ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 23-майдан 29-майга чейин

КОЙ (21.03-20.04)

Дос, тууган, кошуна, жакындарыңыз менен сылык баарлашууга аракет кылыңыз. Ичиңиздеги күмөндүү ойлордун туткунунда калып, ар кимден шекший беришиңиз мүмкүн. Алар менен тыгыз байланышуу, баарлашуу сиздеги шектенүүлөрдү жок кыларын эске алыңыз. Унаа айдасаңыз жол белгилерине өзгөчө көңүл буруңуз. Уйкусуздук менен күрөшүп жатсаңыз, кечинде таза абада көбүрөөк басыңыз.


БУКАЧАР (21.04-20.05)

Кандайдыр бир каржылык келишимдин айынан досторуңуз менен мамилеңиз начарлашы мүмкүн. Андыктан бирөөгө карыз берүүдө ойлонуңуз, өзүңүз карыз болсоңуз андан кутулууга аракет кылыңыз. Үй-бүлөлүү букачарлар кызганып, жубайынын жинине тийбөөлөрү керек. Бойдоктор “жоктон көрө жогору” деп биринчи жолуккан адамы менен дароо олуттуу мамилеге өтпөгөнү жакшы, бир аз күтө турушса жүрөгүнүн чыныгы ээсин табышат.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)

Аптада эгиздер негизги жумушунан сырткары көп иштердин үстүндө өзүн сынап баштайт, бирок буга ар кандай тышкы жагдайлар тоскоол болушу мүмкүн. Үй-бүлөлүү эгиздердин түгөйү менен мамилеси жакшырат. Сүйүктүүсүн издеген жалгыз бой эгиздер аракет кылса теңин табат, болбосо көпкө күткөнгө туура келет. Ири бизнес ачууга ыңгайсыз апта. Көп акчага күйүп кеткиңиз келбесе ири акча сарпталчу ишти токтотуп турганыңыз оң.


БӨЙӨН (22.06-22.07)

Аптаны сизге түшкөн сунуштарды талдоо менен өткөрөсүз. Жакшылап ойлонуңуз, сунуштардын арасында көңүлүңүзгө төп келгени сөзсүз табылат. Апта бою адаттан тыш жана кызыктай түштөрдү көрөсүз, бул сиздин мээңиздин чарчап кеткендигинен кабар бериши мүмкүн. Үй-бүлөлүү бөйөндөрдө каржы маселесинде түгөйү менен келишпестиктер орун алышы күтүлөт. Жагдайды жай отуруп түшүндүрүү жолу менен гана чече алышат.


АРСТАН (23.07-23.08)

Чөйрөңүздөгү адамдар өзгөрөт, эски досторду коё берип, жаңы көз караштагы, кызыктуу адамдарды табасыз. Мындай кадамыңызды айрымдар баалабаган достордон арылуу аракети деп түшүнүшөт. Жалгыз бой арстандар социалдык тармактарда активдүү болуп, таанышуу сайттарынан, форумдардан сүйүктүүсүн издөө аракети оңунан чыгып, ийгилик жылмаят. Бирок жашооңуз менен жеке сырыңызды кокустан таанышкан адамга ачпаганыңыз туура.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)

Үй-бүлөлүү бийкечтерде ашыкча шектенүүнүн айынан түгөйү менен пикир келишпестиктер болушу ыктымал. Жашооңузда олуттуу өзгөрүүлөрдү кааласаңыз, жакшы көргөн нерсеңизди курмандыкка чалышыңыз керек болот. Жумушта көз карашыңыз, өз позицияңыз үчүн активдүү күрөшүп, жыйынтыгында сиз жеңүүчү болосуз. Жараат алуудан сак болуңуз. Ири көлөмдөгү каражатын ишкердикке салам деп пландап жаткандар юридикалык маселе жагына так болуусу зарыл.


