“Жубайымды бир көрүп жактырдым” дейт төкмө акын Эламан Келдибеков. “Сүйсөң акчанын бар-жогунун деле мааниси жок болуп калат экен” дейт жубайы Сабина Артыкбаева. Ушундай сезимдерге кабылган жан шериктердин сүйүүгө толгон маегин сунуштайбыз.
– Эламан, Сабина, куш келипсиңер. Алгач таанышкан күнүңөрдөн баштайлы, ээ?
Эламан: – Кандайсыздар? Жакшы болот. Сен баштачы, жаным.
Сабина: – Макул, мен айтыштарды кызыгып көрөм. Эламан жагып калып, Одноклассники социалдык тармагынан өзүм жазгам. Сиз айтып бериңизчи, эмне деп жаздым?
Э.: – 2019-жыл болчу, анда айтыштарыбыз жакшы кетип жаткан. Мага жазган кыздар да көбөйгөн. Башка кыздар “салам, кандайсың?” деп эле жазышчу. Бул “сен мага жагып калдың. Кааласаң мага жаз” деп номерин да калтырып коюптур. Дароо ушинтип жазганына таң калдым. Кээде жазышып коюп турдук. Кийин “мен Кыргызстанга баратам. Бош болгонуңда чал, жолугалы” деп жазды. Анда Москвада иштечү. Чалдым, жакшы сүйлөшүп кеттик. Жолуктук, досторум менен чогулмакпыз, ошол жакка ээрчитип бардым. Досторум аялдары менен барышкан. Сабинага ошол күнү эле “сага үйлөнөм” дедим. Анткени мага көргөндө эле жагып калды. Сүйлөшкөндө оюбуз бир жерден чыгып жатты, окшош жактарыбыз көп экен. Бир көрүп жактыруу дегенге ишенчү эмес элем, минтип башыма түштү (күлүп). Ошол күнү досторума да үйлөнөм десем, “жакшы экен” деп анчалык олуттуу кабыл алышкан жок.
– Муну сиз кандай кабыл алдыңыз?
С.: – Тамаша катары эле кабыл алгам.
Э.: – Сабина менден 2 жаш улуу да. Жакындарыма айтсам, “аны алып эмне кыласың, андай кызды алып эмне, майыпсыңбы?” дегендер болду. Баары бир алам дедим да, алып алдым. Мага жакса болду да.
– Андан кийин Москвага барып баш коштуңарбы?
Э.: Жок, бул жактан эле баш кошконбуз. 2 айдай сүйлөшүп жүрүп, шартыбызга жараша эң жакын адамдарыбызды гана чакырып үйлөнгөнбүз. Москвадан келип, Баткенге алып бардым. Ал жактан тууган-урукка той өткөрдүк. Эми чыгымы азыраак чакан той берели деп жатабыз.
– Сабина, Баткенге биринчи жолу бардыңыз...
С.: – Ооба, өзүм айылда чоңойгон кызмын. Жалал-Абаддын Аксы районунан болом. Өзүбүздүн айылдай эле жакшы жер экен. Ал жакта 15 күндөй туруп келдик.
– Азыр жаштар бир нерсе болсо эле социалдык тармактар аркылуу жарыялашат эмеспи. Силер анткен жоксуңар...
С.: – Негизи менин жашымдан уялып жаттык. 2 жаш улуумун да. Эламанга сөз тийип калбасын деп азыр деле уялам.
– Москвада жашооңор кандай уланды?
Э.: – Мен тигүү цехинде, Сабина сулуулук салонунда иштеди. Негизи Кыргызстанда жүргөнгө жетпейт. Бирок башка жакка барып иштеп келгендин да жакшы жактары бар, эл, жер көрөсүң. Концерт менен барган башка, мигрант болуп барган башка. Концерт коюп барсаң сый гана көрөсүң. Бирок мигрант десе эле байкушту түшүнө бербеш керек. Орустардан да жакшы жашаган кыргыз мигранттары бар. Бөтөн жерде мекенге болгон сүйүүнү көбүрөөк сезет экенсиң.
Дагы бир нерсени байкадым, бул жактагыларга караганда айтышты көп көрүп, баалашат, концерттерди жакшы көрүшөт экен. Ошон үчүн концерт коюп баргандар көп. Мени көргөндөр “Гив ойноткону келдиңби же концерт койгону келдиңби?” деп сурап жатышты. “Иштегени келдим” десем тамашалап жатат дегенсип ишенбей карашты. Көпчүлүк кыргыздар мени таанып, сүрөткө түшүп жатышты. Ал жакта концерттер, “Сармерден”, ыр кесе, айтор, маданий иш-чаралар Бишкектегидей эле өтүп турат. Чакыруулар болуп жатты, бирок көбүнө жумуштан бошоп бара алган жокмун. Бирок айтыш жок. Айтышты сагындым.
– Чыгармачылык менен алек болууга убакыт табылып жаттыбы?
– Чыгармачылык таштап коё турган нерсе эмес. Ыр көкүрөгүңдө толуп калат, тешип чыгат. Ошондойдо кайрылууларды жасап жаттым. Айтышка чыкпай бук болуп калдым. Эми кетип эле калбасак айтыштарга катышам.
– Кетесиңерби?
Э.: – Аны шартка жараша көрөбүз. Азыр так кандай болорун айта албайбыз.
– Орус тилинен кыйынчылык жаралган жокпу?
Э.: – Мен Москвага кетип жатканда орусчаны катуу сүйлөп келем деп ойлогом. Бирок барган жеримде 60-70 кыргыз болсо, 1-2 эле орус бар экен. Бир жолу орус бала мага бир нерсени айтып берип жатат, башымды ийкеп койсом күч алып кетти, туура жерден ийкеген окшойм (күлүп). Түшүнгөн адам болуп күлүп, баш ийкеп тура бердим. Дагы бир жеринде башымды ийкесем тып токтоду да, мени карап туруп калды. Билбейм эмне жөнүндө айтты. Ошондон кийин мага сүйлөбөй калды (күлүп).
– Сүйүүнү сүрөттөп бергилечи.
С.: – Турмушка чыга элегимде эркек каржылык жактан камсыз кылышы керек, мен жакшы кийинишим керек, жакшы жашашым керек деп ойлочумун. Эгер шарттарыма көнбөсө макул болбойм дечүмүн. Сүйүү адамды өзгөртүп коёт экен, ошого таң калдым. Жакшы көрүп, эч нерсесине карабай калдым. Акчабыз барбы-жокпу, маанилүү эмес. Экөөбүз бирге болсок, буюрса, калганын жасап алабыз.
Э.: – Устатыбыз айткандай, сүйүү кудайлык маселеге кирет. Азыр түшүндүрүп бере албайм. Көзүбүздөн көрө алсаңыз, ортобузда сүйүү турат.
– Айрым чыгармачыл адамдар “үй-бүлөң болсо деле башканы сырттан сүйүп койсоң эч нерсе болбойт” дешет...
Э.: – Бул суроого кийин өзүнчө жалгыз келгенде жооп берем (күлүп).
С.: – Андай сүйбөй үйлөнгөндөрдө болсо керек. Бизге ушул сүйүүнү кут кылсын. Эгер ушунчалык сүйүүм күчөп, дайыма ушинтип жүрөгүмдөн от чачырап турса, анда Эламанды өзүмдөн кетирбейм. Мени гана сүйүп жүрө турган кылып алам.
Э.: – Ваай.
– Үйдө чечимдерди ким кабыл алат?
С.: – Жолдошум кабыл алат. Туура эмес болсо да туура дейм. Анан кийин акырын түшүндүргөнгө аракет кылам, мындай болсо кандай болот, мындай вариантты карап көрбөйлүбү деп. Негизи айымдар эркектин башкарганын, маселелерди эркектин чечишин каалайбыз да, аркамдан ээрчитип жүргүм келбейт. Туура эмес болсо да чечимди жолдошум кабыл алышын каалайм.
– Жолдошуңузга сиз деп кайрылат экенсиз...
С.: – Мага өзү сиз дечи деп айтты. Бул сунушу мага да жакты. Жаш, жакшынакай кыздар сиз десе жагымдуу болуп аны жакшы көрүп калсачы деген ой болгон. Ошондуктан издегенин өзүм эле берейин деп дароо макул болдум.
– Үй-бүлөңөргө байланышкан кыялдарыңарды сурагым келип жатат.
С.: – Көп балалуу болгубуз келет. Карыганда балдар, неберелерди бөлүп коюп, экөөбүз эле чакан үйдө азыркыдай сүйүшүп жашасак дейбиз.
Э.: – Эң аз 10 балалуу болобуз. Кантип багабыз деген маселе болбосо керек. Анткени бул да, мен да турмушка тыңбыз.
– Сүйүүңөр соолубасын!
Перизат Музуратбекова