Бул актёрду алгач ирет бала кезимде “Чиркин өмүр” сериалынан көргөм. “Ал кезде жаш жигит элем, азыр кырктын кырына келдим” деген актёр Данияр Жанжигитов биздин маек төрүбүздө болду. Театрда бир катар алгылыктуу ролдорду жаратып келе жаткан актёр менен кесибинин күнгөй-тескейи тууралуу сүйлөштүк.
– Арыбаңыз. Маектериңиздин биринде театрдан алыстай албайм дегениңиз бар. Тыныгуудан чыккандан кийинки сезимдериңиз кандай болду?
– Өргүүгө чыгып эле, кайра театрга жумушка келип репертуар башталганда кадимкидей толкундоолор болот. Анан, элестетиңиз, 3 жылдык тыныгуудан кийин сахнага чыкканды. Өзүңүздөр көрдүңүздөр, театр ачылганда күндө спектакль койдук. Мурунку ойнолуп жүргөн спектаклдер болсо деле ар биринде өзүнчө толкунданып жаттым. Онунчу спектакль ойнолгондо анан калыпка түштүм. Театрга келгендер көбөйүп, көрүүчүлөр менен актёрлордун ортосунда жакшы көпүрө пайда болду. Бара-бара театрга келүү кадимкидей маданиятка айлана баштайт. “Төлгө” спектаклине эл көп келип, жакшы пикирлер айтылып жатат. Элдин купулуна толду го деп ойлойм. Эми зал толо эл болуп турса театр актёрлору үчүн чоң дем болот. Аншлаг деген сөздүн өзү алга сүрөп турат.
– Актёрлук жолуңуз кандай башталды? Бала кезден эле кызыкчу белеңиз?
– Мен өзүм Ысык-Ата районуна караштуу Өтөгөн айылынан болом. Мендеги кызыгуу бала чактан эле башталган. Мектепте окуп жүргөндө ар кандай кароо-сынактар болчу, аларга ырдап, манас айтып, көркөм окуп дайыма катышчумун. Көркөм окуу дегенде эле “Жанжигитов Данияр окуйт” деп эже-агайлар ырларды мага бере беришчү. Баары эле “ай, сен артист эле болот окшойсуң” дей беришчү. Ошонун баары түрткү болуп, окууну бүткөндө үйдөгүлөргө “мен актёр болом” дедим. Алар да макул болушту. Ошентип драма театрдын алдындагы окуу жайга тапшырып калдым. Бул кесипти аркалап келе жатканыма 20 жылдын жүзү болду. 2002-жылы театралдык окуу жайды бүтүргөм. Андан бери 20 жыл аралыгында көп инсандардан сабак алдым. Алар гениалдуу режиссёр, актёрлор Искендер Рыскулов, Замир Сооронбаев, Марат Козукеев, Назым Мендебаиров, эми айта берсем устаттарым көп.
– “Демдин” катарына кандайча кошулуп калгансыз?
– Театрга киргенден кийин Марат Козукеев, Назым Мендебаиров, Аскат Сулайманов, Жеңиш Кангелдиев, ушулардын жанында костюм ташып жүрүп эле эң кичүүсү болуп “Демдин” жигиттеринин катарын толуктагам. Андан бери толуктоолор боло берди, 40ка чыгып калдым, азыр “Демдин” аксакалы же орто мууну болуп калдым.
– Алгач театрдын сахнасына чыгып роль жараткан кезиңиз эсиңизде барбы?
– Театрдын сүрү күчтүү, чоң артисттердин жанынан жаттаган текстти айта албай калган учурлар көп эле болгон. Театрда алгач “Курманжан даткада” Камчыбектин дарга асылган жерин ойногом. Марат Козукеев мени жакшы эле даярдаган, репетиция маалында баары жакшы болуп жаткан. Анан эл алдына чыкканда толкунданганымдан үнүм такыр чыкпай калыптыр. “Үнүң чыкпай калды, эмне дегениң билинген жок” деп келип айтып жатпайбы. Ошондо тырмагымдан чачымдын учуна чейин калчылдаган. Чыга калып бетимди муздак сууга жуугам. Азыр жаш балдар роль алып сахнага чыкканда улам-улам кайталап жаткандарын көрүп өзүмдү элестетем.
Театр – бул коллективдүү жумуш. Дайыма эле 17-18 жаштагы баланын ролун ойной бербейсиң да. Жаштар келет, мен-мен дей бербей аларга билгениңди үйрөтүп, жаныңа ала жүрүшүң керек.
– Студенттерге кайсы жаатта сабак бересиз? Андан тышкары кошумча курс ачуу ойлоруңуз барбы?
– Актёр психологиялык жактан эле эмес, физикалык жактан да күчтүү болушу керек. Кылыч чабышуу, жыгылуу, согушуу, ошонун баары менин сабагымда камтылган. Классикалык фехтование боюнча сабак берем. Ал эми курс ачуу тууралуу ойлор болгон, бирок профессионал актёрду 2-3 айда даярдап коё албайсың. Үстүртөн гана актёрлуктун негизин үйрөтүшүң мүмкүн, түпкүрүнөн алып чыга албайсың. Актёр деген дайыма окуп, ар бир кейипкерди ачууда издениши керек. Айрым каармандардын жашы, кандай адам экени айтылбайт. Жөн гана жашоодогу позициясын көрсөтүп коёт. Анын кыял-жоругу, сүйлөгөнү, баскан-турганы кандай, иликтеп чыгыш керек да. Азыр бир-эки киного тартылып эле өзүн актёрмун дегендер көбөйүп кетти. Ушул тенденция мени катуу иренжитет. Ушунча жыл иштеп “мен кандай актёрмун?” деп өзүмдү сын менен карайм.
– Тасма талаасында сизди алгач “Чиркин өмүрдөн” көрдүм эле. Бул алгачкы ролуңуз беле?
– “Чиркин өмүрдөгү” экинчи ролум. Кыргыздын тунгуч сериалы деп “Чиркин өмүргө” тартылгам. Ал кезде 20 жашта болчумун. Ага чейин Марат Сарулунун “Бир боорум Жибек Жолу” тасмасына тартылгам. Андан бери тасмаларда ойноп калам, айрымдарынан баш тарткан учурларым болот. Негизги жумушум театр, басымды бул жакка жасайм. Театр жан дүйнөмө жакыныраак.
– Популярдуулукка эч эле умтулбагандай көрүнөсүз. Тасмаларда бандиттердин ролун көп жаратасыз, себеби эмнеде?
– Менин табиятым ошондой. Жүзүмдү көрүп бул ким болду экен деп калган нерсе мага көбүрөөк жагат. Көбү мени “сырттан аябай керсейген, мүнөзү оор кишидей көрүнөсүң, сүйлөшө келгенде аябай жумшак киши турбайсыңбы” деп айтышат. Жакшы киши жаман кишини жакшы ойнойт дейт го, режиссёрлор мени ошондой ролдордо көрөт окшойт (күлүп). Профессионал актёр кичинекейби, чоңбу, кандай роль болбосун ачып бериши керек. Негизи эле артисттер көпчүлүк учурда өзүнүн вазыйпасын билбей жатат. Популярдуулуктан тышкаркы нерселер бар, биз элге эмне берип жатабыз, элди кандай жолго алып бара жатабыз, ушул нерселерди дагы эске ала жүрүшүбүз шарт. Биз элди ээрчибей, элди ээрчитишибиз керек эле.
– Кайсы ролуңуз жүрөгүңүзгө көбүрөөк жакын?
– Ар бир ролду сүйүп ойногонго аракет кыласың. “Саманчынын жолунда” Майсалбектин, “Кылым карытар бир күндө” Эдигейдин, “Рамаянада” Дашарадханын ролдору менин жүрөгүмө жакын. Булар актёрдук пайдубалымды бекемдеген ролдор. Образды таба албай кыйналган учурлар болот. Ар бир образды өзүмдөн өткөрүп, ага тиешелүү китептерди окуп жатып чыгарам.
– Үй-бүлөңүз тууралуу да айтып берсеңиз.
– Жубайымдын аты Динара, медицина кызматкери. Экөөбүз эки кызды тарбиялап жатабыз. Улуу кызым Нагима 3-классты, кичүү кызым Наиля 1-классты бүтүп жатат. Наиля Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектепте, фортепиано бөлүмүндө окуйт. Музыканы уга билүү жан дүйнөсүнө, маданиятына жакшы болот го деп музыкалык мектепке бердим.
– Маегиңизге рахмат!
Динара Акимова