ТАРАЗА (24.09-23.10)

Аптада дары-дармектерди ашыкча дозада ичүүдөн же туура эмес дарыларды колдонуудан сак болуңуз. Туугандар жана достор жардам сурап кайрылуусу мүмкүн. Мүмкүнчүлүгүңүз болсо жардам көрсөтүп койгонуңуз туура. Туристтик сапарлар үчүн ыңгайсыз мезгил, таразалар үчүн азыр тынч жана бир нуктагы жашоо образы баалуу. Жалгыз бой айымдар бир топ комплименттерди угушат. Эс алуу күндөрү үй чарба жумуштары менен алек болсоңуз болот.


ЧАЯН (24.10-22.11)

Сүйүүсүн издеген чаяндар аптада жаңы адамга туш болуп таанышышат. Бирок бул мамилени олуттуу карабаңыз, тапкан адамыңыз көңүл ачуу үчүн гана мамиле курат дешет жылдыздар. Үй-бүлөлүү чаяндар жумуш, үй-бүлө түйшүгү менен алек болуп түгөйү көңүл сыртта калат. Жан шеригиңиз жылуу мамилени сырттан издебесин десеңиз абалды жөнгө салып кеткениңиз туура. Аптада жакындарыңыздыкына конокко барып көңүл көтөрөсүз.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)

Бизнестеги өнөктөштөр менен жаңы долбоорду иштеп ийгиликке жетүү мүмкүн, бирок сизден туруктуулук жана акчалай көмөк керек. Бизнесте максатыңыздын аягына чыгып, берилген тапшырманы убагында бүтүрүңүз. Сүйүктүүңүз менен эл көп чогулган кечелерге баруудан баш тарта турганыңыз оң, эч ким жолтоо болбогон жагдайда сыр чечише сүйлөшүп алуу туура. Дем алыш күндөрү досторуңуз менен жолугуп акыркы окуяларды талкуулап, кеңеш сураңыз.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)

Жумуштагы чыңалуу, үй-бүлөдөгү түйшүк сизди чарчатып, физикалык алсыздыкка алып келет. Мындан улам ден соолугуңуз начарлап кетиши мүмкүн. Моюнуңузга жүктөлгөн жүктү үй-бүлө мүчөлөрүнө тең бөлүштүрүп, эс алууга жана уктоого көбүрөөк убакыт бөлүңүз. Бойдок текечерлер жашоосундагы маанилүү чечимди чыгарышат. Саякатка чыгууга, алыска коноктоп барууга ыңгайсыз мезгил, анын ордуна үйүңүзгө короо гүлдөрүн тигип убакыт өткөрүңүз.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)

Үй-бүлөлүү суу куярлар аптада балдарды тарбиялоого көбүрөөк убакыт бөлүүсү керек. Балаңыздын акчага болгон муктаждыктары көбөйөт, ага акча эмне экенин, аны табуу канчалык кыйын экенин түшүндүргөн жакшы. Бала сиздин эмгегиңизди, ал үчүн эмне кылып жатканыңызды баалап үйрөнүшү керек. Ошондой эле бул жумада белек тандоодо, сүйүктүүңүзгө сюрприз даярдоодо этият болуңуз. Сиз укмуш деп ойлогон буюм сүйүктүүңүзгө жакпай калышы толук мүмкүн.


БАЛЫК (20.02-20.03)

Аптада үй-бүлөлүк маселелерди чечүүдө туугандарыңыздын кеңешине муктаж болосуз. “Кеңешип кескен бармак оорубайт” демекчи, алардын сунушу сиз кабыл ала турган чечимдерге “дары” болот. Түгөйүңүз менен каржы маселесинде талкуу жүргүзүп, пайдалуу натыйжа бере турган иш баштайсыз. Жалгыз бой балыктар той күнүн белгилеп же сүйүктүүсүн ата-энеси менен тааныштыруу жөрөлгөлөрүн өткөрүшү күтүлөт.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1015, 20-26-май, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан