Сейитбек Сталбек уулу: “КЫРГЫЗСТАНГА КОРРУПЦИЯ ЖОЮЛСА КАЙТАМ”

"Мекендеш" рубрикабыздын алкагында Германияда жашаган мекендешибиз Сейитбек Сталбек уулу менен маектештик. Маекте каарманым Германияга кантип кеткени, ал жактагы жашоо, кыргыздар көбүнчө эмнеден кыйналат жана башка бир топ тема боюнча ой бөлүштү.

– Сейитбек, саламатсызбы? Өзүңүз тууралуу айтып берсеңиз.

– Саламатсыздарбы? Мен 1996-жылы 17-августта Ош облусунун Алай районунун Күн-Элек айылында туулгам. 3 бир туугандын улуусумун. Биз Ош шаарында турабыз, ал жакта 9-класска чейин окуп, кийин ОшМУнун алдындагы колледжде салык жана салык салуу багыты боюнча окудум. 2-курста окуп жатып “Мевлана” программасы боюнча Түркияга окууга кеттим. Ал жакта окуп жүрүп, билимимди Германияда улантууну ойлонуп койдум. Себеби көпчүлүк түрктөр билимин жогорулатуу үчүн Европага барышат экен. Кайра Кыргызстанга келип, окуумду улантып жатып Германиядан билим алуу жолдорун издеп баштадым. Алгач тил үйрөндүм. Тил үйрөткөн курстагы мугалим бизди Au Pair программасынын тил сынагына даярдады. Сынакты тапшырып өтүп кеттим, бир жылдык виза алдым да, Германияга келдим. Бул программа боюнча келсең бир жыл немис үй-бүлө менен жашайсың, тамак-ашыңды, медициналык камсыздоону, тил курстарын ошол үй-бүлө төлөп берет. Келген адам болсо үйдүн балдарын карайт. Эгер үй-бүлө менен келишпестиктер болуп кетсе, башка үй-бүлө издеп чыгып кетсең болот. Айлык акысы 300-350 евро. Мен 6 ай ушул программа менен жүрүп 3 үй-бүлөдө жашадым. Ар кандай кыйынчылыктар болду, себеби немистердин балдары тилди угушпайт. Бирок ата-энелери балдарын урушпайт, жөн гана сөз менен түшүндүрүшөт. Андан кийин башка программага тапшырып, медициналык билим алууга өттүм. Учурда Ausbildung программасынын алкагында медициналык билим дагы алып, медициналык кызматкер болуп да иштеп жатам. Учурда Бавариянын Ансбах деген шаарында жашайм.

– Ал жакта окуу системи кандай экен?

– Мага Германиянын окуу системи аябай жакты, коррупция такыр жок, чыныгы билим аласың. Биз 1 ай окуп, 1 ай практикага чыгабыз. Окуудан айына стипендия алып турабыз. Жумушта 8 саат иштейм, ашыкча иштегенге болбойт. Шарттары эң жакшы, жумуштан кийин спорт менен машыкканга, окуганга жетишем. Бош күндөрү саякатка чыгабыз. Жакынкы шаарларга велосипед менен барабыз.

– Медицина тармагы тууралуу сөз кыла кетсеңиз...

– Медицинада жогорку деңгээлдеги шарттар каралган. Биз шартыбызга жараша иш графигин өзүбүз түзүп алабыз. Керектүү медициналык аппарттардын баары бар, абалдары сонун. Медицина кызматкерлери бейтаптарга жакшы мамиле кылышат. Бирине жакшы, экинчисине башкача мамиле кылуу жок, баарына бирдей карайбыз. Окуу учурунда бейтаптарга мамиле кылууну да үйрөтүшөт.

– Немистер чын эле убакытка так болушат бекен?

– Ооба, өтө так. Жумуш 6да башталса, баары 6:00дө келишет. 5 мүнөт кечигип жатса эртерээк чалып айтып коюшат, бирок мындай кечигүү аябай сейрек болот. Автобустар, поезддердин убактысы өтө так. Анан дагы көчөдө бир буюмуңду унутуп койсоң же түшүрүп алсаң эч ким тийбейт. Көрүп калган адам, атайын жоголгон буюмдарды коё турган пункт бар, ошол жакка алып барып берет, же полицияга кабар берет. Бири-бирин тааныбаса деле саламдашып, жылмайып жүрүшөт. Жардам сурасаң жок деп айтышпайт. Немистердин эң жаман көргөнү – алдоо. Бир жолу алдаган адамга кийин такыр ишенбей калышат. 17-18 жашында эле балдары ата-энесинен бөлүнүп кетишет. Сыраны аябай көп ичкен эл. Унаа айдоо маданияты жогорку деңгээлде, жол кырсыгы өтө аз катталат. 70-80 жаштагылар спорт менен машыгышат. Билим алууда жашка чектөө жок. Биз менен кошо 40-45 жаштагылар да окушат. Эч кандай коррупция жок, билимге абдан маани берилет. Бул жакта чындык бар, адамгерчилик бар. Кыргызстанда дагы чындык болсо, коррупция жоюлса, билим берүү тармагы өнүксө, студенттерге билим алуу бекер болуп, стипендия берилсе деп тилейм. Стипендия дегенде 1000 сом эмес, 30-40 миң сомдой, өздөрүн багууга кенен жете тургандай берилсе жакшы болмок.

– Кыргызстанды сагынасызбы?

– Сагынам. Кыргызстандын да Германиядай өнүгүп, өсүүсүн каалайм. Ата-энем, бир туугандарымды сагынам. Апамдын тамактарын сагынам.

– Жакында үйлөнүпсүз. Германияда үйлөндүңүзбү?

– Ооба, Германияда үйлөндүм. Келинчегимдин аты Жибек. Ысык-Көлдөн болот. Экөөбүз бир жерде окуйбуз. Үйлөнгөнүбүзгө аз эле болду, балалуу боло элекпиз. Айта кетчү нерсе, чет жерлик жаран болсо деле, эгер бала Германияда төрөлсө эрезеге жеткенче мамлекет балага айына 219 евродон 250 еврого чейин (20 миң сомдун тегерегинде) жөлөк пул төлөп берет.

– Германияга барган кыргыздар көбүнчө эмнеден кыйналышат?

– Көбүнчө тилден, тамак-аштан кыйналышат. Германияга келүүдөн мурун тил үйрөнүү керек. Көбү бул жакка келсе эле баары даяр, акча көп, жумуштар оңой, жашоо жеңил деп ойлоп келишет да, кыйналышат. Документтер менен толук таанышышпайт, өздөрүнүн укуктарын билишпейт. Ошондуктан келерден мурда баарын жакшылап изилдешсе жакшы болмок.

– Мындан аркы пландарыңыз кандай?

– Жакынкы арада өрт өчүрүүчүнүн окуусун окуюн деп жатам. Ушул кесипке кызыгам, адамдарды куткарган, жардам берген, жаратылышты коргогон жагат. Бул жакта өрт өчүрүү кызматы Кыргызстандыкындай эмес, техникалары жаңы, жакшы. Бир жерде өрт чыкса 5 мүнөткө жетпей келет, ар бир мүнөттү баалашат. Өрт өчүрүүчүлөр бир гана өрт өчүрбөстөн, жол кырсыктарына, андан башка кырсыктарга да барып жардам беришет. Негизи кийин бизнесмен болом деген ойлорум бар. Эгер Кыргызстанда айлык акы көтөрүлүп, чындык келип, коррупция жок болсо, албетте, өз кесибим менен салык кызматында иштегим келет. Мындан тышкары, көп жерди көргүм келет. Германиянын көптөгөн шаарларында болдум, Австрияны көрдүм. Буюрса, дүйнө жүзүн кыдырам деген кыялдарым бар.

– Кыялдарыңыз орундалсын! Маегиңизге рахмат!

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1015, 20-26-май, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан