Чуулгандуу окуялардын ханышасы КИМ КАРДАШЬЯН

Ким Кардашьян ысымын кайсы бир кинодогу шумдук ролунан же башка ишмердүүлүгүнөн улам эмес, чуулгандуу окуяларга көп кабылганынан улам таанысак керек. Негизи эле Кардашьяндардын үй-бүлөсү толугу менен ызы-чуулуу окуялардан улам белгилүү болуп, бул “ишмердүүлүгүн” азыркыга чейин улантып келишет. Эл ызы-чуудан качса, Кардашьян аны өзү кубалап алат. Фотомодель, реалити-шоулордун жылдызы, бизнесвумен Ким Кардашьяндын өмүр таржымалына биз да кызыгып көрдүк.

Аты-жөнү: Кимберли Ноэль Кардашьян

Туулган жери: АКШ, Лос-Анжелес

Туулган жылы: 1980-жыл, 21-октябрь

Жылдыз белгиси: тараза

Бою: 159 сантиметр

Кесиби: модель, актриса, продюсер

Инстаграмдагы катталуучуларынын саны: 309 миллион

КАРДАШЬЯНДАР

Американын белгилүү медиа-персонасы, интернет жылдызы Ким Кардашьян армян кызы. Атасы белгилүү адвокат Роберт Кардашьяндын аталары 19-кылымда эле АКШга көчүп барып, кийинки муундары “америкалык” аталып калышкан. Апасы Крис Хоутон (учурдагы күйөөсүнүн фамилиясында Крис Женнер аталып жүрөт) светтик кечелердин көрүнүктүү өкүлү. Роберт менен ажырашкандан кийин Крис 1991-жылы спортчу Брюс Женнерге турмушка чыккан. Ушул жактан кызыктуу окуя кыпчып өтөйүн. 1976-жылы жеңил атлетика боюнча Олимпиада чемпиону болгон Брюс Женнер 2015-жылы жынысын алмаштырууну чечет. Чечимин ишке ашыргандан кийин ал Кейтлин Женнер аталып калган. Кызыгуу жараткан үй-бүлө бекен? Өзүнүн атасы жана өгөй атасынын балдарын кошкондо Ким Кардашьяндын жалпысынан 9 бир тууганы бар.

АТЫҢ ЧЫКПАСА ЖЕР ӨРТТӨ!

Ким Кардашьян белгилүү Голливуд жылдыздарынын жардамчысы болуп жүрүп жүзү таанымал болгонун билчү белеңиз? Билбегендер үчүн айта кетели, 2000-жылдардын башында Ким ошол кезде маалымат каражаттарынын көңүл борборунан түшпөгөн актриса, модель Пэрис Хилтондун ассистенти болуп иштеп калган. Пэрис менен Ким достошуп, курбулар түрдүү маданий иш-чараларга, светтик кечелерге чогуу чыга башташкан. Анан албетте, алардын сүрөттөрү белгилүү журнал-гезиттердин беттеринен түшпөй калган. Андан кийин Ким ырчы Брэнди Норвуд менен иштешти. Иштешип эле тим болбостон, анын иниси, ырчы Ray-J менен сүйүү мамилесин курганга жетишкен. Жеке стилист болуп актриса, ырчы Линси Лохандын жанында да жүрдү.

2007-жылдын башында Кимдин аты ЖМКлардын башкы каарманына айланган. Ray-J менен сүйлөшүп жүргөн убактагы экөөнүн интимдик видеосу интернетке тарап кеткен. Ким болсо мурунку жигитин видеону чыгарды деп күнөөлөп, айтор, ызы-чуу эле түшүп калышкан. Быйылкы жылдын май айында гана буга чейин унчукпай келген Ray-J журналисттерге маек берген. Өз сөзүндө ал видеону интернетке жүктөө идеясы Кимге таандык экенин айткан. Ким оюн апасына айтып, кызынын менеджери болуп иштеген Крис да макул болуп, порно каналдарга сунушташкан. Видеого болгон укукту сатып алгысы келген интернет сайттар көп болуп, жыйынтыгында Ким да, Ray-J да миллиондогон долларды чөнтөгүнө салышканын айткан. Ырчы мырза 14 жыл бою унчукпай келгенин, Кардашьяндардын үй-бүлөсү болсо аны каралаганын койбой койгондо баарын ачык айтып берүү чечимине келгенин айтат.

ЭҢ КЫМБАТ ТВ-ПЕРСОНА

Эл оозунда турган Кардашьяндардын үй-бүлөсүн шоу-программага тартуу идеясы продюсер Райан Сикрестке келет. Ошентип 2007-жылдын октябрь айында башталган “Кардашьяндардын үй-бүлөсү” аталган реалити-шоу азыркыга чейин келип жетти. 20 сезон тартылды! Шоу экранга чыкканда эле кесипкөй сынчылар “бере турган ою, максаты, тарбиясы жок программа” деп сынга алышкан. Ошентсе да телеберүүнүн рейтинги асман чапчып, 15 жылдан ашык өмүр сүрүп келет. Шоудо Кардашьяндардын уул-кыздарынын, алардын сүйүктүүлөрүнүн, айтор, үй-бүлөнүн жакындарынын баарынын жашоосу тартылат. Анда кубанычтуу күндөр, чачташып согушканга чейин барган учурлар, жумушу, эмне тамак жасады, чачын тарадыбы жокпу дегенге чейин көрсөтүлөт.

Шоунун арты менен Кардашьяндар Голливуддун эң атактуу адамдарынын катарына кирди. Ар биринин түрдүү кийимдер коллекциясы, косметика чыгарган компаниялары, дүйнө жүзү боюнча ондогон дүкөндөрү жана башка каражат үзгүлтүксүз агып келип турган булактары бар. Шоуго тартылганы үчүн Ким жылына миллиондогон доллар гонорар алып, эң кымбат ТВ-персонасы болуп саналат.

ЭЛГЕ ЖАКПАГАН АКТРИСА+ЫРЧЫ

Кино тармагына “Тыныгуу учурунда” аттуу сериалга тартылуу менен келген. 2008-жылы “Чындыктан алыс блокбастер” тасмасына тартылганда эң жаман аткарылган роль үчүн бериле турган “Алтын малина” номинациясына талапкер болгон. Кийин кино ишмердүүлүгүндө “Алтын малина” номинациясында “жеңишке” да жетишкен. Кимберли ырчылыктан да өзүн сынап көрдү. Бирок болбоду...

КЕЛБЕТИНИН КАНЧА ПАЙЫЗЫ ТАБИГЫЙ?

Ким Кардашьяндын келбетине кызыкпаган жан жок болсо керек.

“Playboy” сыяктуу журналдардын бетин кооздогон атактуу айым косметикадан башкасынын баары табигый өзүнүкү экенин айтат. Бирок пластикалык хирургдар бир ооздан анын жамбашын, төшүн чоңойтконун, жүзүндөгү сулуулукка түрдүү уколдордун да таасири бар экенин белгилешет. Кардашьяндын профессионал фотограф, пиарчы, оператор-монтажчылардан турган чоң "армиясы" бар. Ар бир кадамын камера алдында шилтеген Кимдин фотолорун анын кызматчылары тартып, фотошоптун сынынан өткөрүп анан башкаларга таратышат. Келбетинин канча пайызы табигый экенин Ким өзү билет.

5 МИЛЛИОН ДОЛЛАРЛЫК КӨЙНӨК

Ким Кардашьян жөнүндө сөз кылсак барак түтчүдөй эмес. Ошентсе да анын жашоосундагы мырзаларга токтолбосок болбойт. Криштиану Роналду баштаган жигит статусундагыларды айтпай эле коёлу. Күйөө статусун Ким 3 мырзага берген: 4 жыл продюсер Деймон Томас менен үй-бүлө аталды, андан кийин 1 жылга жетпеген убакыт спортчу Крис Хамфристин жан шериги болду, 3-кезекте атактуу ырчы, рэпер Канье Уэст. 2014-жылы үйлөнгөн атактуулардын ортосунда 2 кыз, 2 уул бар. 2021-жылы бул союз да урап, учурда Ким актёр, комик Пит Дэвидсон менен жетелешип жүрөт.

Ким Кардашьян тууралуу акыркы жаңылыктардын бири анын
Met Gala-2022 мода балына баруусу болду. Ким балга Мэрилин Монронун президент Жон Кеннединин туулган күнүнө кийип барып, «Happy Birthday, Mr. President» деп ырдаган кечедеги көйнөгүн ижарага алган. Көйнөктүн ижарасына 5 миллион доллар төлөгөн. Балдан кийин журналисттерге берген маегинде Ким: “Көйнөккө батыш үчүн 3 жума катуу диета кармап, 7 килограммдан ашык салмак таштадым”,- деген. Маектен кийин айрымдар анын көйнөктү кымбатка алганын, кээ бирлер 3 жумада 7 килограмм салмак таштап ден соолукка зыян келтире турган диетаны үгүттөп жатканын айтып дагы сынга алышты. Бирок Кардашьяндын хейтерлер менен иши жок. Аты канчалык эл оозунда болсо, анын чөнтөгүнө ошончо пайда.

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1015, 20-26-май, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан