КАПКАН (бакыт издеп түгөнгүс түйшүккө кабылган аялзатынын турмушу чагылдырылган сериал)

(Башы өткөн сандарда)

Карлыгачты чачтан алган Маратка Байыш жетип барды. Карылуу неме Маратты силкип ыргытты. Карлыгач Байыштын аркасына корунду. Марат кетенчиктеп барып туруп калды. Кайрадан Байышка атырыла бир тийди, бет талаштыра муштап жиберди, экинчи ирет колу келе жатканда Байыш билектен кармап колун кайрып, арка талаштыра тээп жиберди. Карлыгачка жулунуп жаткан Марат эми болгон ачуусун Байыштан чыгарууга өттү. Экөө балжа-булжа мушташып жатышты. Байышты жыгып алып бет талаштыра муштап жаткан Мараттын алдына келип тура калды Карлыгач.

– Токтот! Эмне өлтүрөсүңбү, токтот?!- Мараттын колуна чапкенедей жармашып калды.

– Сабасаң мени саба, тийбе ага!

– Канчык, сен менин колумдан айлан!- жерди бир муштап шалдайып отуруп калды. Бул анын өмүрүндөгү эң ызалуу күнү болду. Он жылга чукул түтүн булатып бирге жашаган жубайы минтип көзүнө чөп салып отурат. Ошончо жыл бирге жүрүп, бир төшөктө жаткан жубайы бүгүн аны эмес, башка бирөөнү коруп отурат. Өз көзү менен көрбөсө эмне?! Издеп кафеге келбесе эмне?! Мынча күйбөйт эле го!

– Сен ушуну кылат белең? Эмнеге, эмнеге? Иштейм дейсиң. Тапкан жумушуң ушул беле? Иштей турган жерди тапкан экенсиң да.

– Марат, мен Байышты сүйөм. Мен ажырашууга арыз бергем.

– Эмне?! Энеңди гана урайын! Күйдүрөсүң го, эки балаң ачка отурат, сүйүүнү эмне кыласың?

– Бак сен, эмнеге ачка отургузасың? Эмне балдарды бетке кармап мени токтотом деп жатасыңбы? Балдардын өз ырыскысы бар дечү эмес белең, балдар өз күнүн көрөт. Мен эми Байышсыз жашай албайм. Мени жөн гана коё бер.

– Сен айнып калган турбайсыңбы, түкүрдүм сенин бетиңе!- Карлыгачтын бетине түкүрүп туруп көчөгө чыгып кетти. Деңгиреп көчө бойлой бара жатты. Эшикте көнөктөп төгүп жаткан жамгырды дагы байкаган жок. Бир топ басты. Ичи өрттөнүп күйүп баратты. Караңгы көчөдө жаркырап жарыгы күйүп турган дүкөндү көздөй бет алды. Бир бөтөлкө арак алды да, эшикке чыгып бөтөлкөсү менен кулкулдатып жутуп жатты. Ачуусун ошол басып, дүйнөсүн ошол тегиз кылчудай сезилди.

ххх

Апасын күтүп зарыгып турган балдар эми акыйып атасын күтүп отуруп калышты. Кичүү уулу ыйлап баштаганда кошуна аял Карлыгачка да, Маратка дагы бир нече ирет телефон чалды. Бирок экөө тең алган жок. Акыры таттуулардан берип жатып араң сооротту. “Келип калар” деп күбүрөнгөн аял өзүнүн балдарын уктатып, идиш-аягын жууп бүтүп балдар отурган бөлмөгө келди. Экөө бири-бирине сүйөнгөн бойдон телефонду кармап отурган жеринде уктап калышыптыр. “Ай, байкуштарым, ай, силерди эмне мынча кыйнашты?” деп сүйлөнгөн аял балдарды жаткырып үстүн жаап койду.

– Саат бирден өтүп кетиптир. Булар балдарын унутуп калган го. Карлыгач деле акылдуу келин эле, балдарын эмнеге таштап кетти экен?- жолдошуна сүйлөндү.

– Өздөрүнүн бир маселеси бар го, эмне кыласың аларды?

– Эмне кылат элем? Карачы, балдар кыйналып жатпайбы. Кийимдери кирдеп жүдөп бүтүптүр, курсактары да ач.

– Жашоодо эмнелер гана болбойт, андан көрө жарашып калышса экен,- деди киши оор үшкүрүнө.

ххх

Жаткандан бери Тимурдун көзү ирмелбеди. Толуп турган ай көтөрүлгөн сайын бөлмө уламдан улам жарык боло берди. Тимур айдын жарыгында мемиреп уктап жаткан Айсараны суктана карап отурду. Бүгүнкү коркуп алая караган көздөрүн элестетти. Сүйүп аярлап жүргөн Айсарасына биринчи жолу кыйкырды. “Коркутуп албадымбы?” деп коёт. “Ыңгай түзүп берем деп жатып чын эле капаска камап жаткан жокмунбу?” Тимур ар ойдун башын чалып өзүнчө бушайман.

ххх

Марат мастыгы менен жарым түндө кайнежесинин үйүнө барды. Мас неменин акылына уят-сыйыт деген нерсе келет беле, каалганы болгон күчү менен ургулай берди. Бир кезде бажасы эшикти ачты.

– Эй, сага эмне болду жети түндө? Тынччылыкпы?

– Жезде, мен өлдүм. Мени Карлыгач өлтүрдү.

– Эмне деп жатасың? Бас үйгө кирчи,- колтуктай кармап үйгө алып кирип кетти. Эшиктин катуу такылдаганынан кайнежеси да эбак төшөктөн туруп калыптыр.

– Буга эмне болгон, өлөрчө ичкен го,- жаман көрө карап койду.

– Эже, мен өлдүм. Баары бүттү. Карлыгач мени тирүүлөй өлтүрдү.

– Эмне деп эле жатасың? Эмне дегениң билинбейт. Карлыгач каякта?- деди кайнежеси жакын басып келип.

– Кетти, бизди таштап кетти. Балдар калды. Сүйөм дейт, эже, сүйөм дебедиби?- ый аралаш мас неме кыска-кыска бир нерселерди божурай берди.

– Бул минтип келчү эмес эле, бир нерсе болгон го,- деди жездеси.

– Сүйдү дейт, кетти дейт. Эмне дегени билинбейт. Түшүндүрүп бир нерсе айтсачы. Карлыгачка чалайынчы,- аял телефонун алганы аркы бөлмөгө кирип кетти.

Марат диванга сүйөнгөн бойдон уктай кетти. Бажасы башына жаздык коюп жаткырып койду. Эжеси Карлыгачка бир нече ирет чалды, өчүк болуп жатты.

– Болду эми, эс ал. Өчүк болсо өчүк да. Эмне болсо да эртең менен көрөрбүз.

Санааркап калган аял уктай албай койду. Эмне кыларын билбейт, улам-улам Карлыгачка телефон чалып коёт. Ар кандай ойлор келип жатты. Таң сүрөрү менен күйөөсүн ойготту.

– Санаам тынчыбай жатат. Турчу, машинаңды айда. Карлыгачтын үйүнө барып келели,- деп күйөөсүн ойготуп алды. Алар кыбыр-күбүр болгондо Марат дагы ойгонду. Башы деңгиреп кайда экенин аңдай албай бир топко жатты. Аңгыча бажасы келип калды.

– Эй, атаңдын оозун урайын, соолуктуңбу? Жети түндө келип жүрөктүн үшүн алдың го.

– Салам алейкум. Кечиресиз, жезде, билбей калыптырмын. Эч нерсе билбейм, бул жакка кантип келгеним эсимде жок.

– Тынччылыкпы, эмне болду? Эмне акыл-эсиңди жоготкончо ичтиң? Сенин мындай ичкениңди биринчи көрүшүм.

– Тынччылык болбой калсын. Биз курудук,- башын мыкчыды. Аңгыча кайнежеси да жетип келди.

– Карлыгач кайда? Эмне уруштуңарбы?

– Карлыгач жок. Сүйүп калган имиш бирөөнү.

– Ок, кокуй, эмне дейт? Каяктагы сүйүү? Эмнени айтып жатасың? Сен соолугуп сүйлөп жатасыңбы?

– Жаш бала экен. Сөз укчудай түрү жок. Эже, сиздин сөзүңүздү укчу эле, айтып көрүңүзчү. Ага да, мага да эмес, балдарга кыйын болуп кетти. "Апам качан келет?" деп күндө ыйлап жатышат. Ажырашууга арыз бердим дейт,- Марат оор үшкүрүнүп алды.

– Күндө дейби, кокуй? Ал эмне үйдө жашабай элеби?

Баш чайкап койду Марат.

– Балдар ыйлады го, мен барайын,- балдарды эми эстегендей Марат ордунан туруп сыртты көздөй жөнөдү. Кайнежеси талкан сугунган немедей нес болуп унчукпай отуруп калды. Качан гана Марат үйдөн чыгып кеткенде артынан жөнөдү.

– Ай, түнү бою чалып байланыша албай койдум. Кайдан табам аны?

– Жумушунан,- Марат Карлыгач иштеген кафенин дарегин айтып дарбазадан чыгып кетти...

– Карлыгач мындай жолго барбайт эле, бул эмнени айтып жатат?- эжесинин ишенгиси жок.

– Бара көрөрсүң, кийин, мен сени жолдон таштай кетейин,- деди күйөөсү.

Эжеси кафеге кире бериштен эле бир жигиттин жакасын түзөп жаткан Карлыгачты көрдү. Аттап-буттап алар турган жерге жетип барды...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1015, 20-26-май, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан