СПОРТ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

Көк бөрү: Көчмөндөр оюндарында улуттук курамды кимдер жетектейт?

Түркияда өтө турган Бүткүл дүйнөлүк IV көчмөндөр оюндарына карата Кыргызстан көк бөрү жана көкпар боюнча эки курама командасын жиберет. Ага эки команданы кимдер жетектеп барары бышыкталды. Көк бөрү боюнча курама команданын жетекчиси болуп Аскат Искендеров, машыктыруучусу болуп Нурлан Мамбетов дайындалды.

Аскат Искендеров "Ынтымак" командасынын учурдагы жетекчиси, ал эми Нурлан Мамбетов "Бакубат-Талас" командасынын машыктыруучусу.

Ал эми көкпар боюнча курама команданын жетекчиси болуп Мыктыбек Туташев, машыктыруучусу болуп Тилек Урмамбетов дайындалды. Мыктыбек Туташев "Достук" командасынын жетекчиси, Тилек Урмамбетов Чүй облусунун Көк бөрү федерациясынын вице-президенти.

Акжол Махмудов менен Роман Власовдун беттеши жылдырылды

Кыргыздын көрүнүктүү балбаны, Токио Олимпиадасынын күмүш байгечиси Акжол Махмудов менен Орусиянын Олимпиада чемпиону Роман Власовдун кармашы белгисиз убакытка жылды. Бул тууралуу Махмудов социалдык тармактагы баракчасына төмөнкүчө жазды:

"Биздин кармашыбызды белгисиз убакытка жылдырышты. Эртеби-кечпи, спорт сүйүүчүлөрү үчүн баштаган ишти аягына чыгарышыбыз керек. Күйөрмандар үчүн көргөн көздүн моокумун кандырган беттеш тартуулашыбыз зарыл".

Май айына пландалып жаткан эки спортчунун кармашын жылдырууга эмне себеп болгону азырынча белгисиз.

Азия чемпиондугу: Оңолбек Каныбек уулу ойногон команда жарым финалга чыкты

Кыргызстандын волейбол боюнча курама командасынын капитаны Оңолбек Каныбек уулу ойногон Казакстандын “Тараз” командасы Иранда өтүп жаткан клубдар арасындагы Азия чемпиондугунда жарым финалга чыкты.

18-майда биринчи чейрек финалдык оюнда казакстандык команда Таиланддын “Накхон Ратчасима” клубу менен кез келип, 3:1 эсебинде “Тараз” жеңишке жетип, жарым финалга чыкты.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1015, 20-26-май, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан