДЫН ӨЛҮМҮН ГАСТРОЛДО ЖҮРҮП УКТУМ”
– Апам каза болгондо гастролдо жүргөм. Ысык-Көлдө Кызыл-Өрүктү деген айылда жүрсөм таякем телефон чалып “апаңдын абалы жакшы эмес, Ак-Талаага кел” деди. Каза болгонун түшүндүм, жүрөгүм сезди. Чынын айтсам, апамдын азасына барууга тыйыным жок эле. Эл концертке кирип жатканда кабар алдым, “концерт болбойт” деп чыгып кетейин десем тыйын жок. Аргасыз жүрөгүм ыйлап жатканына карабай ошол күнү сахнага чыгып элди күлдүрдүм. Бул нерсени эч кимдин башына салбасын. Азыр анча-мынча ырдап жүрбөймүнбү, ал кезде куудул элем, элди күлдүрүшүм керек болчу. Жалгызымдан айрылдым, аргам жок бакырып ыйлай албай, тескерисинче, элди күлдүрүүгө мажбур элем. Эртеси төрөгөн апамды алып, Ак-Талаага апамдын азасына бардык. Апам үйлөнүп балалуу болгонумду, аздыр-көптүр атымдын чыкканын көрдү, шүгүр кылам. Бейишин берсин деп дуба кылгандан башка айла жок.
“АПАМДАН ТЫШКАРЫ ДАГЫ ЭКИ АПАМ БАР”
– Апамдан тышкары дагы эки апам бар, бирөө мени төрөгөн апам, экинчиси атамдын аялы. Экөөсүн тең сыйлайм, жакшы көрөм. Төрөгөн апам мага жашоо берди, жарык дүйнөгө алып келди, ошол үчүн сыйлайм, баалайм, жакшы көрөм. Ата-энемдин турмушу болбой калып, экөө эки жакка кетишкен экен. Атам жактан да, апам жактан да бир туугандарым бар. Баары менен жакшы катышам. Байкасам, төрөгөн апама 80 пайыз окшош экем. Ал өтө таланттуу акын, Жазуучулар союзунун мүчөсү, эки китеби жарык көргөн. Мүнөзүм аябай окшош, чарт-чурт этип кетмейим, тез эле ак көңүлдөнүп калмайым бар. Баккан апамдын менде эмгеги, тарбиясы, сүйүүсү калды. Бул апаларымдын орду башка, Калыйман апамдын орду таптакыр башка. Ар дайым жүрөгүмдө...
Нуржамал Жийдебаева