Айтахун Макеев, окурман: “СУПЕР-ИНФО” МЕНЕН 20 ЖЫЛДЫК САПАРДА ЧОГУУ КЕЛЕ ЖАТАМ”

“Таятам силердин туруктуу окурманыңар, бир дагы санын калтырбай окуп, чогултат” деп редакциябызга Нурайым аттуу бийкеч кайрылды. Андан улам Ак-Суу районуна караштуу Челпек айылынын тургуну Айтахун Макеев менен баарлаштык. Окурманыбыз учурда 76 жашта экен.

– Саламатсызбы? Ден соолугуңуз жакшыбы? “Супер-Инфонун” туруктуу окурманы болгонуңузга канча жыл болду?

– Кудайга шүгүр, жакшы, балам. Чындыгында, мен силердин гезит чыккандан бери окуп келем. Сканворд болуп чыккан кезде эле ала баштагам. 20 жылдык сапарыңарда чогуу келе жатам десем болот. Силердин гезитти кызыгып окуганымдын себеби – жазган темаларыңар жакшы. Баары камтылган, бир эле гезиттен түрдүү нерсени окусаң болот. Ар тармактуу болгону үчүн калтырбай окуп калгам. Байбичем тамак-аштар жазылган бетти окуйт, керектүүлөрүн дептерине жазып алат. Гезитти жума, ишемби күндөн калтырбай алганга аракет кылам. Гезитти атайын Каракол шаарына барып алып келем. Алып эле дароо биринчи бетин карайм, андан кийин 4-бетин – саясатты окуйм. Анан сериалдарга өтөм. Аларды бүтүп коюп анан башкаларын шашпай окуп чыгам. Байбичем арыдан-бери сканвордду толтура коёт. Ал толтура албай калган жерин мен толтурам.

– Гезиттерди чогултат деп да айтып жатты эле?

– Ооба, чогултам. Топтогон гезиттерим деле батпай кетти. 2010-жылдан баштап катарын бузбай чогултам. Мурункуларын өзүнчө жыйнап койгом. Быйылкы 1000-сандан баштап өзүнчө топтоп жатам. Пандемия маалында гезит бир келип-бир келбей калган маалда гезит саткан жерлерге дайындап койчумун. Алар мага чогултуп алып келип беришчү. Чогултуп баштап алгандан кийин катарын бузгуң келбей калат экен. Кээде сериалдарда окуяларды издеп калганда мурунку сандарды алып чыгып окуп чыгам. Тааныш-туугандарга керек болуп калганда менден сурап алып кетишет, кайра алып келип беришет.

Гезит бетине чыккан окурмандарды көрүп мен дагы байланышсам деп ойлонуп койдум эле, бирок өзүм телефон колдонбогондуктан чалган эмесмин. Кубанып турам, байланышып мени да эске алганыңарга рахмат. Быйыл гезиттин түптөлгөнүнө 20 жыл болуп жатпайбы. Мааракелик жылыңар менен куттуктайм! Мындан ары да өркүнүңөр өсө берсин. Мындан да жакшы кылып чыгарып, окурмандарыңарды кубанта бергиле.

– Сизге ыраазычылык билдиребиз. Дайыма сүйүктүү окурманыбыз болуп жүрө бериңиз. Ден соолук каалайбыз.

Сөз арасында карыянын небереси Нурайымды да кепке аралашты:

– Таятам өткөндө ооруканага жатып калып гезиттин 3 санын ошол жактан окуду. Бейтапканадан үйгө чыгарганда гезиттерин алып келбей коюшуптур. “Гезиттеримдин саны үзүлүп калат, таап келгиле” деди. Гезит саткан жерлерди кыдырып жүрүп таап келип бердик. Катарын такыр бузбайт. Мен “Тагдыр оюну” деген сериалды окуйм деп мурунку гезиттерин алсам “адаштырып саласың”деп урушканда залга гезитти узунунан тизип алып окуп, кайра катары менен жыйнап бергем. Ошентип жатып эми-эми коркпой-үркпөй гезиттерине тийгенге уруксат алып калдым. Короого вагон сатып алган, гезиттерин коробкаларга салып ошол жакка жыйып, бекитип алган.

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1015, 20-26-май, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан