МААНАЙ КӨТӨРҮҮЧҮ ТАҢКЫ ТАМАКТАР

Көпчүлүк учурда эртең менен таңды кандай маанайда тосуп алсаң, күн да ошондой уланат. Ал эми таңкы тамак – маанай көтөрүүнүн башкы себепчиси. Ошондуктан бул санда даамдуу, пайдалуу жана кооз жасалгасы менен ичтейди ачкан рецепттер менен бөлүшүүнү чечтик.

Баклажан кайыгы

Керектелүүчу азыктар:

Баклажан – 2 даана

Жумуртка – 4 даана

Катуу сыр түрү – 50 грамм

Туз, мурч – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:

1. Баклажандарды узатасынан тең экиге бөлүп, ортолорун майдараак тилип, туздап коюу керек. 10 мүнөттөн соң сыгып суусун чыгарып алабыз. Берки бетин да көмөч казанга тургудай кесип алсаңыз болот.

2. Ысып турган көмөч казанга кесилген жагынан коюп капкагын жабуу менен кызартуу керек. Андан соң ортолорун тайызыраак оюп чыгарып, аны эзип кайра салабыз. Үстүнө сүргүчтөн өткөрүлгөн сырдан бир аз себелеп, жумуртканы чегебиз. Туз, мурч менен кошо калган сырды себелеп алабыз. Көмөч казанга салып, капкагын жаап жумуртка бышканча коёбуз. Чыгарып ысык кезинде даамын татыңыз.

Фриттата омлети

Керектелүүчү азыктар:

Жумуртка – 5 даана

Коюулатылган сүт – 50 миллилитр

Сосиска – 2 даана

Помидор – 1-2 даана

Сыр (рикотта сыры жакшы) – 80 грамм

Петрушка – 4-5 талча

Шпинат – жарым боо

Зайтун майы – 2 аш кашык

Туз, мурч – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:

1. Жумурткаларды чегип, коюулатылган сүттү куюп чалабыз. Туз, мурч жана майда тууралган петрушканы кошуп аралаштырабыз.

2. 1 аш кашык зайтун майын, болбосо өсүмдүк майын көмөч казанга куюп, сосискаларды айланта кызартып, кашыктын жардамы менен эзип бир аз кууруу керек.

3. Чаканыраак электр табасына калган майды куюп, сосисканын жарымын салабыз. Куурулган сосискалардын үстүнө жумуртка аралашмасын куюп, чоң-чоң бөлүктөргө бөлүнгөн помидорду, шпинатты, калган сосисканы кошуп, рикотта сырын тегиз салабыз. Катуу сыр түрү болсо сүргүчтөн өткөрүп себелеп коюңуз.

4. 180 градуста ысып турган электр мешине 20 мүнөткө салып бышырып алыңыз. Италиянын бул Фриттата омлетин бат бышуучу колдо бар жашылча, ашкөктөн кошуп жасасаңыз болот.

Куурулган банан

Керектелүүчү азыктар:

Банан – 2 даана

Каймак май – 2 чай кашык

Быштактуу сыр – 100 грамм

Шоколад сиробу, бадам

Даярдоо ыкмасы:

Банандын кабыгын аарчып узатасынан экиге бөлөбүз. Ысып турган көмөч казанга каймак майды салып, кызыган соң банандарды оордарып кызартып алуу керек. Банандарды тарелкага чыгарып, үстүнө быштактуу сырдан кошуп, шоколад сиробу, бадам менен кооздоп коюңуз.

Куурулган банан менен даамдардын айкалышы кайдыгер калтырбайт.

Быштак куймагы

Керектелүүчү азыктар:

Быштак – 200 грамм

Жумуртка – 2 даана

Катуу сыр түрү – 50 грамм

Сүт – 50 миллилитр

Ун – 2 аш кашык

Сарымсак – 1 тишче

Өсүмдүк майы – 2 аш кашык

Укроп – 5-6 талча

Туз – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:

1. Быштакты майдалап, сүт кошуп аралаштырабыз. Үстүнө унду, сүргүчтөн өткөн сыр менен майдаланган сарымсак, укропту кошуп, жумуртканы чегебиз. Туз себелеп жакшы аралаштырабыз.

2. Орточо отто кызыган көмөч казанга бир аш кашык майды куюп, даяр аралашманын жарымын салып тегиз жаябыз. Капкагын жаап 3-4 мүнөт бышырабыз да, кийинки тарабына оодарып, дагы 2-3 мүнөттөй бышырып алабыз. Таңкы даамдуу, пайдалуу куймагыбыз жегенге даяр!

Асел Ишенбай кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1015, 20-26-май, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан