ЭМНЕГЕ КҮН ЫСЫКТА БУТ ШИШИЙТ?

Күн ысыкта дени сак адамдардын да буту шишип, каалаганыңдай бут кийим кийүүгө тоскоолдук жаратат. Эмне себептен бут шишийт жана аны кантип алдын алуу керек?

СЕБЕПТЕРИ:

1. Жүрөк-кан тамыр, бөйрөк оорулары

2. Кош бойлуулук

3. Гормоналдык таасир

4. Варикоз

5. Көп убакыт бир орунда кыймылсыз отуруу, туруу

6. Жатарда майлуу, туздуу тамактарды жеп же спирт ичимдиктерин ашыкча ичип алсаңыз

7. Абанын температурасы жогорулаган сайын организм ысып кетпеш үчүн иштөө тартибин өзгөртөт. Тактап айтканда, кан тамырлар канды көп өлчөмдө өткөрүү үчүн кеңейип баштайт. Жыйынтыгында буттун кан тамырларына күч келип, жогору жакты көздөй кан айлануу жайлап калат.

8. Лимфа токтоп калат. Лимфанын жай кыймылына организмден нормадан ашык чыгып кеткен туздун таасири чоң. Жайкысын адам көп тердеп, тер менен кошо туз да чыгарын эске салабыз. Туз өз кезегинде лимфанын кыймылын тездетет.

ШИШИКТЕН АРЫЛУУ:

1. Эң жөнөкөй жана эффективдүү ыкма: шишиген бутту өйдө көтөрүп жатуу. Бул учурда буттарда уюп калган кан жогору жылып, лимфанын да кыймылы тездейт. Бул көнүгүүнү 10 мүнөттөн күн ичинде 3-4 жолу кайталап туруу керек.

2. Эртең менен, кечинде контрасттык душка түшүңүз. Же болбосо бутуңузду жылымык сууга салып, укалап туруңуз. Кан айлануу жакшы жүрүп, кан тамырларыңызды чыңдоочу көнүгүү болот.

3. Жумушуңузда кыймылсыз отура бербей, бат-баттан туруп көнүүгүүлөрдү жасап туруңуз. Бут кийимиңизди чечип, тамандарыңыздын жардамы менен топ, ачкыч же башка буюмду кармаганга аракет кылыңыз. Бутуңуздун манжаларын ары-бери кыймылдатыңыз. Өйдө-ылдый, оң-сол тарапка буруңуз, манжаларыңызды чогуу айлантканга аракет кылыңыз.

4. Суюктук көп ичсе бут шишийт деген туура эмес. Тескерисинче, сууну көп ичүү керек. Бирок кофе, чай, газдалган суусундуктарды эмес. Кадимки эле таза суу же минералдык сууларды ичип туруңуз. Суу организмге жетишпесе кан коюуланат. Коюуланган кандын кесепеттерин билесиз да.

5. “Ысыкта муз-здак сыра ичсең кандай сонун, бах” деп жыргабаңыз. Буттун шишигине алып келген эң зыяндуу азыктардын бири – спирт ичимдиктери. Андан сырткары майлуу, туздуу, ачуу, таттуу, ышталган тамактарга да тыюу салыңыз.

6. Эс алыңыз. Күнүнө 7-8 сааттан кем эмес тынч уйку керек.

7. “Шишикти кетирет же организмден шлак-туздарды, ашыкча сууну кетирет” деген дарылардан алыс болуңуз. Дары-дармекти врач сунуштаганда гана ичүү керек!

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1015, 20-26-май, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан