МИНИСТР АЛЫМКАДЫР БЕЙШЕНАЛИЕВ КЫЗМАТТАН КЕТЕБИ?

16-майда Бишкекте саламаттыкты сактоо министринин орун басарлары маалымат жыйын өткөрүп, бийликтен министр Алымкадыр Бейшеналиевди кызматтан бошотууну суранышты.

Министрдин орун басарлары Улукбек Бектурганов, Жалалидин Рахматуллаев жана Жапаркул Ташиев министрди “кызматкерлерди коркутуп-үркүтүүдө” деп күнөөлөштү. Маалымат жыйын учурунда министр чет өлкөдө болчу.

17-майда аталган министрликтин имаратынын алдына Алымкадыр Бейшеналиевди колдойбуз деген топ митингге чыкты. 50дөй адам "азыркы министрдин тушунда саламаттыкты сактоо тармагында реформалар башталды, ал кызматтан алынса тармактын абалы эски боюнча калат" деп билдиришти.

УКМК 17-майда Алымкадыр Бейшеналиевдин кеңешчиси Мээрим Тилекова кармалганын маалымдады. Ал опузалап пара талап кылуу кылмышына шектелип жатат.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1015, 20-26-май, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан