СТАМБУЛ: ТҮРК ӨЛКӨЛӨРҮНДӨГҮ МААЛЫМАТ КООПСУЗДУГУ ТАЛКУУЛАНДЫ

13-15-майда Стамбул шаарында Түрк мамлекеттери уюмуна (ТМУ) мүчө өлкөлөрдөгү медиа жана маалыматтык кызматташтык жогорку деңгээлде талкууланды. Түркия президентинин администрациясынын Байланыш башкармалыгынын уюштуруусу менен уюмдун жогорку расмий өкүлдөрүнүн, медиа жана маалыматка жооптуу министрлеринин 4-жыйыны өттү.

– Түрк дүйнөсүндө байланыштын түрк моделин интеграциялоо боюнча кадам жасоо пландалууда. Түрк чөлкөмүндөгү жакынкы жагымсыз окуялар түрк биримдигинин маанилүү экенин дагы бир жолу көрсөттү. Бүгүн биз түрк дүйнөсүнө каршы багытталган жалган маалыматтын “фашизмине” кабылып жатабыз. Бул биздин жалпы көйгөй. Айрыкча санариптик платформада жаңы долбоорлорду чечкиндүү түрдө иштеп чыгышыбыз керек. Өзгөрбөй турган жалгыз фактор – бул реалдуулук. Биз аны мүмкүн болгон бардык жолдор аркылуу коргойбуз,- деди иш-чаранын ачылышында Түркия президентинин администрациясынын Байланыш башкармалыгынын жетекчиси Фахреттин Алтун.

Жыйындын катышуучуларына Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган видеокайрылуу жасап, анда экинчи Карабах согушунда түрк өлкөлөрү жалган маалыматтык чабуулга кабылганын белгилеп өттү. Социалдык түйүндөр, айрыкча көзөмөлгө алынбаган, маалыматтын чын-жалганы текшерилбеген, этикалык баалуулуктарга жана эрежелерге баш ийбеген каналдар коомго олуттуу коркунуч жаратып жатканын айтты Түркия лидери.

Жыйындын алкагында “Түрк дүйнөсүндө мамлекеттик дипломатиянын өсүп жаткан күчү: сериал жана тасмалар тармагы”, “Түрк дүйнөсүнүн санариптик келечеги: Metaverse”, “Чындыктан алыс доордо жалган маалыматтар менен күрөшүү” жана башка темаларда панелдик сессиялар орун алды. Кино тармагы талкууланган сессияда катышуучулар чөлкөмдө Түркия сериалдарынын популярдуулугун белгилешти. Жазуучу Чыңгыз Айтматовдун кызы, экс-депутат Ширин Айтматова ал сессияда сөз сүйлөп, Түрк дүйнөсүндөгү лидер аялдар, Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын орду тууралуу ойлорун айтты.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлү Салкын Сарногоева жалган маалыматтар толкунун Кыргызстан айрыкча пандемия убагында баштан өткөргөнүн, “фейк” маалыматтардын улуттук коопсуздукка тийгизчү таасири ошол кезде даана байкалганын айтып өттү. Кыргызстанда 2021-жылы президент Садыр Жапаров жалган маалыматтардан коргоо жөнүндө мыйзамга кол койгону да маалымдалды.

Жалпысынан катышуучулар ТМУга мүчө мамлекеттер арасында медиа жана маалыматтык кызматташтыкты күчөтүү, биргелешкен жаңы долбоорлорду ишке ашыруу, жалган маалыматтарга каршы күрөшүүдө күчтөрдү бириктирүү зарылдыгын баса белгилешти. Мындай жыйын кийинки жылы Кыргызстанда өтөрү пландалууда.

Эскерте кетсек, Түрк мамлекеттери уюму 2021-жылы түзүлгөн. Ага чейин уюм Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңеши деп аталчу. Уюмга учурда 5 мамлекет: Түркия, Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Азербайжан мүчө. Түркмөнстан жана Венгрия байкоочу статусунда.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1015, 20-26-май, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан