Дасторкон
Бүгүнкү биздин конок, актёр Азамат Арыков бир нече кинотасмаларда мыкты образ жаратып тим болбостон, ашкана сырларын да өздөштүрүүгө жетишиптир. Ал Жаңы жылга белек болсун деп “Коёнек” салатынын рецебин сунуштайт.
Керектелүүчү азыктар:
Тоок эти – 300 грамм
Жумуртка – 4 даана
Сабиз – 2 даана
Грек жаңгагы – 100 грамм
Сыр (катуу) – 100 грамм
Майонез – 200 грамм
Татымына жараша туз, калемпир.
Кооздоо үчүн кытай капустасынын жалбырагы, кара өрүк кагы, укроп, петрушка.
Даярдоо ыкмасы:
1. Тоок этин сууга бышырып, узун-узун кылып туурап алабыз. Ал эми сууга бышырылган жумуртка менен сабизди, ошондой эле сырды сүргүчтөн өз-өзүнчө өткөрөбүз.
2. Андан соң грек жаңгагын бычак менен майдалайбыз. Сырдан башкасынын баарына майонез кошуп аралаштырып, аралашмадан коёнектин тулку боюн даярдайбыз.
3. Анын үстүнө сырдан себелеп, кытай капустасынын катуу бөлүгүнөн коёнектин кулагын, кара өрүктөн көзүн жасайбыз.
4. Даяр болгон салатты укроп, петрушка, капуста менен кооздоп дасторконго коё берсеңиздер болот.
Коён жылы сиздерге токчулук, бакыт, ийгилик, тынччылык алып келсин!
“ЖЫЛМАЙЫП КОЮҢУЗ” ТАМАГЫ
Керектелүүчү азыктар:
Кой эти – 600 грамм
Жумуртка – 1 даана
Картошка – 500 грамм
Пияз – 300 грамм
Каймак май – 200 грамм
Кристалик – 1 чай кашык
Томат пастасы
Татымына жараша туз, ар кандай татымалдар.
Даярдоо ыкмасы:
1. Майда тууралган эт менен пиязды жакшылап мыжыга аралаштырып, ага татымына жараша туз, кара мурч, жумуртка, кристалик кошобуз. Бир аз тыныккандан кийин тоголоктоп, кызып турган майга эки жагын кызарта кууруп алабыз да, бир аз суу куюп, бууга бышырабыз.
2. Аарчылган картошканы жууп, сууга бышырып, каймак майдан кошуп пюре жасайбыз.
3. Андан соң пиязды кызарта кууруп, томат пастасы жана суу кошуп соус даярдайбыз. Ар кандай татымалдарды кошобуз.
4. Тарелкага алгач пюрени, анан котлетти салып, үстүнө соустан куюп дасторконго коёбуз.
АЗАМАТТАН КЕҢЕШ
Дамира Арстанова
kenesh@super.kg