КАЗИНОЛОРДУ АЧУУНУ ПАРЛАМЕНТ КОЛДОДУ. КООМЧУЛУК ЭМНЕ ДЕЙТ?

Жогорку Кеңеште кумарканаларды, оюн автоматтарын кайра ачууга уруксат берүү тууралуу мыйзам долбоору талкууланып, 56 депутат “макул”, 13 депутат “каршы” деп добуш берди. Ошентип биринчи окууда аталган мыйзам долбоорун парламент колдоду. Айрым депутаттар Курандан аяттарды окуп берип “кумар оюндарынын пайдасы да бар” деп көпчүлүктү ынандырганга аракет кылышты. Коомчулукта “ар бир нерсе өз аты менен айтылышы керек, кумар оюндары – бул арам, казино десе эле адал болуп калбайт” деген пикирлер айтылууда. Макалада ушул маселенин тегерегиндеги талкууларга орун берели деп чечтик.

КЫРГЫЗ ЖАРАНДАРЫНА КУМАРКАНАГА КИРҮҮГӨ ТЫЮУ САЛЫНАТ

Өкмөттүн сунушу боюнча, кумарканаларды юридикалык жактар, анын ичинде чет өлкөлүктөр ача алышат. Кыргызстандын жарандарына жана 21 жашка чыга элек чет өлкөлүктөргө кирүүгө тыюу салынат. Кумарканалар үчүн салык жыл сайын көтөрүлүп, болжол менен казынага 2022-жылы 1 миллиард сомдон ашык, 2023-жылдан тарта 2 миллиард сомдон ашык каражат түшөт. Мыйзам долбоорунун баяндамасында салык түрлөрү да айтылды.

Ага ылайык, казино жана онлайн казинонун столу үчүн салык 2022-жылы 750 миң сом, 2023-жылы – 1 миллион сом, 2024-жылы –
1,25 миллион сом болот.

Ал эми оюн автоматтары үчүн салык 2022-жылы – 50 миң сом, 2023-жылы – 75 миң, 2024-жылдан тартып – 100 миң сом.

Букмекер жана тотализаторлордун 1 кассасы үчүн 2022-жылы – 200 миң сом, 2023-жылы – 350 миң сом, 2024-жылдан тартып – 500 миң сом салык алынат.

Лицензия 10 жылга берилип, анын баасын Министрлер кабинети аныктайт. Кыргыз жаранын кумарканага кирүүгө тыюу салган эреже бузулган учурда 100 миң сом айып салынат.

Нурлан Шакиев, Жогорку Кеңештин депутаты: “КАЗИНОНУ ИШТЕТҮҮ АЙЛА ЖОКТУН ИШИ”

– Расмий түрдө 2015-жылдан бери казиного тыюу салынган. Анткен менен алар жашыруун иштеп жатканы ачык айтылууда. Казино боюнча адам өзү акыл-эси менен чечим кабыл алышы керек. Негизгиси, жаш балдар азгырылып кетпей тургандай болушу керек. Бул мыйзам долбоорун алып чыгуу экономикалык абалдагы айласыздыктан болуп жатат. Кумарканалардын салыгы менен тышкы карыздан кутулууга болот. Айта кетсем, акыркы учурларда өкмөт мүчөлөрү биздин отурумдарга кирип, бышпаган, чийки мыйзамдарды сунуштап “ушуну колдоп бергиле, тиги суранды, бул суранды, кабыл алып берип койгула” деп күчкө салганга өтүштү. Керектүү болсо элдин, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн колдоп берип жатабыз. Казинолор тууралуу мыйзам айла жоктун иши деп ойлойм. Колдоп бердик, анткени казынаны толтуруш керек.

Эльдар Абакиров, экономист: “КАЗИНО МЕНЕН БЮДЖЕТТИ ТОЛТУРУУ БОЛБОГОН НЕРСЕ”

– Тааныш, тууган, жакындарыбыздан угуп, көрүп-билип жүрөбүз, казино зыяндуу нерсе. Андан канча акча түшпөсүн, мейли ал чет өлкөлүк же кыргыз жараны болсун, адамга зыянын тийгизип жатат. Казинонун айынан бир үй-бүлө талкаланып, мамлекетке 100 миллион түшсө, мен үчүн анча акчанын мааниси жок. Мен кумар оюндарын ачууга каршымын. Казино менен бюджетти толтурабыз деген болбогон нерсе.

ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун башчысы Рустам Асизбаев казино бизнеси кимдерге багытталганын айтты. Экономист 4 категорияны белгилеген:

  • Түркия. Түркиянын казино ойноого тыюу салынган жарандары үчүн Бишкекке билеттин баасы арзан, эки тарапка 300-500 АКШ долларынан ашпайт;
  • Кытайдын жарандары үчүн. Кытайда жалгыз казино ойнолчу жер Макао бар. Бирок 1,5 миллиард калкы бар өлкө үчүн аздык кылат.
  • Өзбекстан жарандары үчүн казино бизнеси азырынча ачыла элек.
  • Казакстан жарандары – чек ара жакын болгону үчүн.

Дүйшөн Абдылдаев, диний ишмер: “АЯТТЫ ЧЕЧМЕЛӨӨГӨ ААЛЫМДЫН ДА ӨМҮРҮ ЖЕТПЕЙТ”

– Жогорку Кенеште “кумар оюндары арам, бирок анын пайдалуу да жактары бар” деп Куран китебинен аят окуганын элдин баары билет. Ыйык курандын Бакара сүрөөсүндө ошол аят бар, бирок Арсланбек Малиев ал аяттын башын, өзүнө керектүү жерин окуп, аягын окубай жатпайбы?! Курандын ал аятында минтип жазылган: “Сенден арак жана кумар оюндары тууралуу сурашат, ал экөөндө чоң күнөө бар. Адамдар үчүн бир аз пайдалары бар, (бирок) ал экөөсүнөн пайдасынан күнөөсү, зыяны чоң”. Чынында депутат Арсланбек Малиев Куранды чечмелегенге илими жетпейт, диний аалым эмес. Аятты чечмелегенге диний аалымдын да өмүрү жетпейт.

Кыргызстандын элинин 99 пайызы мусулман, андыктан депутат болобу, башка болобу, Куран менен ойнобошу керек.

“ДАРЫГА ДЕГЕН АКЧАМДЫ КҮЙӨӨМ КАЗИНОДО УТТУРУП ЖИБЕРИП АЖЫРАШКАНБЫЗ”

Кыргызстанда жылына көптөгөн үй-бүлөлөр кумар оюндарынын кесепетинен талкаланат. Каарманыбыз Нуризанын окуясы буга мисал боло алат.

– Атым Нуриза. 43 жаштамын. 2 жылдан бери рак оорусу менен алышып келем. Химиялык дарыланууга каражат көп кетет экен. Тууган, кошуна-колоң, баары акчалай жардам беришти. Өзүбүз 4 балабыз менен батирде жашайбыз. Балдарымдын улуусу 13 жашта, кичүүсү 1 жаш 3 ай. Жакындардан кечке акча сурай берсең да болбойт экен. Өзүм эртеби-кечпи акка моюн сунарымды билем, өлөрүңдү билип жашаган кандай азап экенин билгендер мындай мыйзам чыгарышпайт болчу. Былтыр кыйналып кеткенибизде элден жардам сураганга мажбур болгонбуз. Эл арасында боорукер адамдар көп экен. 200 миң сом чогулду. Бир жолу химиялык дарылануудан өттүм, калганын банк картама салып койгон элем. Жолдошум картамдын сыр сөзүн билет эле, капчыгымдан картамды уурдап кетип акчаны алып, казиного уттуруп жиберген. “Эмнеге анттиң, менин өлүшүмдү кааладыңбы?” деп ыйласам, “эки эсе көбөйтүп алайын дегем, сенин өмүрүңдү узартыш үчүн” деди. Андан кийин да ата-энесинин үйүнөн малдарын уурдап кетип сатып ойноп жүрдү. Мен талагымды алып ажыраштым. Кумар оюндары менен ооруган жаман экен, мен рак оорусун жеңе албай жүрсөм, жолдошум кумар оюндарынан айыга албай ажыраштык.

Казино тууралуу кызыктуу фактылар:

  • Казинолор 127 өлкөдө мыйзамдуу түрдө иштейт. Казинодон эң көп киреше тапкан өлкөлөрдүн катарына АКШ, Мальта, Монако, Улуу Британия, Индия, Кытай, Япония, Германия, Түштүк Корея жана башка өлкөлөр кирет.
  • Мурдагы СССРдин курамындагы өлкөлөрдүн ичинен Кыргызстанда, Азербайжанда, Өзбекстанда жана Тажикстанда гана казиного толугу менен тыюу салынган.
  • Орусияда беш аймактан (Краснодар крайы, Приморье, Крым, Калининград, Алтай) тышкары өлкө боюнча кумар оюндарына тыюу салынган.
  • Казакстанда казино оюндарын ойноого 2007-жылдын январь айынан тарта уруксат берилген.
  • Азия кумар оюндарынын кирешеси боюнча алдыңкы аймактардын бири.
  • 2020-жылы казинодон түшкөн кирешелер пандемиядан улам дүйнө жүзүндө 80 миллиард долларга азайган.
  • Учурда онлайн кумар оюндарынан 53,7 миллиард доллар киреше түшөт, анын көбү спорттук мелдештерден келет.
  • Дүйнөлүк статистикага таянсак, жыл бою 1,6 миллиардга жакын адам кумар оюндарын ойнойт.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1015, 20-26-май, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан