ФИЗИКАЛЫК КАРТА ЖАНА ӨТҮКЧҮ

Эркектин башында норка тумак, моюнунда галстук, үстүндө кара кашемир пальто. Айтор, кычырайт. Жанында ээрчиген 3-4-класстарда окуган баласы бар. Экөө түз эле китеп саткан дүкөнгө киришти эле, атакеси сатуучу кызга кайрылды:
– Карындаш, мобул бала окуганга жанагы дубалга иле турган “география” бериңизчи?!- деди эки колун эки жакка жайып көрсөтүп. Аны тиктей караган сатуучу кыз “бырс” күлүп: “Сыртынан маданияттуу, билимдүү адамдай көрүнгөнү менен сүйлө­гөн сөзүн кара!”- деди ичинен.
– Кечирип коюңуз, мүмкүн географиялык карта керек болуп жүрбөсүн?!
Атасы унчукпай баласына карады. Баласы столдун үстүндө жайылып жаткан карталарды колу менен көрсөттү.
– Ии, момундан...
– Байке, муну физикалык карта дейт.
– Ий, ошол физикадан.
«Ий, кокуй»,- деди кыз ичинен тигинин сабаты жок экендигин баамдап.
– Бизге бирди бериңиз.
– Физикалык карта төрт бөлүктөн турат.
– А бизге бирөө эле керек.
– Андай болбойт. Анткени, балаңыз толугу менен эмес, чейрек бөлүгүн өздөштүрүп калат.
– Болуптур. Анда толугу менен бүт бериңизчи?!
– Дагы эмне керек?- деди эркек баласына кайрылып.
Анан илинип турган чоң географиялык картаны көрө коюп:
– Мынча болду, мындан да бирди бериңизчи?!- деди.
– Кимге?
– Кимге болмок эле, бизге.
– Бул карта чоң класстар үчүн. Ошондуктан, уулуңузга али эрте. А сизге кереги деле жок болуш керек,- деди
жылмая карап.
– Мага кереги жок экендигин кайдан билдиңиз?
– Сөздөрүңүздөн байкап койдум. Мүмкүн, сизге географиялык карта эмес эле мык-сык керек болуп жүрбөсүн?!- деп какшык аралаштыра мыйыгынан күлдү са­туучу кыз.
– Карындаш, көзүңүз ачык эмеспи? Менин өтүкчү экенимди кайдан билдиңиз?- деп оозун ача таңкалып караганда сатуучу кыз каткырып күлгөн экен.

Нуркул


АЙНАКАН КОШОК КОШКОНДО

Биздин айылдык шаңкылдаган үнү бар Айнакан каза болгон таежесине аза күтүп, боз үйдүн ичинде ыйлап отурган эле. Ага жанында отургандар:
– Сен көпчүлүк алдында дайыма ырдап жүрөсүң. Үнүң жакшы эмеспи. Анын үстүнө, жакын таежең болсо, кошок кошуп отур,- деп кошок айтып ыйлоону сунушташат.
– Макул, кошокту кошоорун кошоюн, бирок, кантип айтууну үйрөткүлө,- дейт тез эле макул боло түшкөн Айнакан. Шыпылдаган бир таажеңеси турган жерден:
– Көк көйнөк кийип жүрчү эле,
Көңүлү көл­дөй кең эле…- деп төрт сапты кошуп берип, “эми жаттап алгын” дейт. Айнакан таажеңеси үй­рөт­көн кошокту берилип жаттай баштайт. Бир маалда сырттан батага келе жаткан элдин дабыштары угула калат. Шашып кеткен Айнакан дайыма той-топурда ырдап жүрүп көнүп калганга адатынча созолонтуп:
– Көк көйнөк кийсең көңүлүм сага бөлүнөт...- деп көзүн жумуп алып ырдап кирет. Жанында отургандар түртсө да болбойт. Батага келгендер көз­дөрүн ымдагылашып, түшүнө бербей туруп калышат. Ырдап бүтүп көзүн ачса, элдин баары айласыздан бырс күлүп: “Сен той кылып жибердиң го”,- дешет. Кошок кошпой эле ырдап алганын түштөн кийин тү­шүн­­гөн Айнакан эки бетин кызартып, же ыйлаарын билбей же кү­лөө­рүн билбей туруп кал­ган экен.

Гүлжан

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Joldoshbek
2009-11-09 12:38:12
Jakshi Anekdottor eken.
0
№ 242, 22-28-июнь, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан