Чыр дүйнө
2-декабрда “2018-жылкы мундиаль Орусияда өтөт” деген куш кабар тарап, орусиялыктардын кубанычына чек жок эле. Бирок Москвадагы баш аламандыктар жакшы кабарлардын баарын унутта калтырды. 11-декабрда “Манеж” аянтында өткөн футбол күйөрманы Егор Свиридовду эскерүү митинги ызы-чуу менен аяктады. Фанаттар “ызы-чууга тиешебиз жок” дешсе, милиция кызматкерлери баш аламандыктарга улутчулдарды күнөөлөшүүдө. Чындыгында, баш аламандыктардын артында кимдер турат?
БААРЫ ЭМНЕДЕН БАШТАЛДЫ?
5-декабрдан 6-декабрга оогон түнү Москванын түндүгүндө москвалыктар менен Түндүк Кавказ өкүлдөрүнүн ортосунда чоң мушташ болот. Натыйжада тапанчанын огунан москвалык “Спартак” командасынын ашынган күйөрманы Егор Свиридов каза табат. Анын өлүмүнө шектүү деп Кабардин-Балкариянын кулуну Аслан Черкесов кармалат. Айыпталуучу күнөөсүн моюнга албай, өзүн коргоо максатында ушул жолго баргандыгын айткан. Андан тышкары “мушташка тиешеси бар” деп дагы 5 адам кармалган. Бирок милиция кызматкерлери кармалган бешөөнү суракка алып, бошотуп жиберишет. Буга нааразы болгон “Спартактын” күйөрмандары 7-декабрда нааразычылык акциясын уюштурушуп, Ленинград проспектисинин кыймылын токтотушкан. Күйөрмандардын акциясы муну менен эле токтоп калбайт. Алар 11-декабрга чоң митинг уюштурууну чечишет.
“МАНЕЖДЕГИ” “ЦИРК”
Москванын борборунда жайгашкан “Манеж” аянтындагы уруксатсыз митинг алгач тынчтык митинги болот деп айтылган. Бирок иш жүзүндө андай болгон жок. Митинг милиция кызматкерлери менен мушташка айланып, талкалоолор менен коштолду. Күйөрмандар көчөдө өтүп бараткан славян эмес улуттагыларды сабай баштаганда милициянын аралашуусу мушташтын чыгуусуна себеп болгон.
Маалыматтар боюнча, 10 адам түрдүү жаракаттарды алышса, 60тан ашуун адам ызы-чууну чыгаргандыгы үчүн колго түшүрүлдү. Москва
ШИИБи митингге 5 миң адам чыкканын маалымдаса, башка булактарда “Манеж” аянтына келгендердин саны 10 миңге жеткени айтылууда. Мындай күтүлбөгөн окуялардын айынан милиция күчөтүлгөн режимге өттү. Баш аламандык көзөмөлгө алынгандан кийин “аянтка чыккандардын арасында футбол фанаттарынан тышкары улутчул кыймыл өкүлдөрү аралашып кеткен” деген маалымат тарай баштады.
“Манеждеги” хаос коомчулукта чоң резонанс жаратып, Орусия президентинин аралашуусуна чейин өсүп жетти. Дмитрий Медведев жогорудагы баш аламандыктар боюнча Ички иштер министри Рашид Нургалиевдин докладын угуп, тартип бузуучуларга каршы мыйзамдын чегинде катуу чара көрүлүшү керектигин айтты.
ЭКИ ДӨӨ КАГЫШСА, ОРТОСУНДА БЕЙАЖАЛ ЧЫМЫН ӨЛӨТ
Жогорудагы окуядан улам бир мекендешибиздин курман болгондугу өкүнүчтүү болду. 12-декабрда Москванын Кеме куруучулар көчөсүндөгү үйлөрдүн биринин жанында Кыргызстандын жараны, Оштун 37 жаштагы тургуну Алишер Шамшиев өлтүрүлгөн. Ага орус улутундагы 15 жаш жигит капысынан кол салышкан. Алар мекендешибизди токмокко алышып, бычактап кетишкен. Кол салуучулардын улутчулдук маанайдагы ураандар менен жүргөндүгү айтылууда. Айтор, ортодо үй-бүлөсүн багам деп иштеп жүргөн карапайым мекендешибиз курман болду. Айта кетчү нерсе, учурда “Москвада скинхеддер славян эместердин артынан сая түшүп, өлтүрө башташты” деген кептер жүрүүдө. Анан дагы Шамшиевдин мисалы жалгыз эмес. “Орусиянын тиешелүү бийлик өкүлдөрү элди үркүтпөө үчүн көп нерселерди жашырып жатышат” дешүүдө.
ФАНАТТАРДЫН ТИЕШЕСИ КАНЧАЛЫК?
Орусиянын Ички иштер министри окуяларга баа берип, баш аламандыкка фанаттар эмес, а аларды тукурган улутчул уюмдар күнөөлүү экенин айтты. Ушундай эле пикирди Орусиянын Футболдук союзунун президенти Сергей Фурсенко билдирип, күйөрмандардын сүттөн ак экендигин баса белгиледи. “Бул окуяларга фанаттардын эч кандай тиешеси жок”,- деди ал. Буга удаа эле “Спартак” футбол клубунун “Фратрия” уюму күйөрмандарына кайрылып: “Түрдүү адамдар менен уюмдардын провокацияларына алдырбагыла”,- деп чакыруу жолдоду.
АНДА КИМДЕР КҮНӨӨЛҮҮ?
Баш аламандыктарга фанаттардын тиешеси жок болсо, анда мунун артында кимдер турушат? Азырынча бул суроого так жооп жок болгону менен, божомолдор бар. Алсак, фанаттардын тынчтык акциясын скинхеддердин уюмдары өз кызыкчылыктары үчүн пайдаланышууда. Өз кезегинде скинхеддердин артында орусиялык атайын кызмат органдары бар. Алардын максаты – Орусияны “каралардан тазалоо”. Дагы бир божомол боюнча, баш аламандыктардын изи батышка барып такалат. Алардын максаты – Орусияда президенттик шайлоонун алдында абалды туруксуздаштыруу (дестабилизациялоо) жана курчутуу. Жана мунун баары көп улуттардын аралашуусу менен Улуу орус революциясына алып келет.
Божомолдордун аягында Орусиянын Ислам комитетинин төрагасы, политолог жана коомдук саясий ишмер Гейдар Жемалдын ою менен тааныштырууну туура көрдүк. Анын айтымында, жогорудагы акциялардын баары Медведевге каршы багытталган. “Москвадагы баш аламандыктардын артында ким турганын билүү үчүн Свиридовду ким өлтүргөнүн билүү керек. Ал жөн гана мушташта каза болгон жок. Мунун баары алдын ала пландалган. Артында чоң саясат жатат. Фанаттар менен скинхеддерди кимдир бирөөлөр өз кызыкчылыгы үчүн курал катары пайдаланып жатышат. Алардын максаты – учурдагы бийликтин жөндөмсүз экендигин көрсөтүп, бийликке келүү”.
СПОРТ – ТЫНЧТЫК!
Материал басууга даярдалып жатканда интернет булактарында эми Москвада митингге түрдүү диаспора өкүлдөрү чыгуусу мүмкүндүгү тууралуу маалымат тарады. Эгер бул кабар чын болсо, анда Москвада ойго сыйбас толкундоолор болушу толук ыктымал. Эл арасында футболдун ашынган фанаттарына жаман сөздөр айтылып, анын арты менен спорт булганып жаткандай. Чынында, спорт байыртадан эле элдерди бириктирип келген. Байыркы Грецияда олимпиадалык оюндар жүрүп жаткан учурда согуштар токтотулганы маалым.
Базарбек Абдураимов
sport@super.kg