ДНК –ТҮЙҮЛДҮК БОЛГОНДОН ТАРТЫП КӨЗ ЖУМГУЧА ЖАШООБУЗДУ БАШКАРАТ

Адамдын ДНКсы деген эмне? Ал ичине кандай кызыктуу маалыматтарды камтыйт? Бул жаатта медицина илиминин кандидаты, врач-генетик Бибигуль Карыпбаева айтып берди.

“ДНК – эукариот клеткаларында жайгашкан”

– Адамдын организми ткандардан, ткандар болсо клеткалардан түзүлөт. Денебизде клеткалардын 230 түрү бар. Жалпысынан алардын саны болжол менен 100 триллионду түзүшү мүмкүн. Так саны алигиче белгисиз. Клеткалардын бир түрү – ядросу бар эукариот клеткалары. Алардын ар биринин ядросунда X белгисине окшош көпшөк, көбүккө окшош 23 жуп хромосома бар. Хромосома – бул тукум куучу маалыматты, башкача айтканда, генди алып жүрүүчү ДНК (дезоксирибонуклеиддердин кычкылы). ДНКнын түзүлүшү кош спиралды элестетет. ДНК адамдын генин алып жүрүүчү энциклопедия, код десек болот.

“ДНКдан белокту иштеп чыгарууга буйрук токтогондо жашоо бүтөт"

– Адамда 25 миң ген бар. Ата-энедеги 23 жуп хромосомадан 1ден хромосома балага көчүрүлүп өтөт. ДНКнын 1 пайызы гана генге жооп берсе, калгандары организмге керектүү белокторду кайсы убакта, канча санда иштеп чыгаруу керектиги боюнча организмге “буйрук” берип, көзөмөлдөп турат. Белоктор болсо организмибиздин курулуш материалы. ДНКдан белоктун иштелип чыгуусуна буйрук токтогондо адамдын жашоосу бүтөт. Башкача айтканда, ген (ДНК) түйүлдүк болгондон тартып акыркы демибиз чыккыча жашообузду башкарат, аларсыз эч бир орган иштебейт, кан тамырларда кан жүрбөйт, жүрөк какпайт, боор жана башкалар иштебейт.

“Жашообуздун кыска же узактыгы теломерге байланыштуу”

– 25 миң ген клеткалардын ядросундагы хромосомаларга бөлүнүп жайгашат. Айрым хромосомалар көп генди камтыса, кээ бирлери азын камтыйт. Эмнеге мындай экендиги табышмак бойдон калууда. Хромосомалардын учтарында теломерлер бар. Алар хромосомаларды бузулуудан сактайт. Теломерлер канчалык узун болсо адам аз ооруп, узак жашоого мүмкүнчүлүгү бар. Туура тамактануу, физикалык активдүүлүк, стресске көп чалдыкпоо, жакындардын колдоосу теломердин узун болуусун шарттайт. Ал эми радиация, алкоголдук ичимдик, тамеки, стресстен теломерлер жабыркап, кыскарат. Мунун айынан оорулар жаралат, жыйынтыгында өмүр кыска болуп калат. Андыктан теломерлер картаюунун көрсөткүчү болуп эсептелет. Ичимдик ичип, тамеки чеккендер ал адаттарын таштап, туура эмес тамактангандар туура тамактанууга өтсө теломерлер кайрадан узара баштайт (эгерде теломерлер абдан жабыркабаса). Рационго жашылча-жемишти, акшактарды көп кошуп, тамак-аштагы майды, кантты азайтуу зарыл. Спортко жакын болуу же көнүгүүлөрдү жасоо, таза болбосо күнүгө 30 мүнөт жөө басуу өмүрдү, башкача айтканда, теломерлерди узартат.

“Аялына зомбулук көрсөткөн эркектер Туретта синдрому менен жабыркашат”

– Кыргызстанда учурда үй-бүлөдөгү зомбулукка каршы күрөш жүрүп жатат. Ичкилик ичип алып аялына, ал тургай балдарына зомбулук көрсөткөн эркектер Туретта синдромунан жабыр тартышат. Бул борбордук нерв системинин тукум куучулук оорусу. Баарына мээдеги дофамин гормонун өтө көп бөлүп чыгарган кара субстанция күнөөлүү. Мындай эркектерге этти көп бербеш керек. Эт ачууланууну күчөтөт. Туретта синдромунун белгилерине сөгүнчөөктүк, бат ачуулануу, мушташ, уруш-талашка жакындык кирет. Бирок ошол эле кезде алар суукка, ачкалыкка, оор жумушка чыдамдуу болушат. Зомбулук көрсөткөн эркекти аялы спорт залга алып барып, жаздыруусу зарыл. Эркек жинин, ачуусун, машыгуудан чыгарып алып, жоошуй алат. Ошондой эле андай эркектер кара жумушту көп жасаса да тынчып калат.

“Нан, туз, суу менен калган аялдар эркек төрөшөт”

– Согуш учурунда, ачкачылык кезде эл, анын ичинде аялдар нан, туз, суу менен калышат. Мындай кезде эркек балдар көп төрөлөт. Бул, биринчиден, жаратылыш адамдар тукум курут болбосун, эркектердин мураскерлери болсун деп уул балдарды бергенинен болот. Экинчиден, нан, туз, суу менен калган аялдын организминде натрий көбөйүп, белок азаят, бул уулдун төрөлүшүн шарттайт.

Падышалык, императордук үй-бүлөлөрдө мураскерлүү болуу дайыма маселе жаралган. Анткени аялдары кенен жеп-ичип, кенен укташкан. Башкача айтканда, анын организми согуш же ачарчылыктын белгисин сезбейт, жаратылышта да андай кооптонуу жок. Андыктан кыздар туулган.

Жалаң кыз төрөй берген аялдар уул төрөшү үчүн жок дегенде 6 ай нан, туз, суу менен азыктанышы жана кана уктабоосу зарыл. Эркек балдарды көп төрөгөн аялдарга байкоо жүргүзүлгөндө алардын дайыма уйкусу канбай жүрө тургандыгы аныкталган.

Митохондрия же энергияга байланган жаштык

– Митохондрия – бул бактериядай кичине органелла, клеткалардын “энергетикалык” станциясы. Ар бир клетка орточо эсеп менен 2000 митохондрияны камтыйт. Энергия иштелип чыгуусу үчүн митохондриялар тамак-аштагы глюкозаны ажыратып, энергияга айлантат, зат алмашууга активдүү катышат. Энергияны организм булчуңдардын жыйрылып иштешине, нервге сигналдардын барышына, керексиз заттарды жок кылууга, организмди сууктан коргоого жана башкага жумшайт. Энергияны көп керектөөчүлөргө жүрөк, бөйрөк, мээ, булчуңдар кирет. Митохондриялар өзүнүн ДНКсына ээ жана ал энеден балага өтөт.

Үйдө 2 бала болсо бири улам-улам ооруйт, суукка бат урунат, көп тердейт, майлуу тамакты сиңире албайт, колу-буту муздап турат дейли. Бул балада митохондриялар калыптагыдай жаңыланып турбайт дегенден кабар берет. Экинчиси оңою менен оорубайт, суукка туруктуулугу күчтүү, көп тердебейт, тердесе да тери бат кургайт, майлуу тамакты сиңирүүсү жакшы, колу-буту ысып турат. Бул балада митохондриялар калыптагыдай жаңырып турат.

Күндүн ультра көк-нурлары, абанын булганышы, туура эмес тамактануу, зыяндуу адаттар, стресс митохондриялардын иштешине терс таасир этет. Митохондриялар жүрөк-кан тамыр, кант диабети, рак оорусунда, өнөкөт чарчоодо начар иштеп калат.

Организмде энергиянын тартыштыгынан бат чарчоо, алсыроо, уйкунун бузулушу, бат жинденүү, тынчсыздануу, паникага жакындык жаралат. Адамдын жүзү боз, көк, сур тартып, көзүнүн алдында кара тегеректер пайда болот. Акырындан ден соолук начарлайт. Адам бат-бат ооруп, оорулары өнөкөт түргө өтө баштайт. Жыйынтыгында адам бат картая баштайт.

Митохондриясы мыкты жигит көп ооруган, алсыз, арык, суукка бат-бат урунган кызга баш кошсо балдары апасын тартып калат.

Эгер митохондриясы начар жигит митохондриясы жакшы кызга баш кошсо, балдарынын ден соолугу мыкты болот.

Кээде үй-бүлөдө кыз же уул бала апасына да, атасына да окшошпой мүнөзү, жүрүм-туруму башкача болот. Мындай болгондо уул бала тайын, кыз бала чоң апасын тартыптыр деш керек. Мунун себеби уул таятасынын, ал эми кыз бала чоң апасынын доминанттык генин алган болот.

Кыргыздар ичимдик ичкенде эмнеге бат мас болушат?

– Алкоголдук ичимдик ичсе да оңой менен мас болбой, алкоголдук циррозго учурабай турган улут, элдер бар. Алардын түпкү ата-бабалары жүзүм көп өстүрүлгөн аймак, өлкөлөрдө жашаган. Алардын түпкү бабалары урпактарынын генине алкогольдегидрогеназа ферментин өткөрүп беришкен. Аталган фермент ичимдиктин курамындагы спиртти кычкылдантып, керектүү бөлүкчөлөргө ажыратып, денеден чыгып кетүүсүн шарттайт. Канга аз гана өлчөмү аралашат. Кыргыздардын генинде андай фермент жок, спирт канга аралашып, адам бат мас болот.

Кальман синдрому

– Аталган синдром тукум кууйт. Бул оору менен туулган уул балдар жытты сезбейт, же өтө начар сезет, кийин балалуу боло алышпайт. Сперматозоиддерде жыт билдирүүчү кальман белогу бар, анын жардамы менен аялдын жумуртка клеткасынын жытын сезип, ага карай чуркап жетип, аны уруктандырууну көздөйт. Ал эми Кальман синдрому менен туулган эркектердин сперматозоиддери аялдын жумуртка клеткасынын жытын сезбейт. Алар ЭКУ жолу менен балалуу боло алышат.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1015, 20-26-май, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан