КЫЗГАЛДАК – 1 АЙ ГАНА КООЗДУК БЕРГЕН ГҮЛ

Май айы келери менен кызгалдактуу талаалар адамды өзүнө тартып, ал жерлерде сүрөткө түшүп, социалдык баракчаларына жүктөгөндөр көбөйдү. Ал тургай талаа ээси менен сүрөткө түшкөндөрдүн ортосунда жаңжал да чыкканы тууралуу маалымат социалдык желелерде тарады. Кызгалдактын түрлөрү менен Улуттук илимдер академиясына караштуу Биология институтунун өсүмдүктөр боюнча илимий кызматкери Адилет Усупбаев тааныштырды.

Кызгалдак (орусча аталышы мак) – апийимдер уруусуна кирген өсүмдүк. Кызгалдактар негизинен 1, 2 жана көп жылдык болуп бөлүнүшөт жана 70ке жакын түрү бар. Жапайы түрдө Орто Азия, Түндүк Американын батышында, Борбордук жана Түштүк Европада, Австралияда жана башка жактарда кездешет. Кызгалдактарды уругун сээп өстүрсө да болот.

Кызгалдактын гүлү – ак, кызгылт, ачык сары, кызгылт сары, кызыл, кызгылт көк, көк жана ал тургай кара түстө да болот. Бакчага бир жолу себилген же отургузулган көп жылдык кызгалдак көп жылдар бою өсүп, гүлдөй берет.

Алар ак, сары же кызгылт сары түстөгү сүткө окшош чайыр бөлүп чыгарышат.

Гүлдөрдү курт-кумурскалар чаңдаштырат, кээ бир түрлөрү өз алдынча чаңдашуусу мүмкүн.

Кызгалдактар жыш жайгашып, өскөн жерде биринин артынан бири гүлдөп, жалпысынан бир айдай убакыт кооздукту жаратат.

КЫРГЫЗСТАНДЫН АЙМАГЫНДА КЕЗДЕШКЕН ТҮРЛӨРҮ

Өлкөбүздө кызгалдактардын ийилген (рёмерия отугнутая) жана аргын (рёмерия гибдридная) делген түрлөрү көбүрөөк кездешет. Чүй, Талас өрөөнүндө өсүп, гүлдөп жаткан кызыл кызгалдактар ийилген кызгалдактар. Түштүктөгү түрү апийим кызгалдагы (павлиний мак) деп аталат. Мындан сырткары саргалдак (мак оранжевый), ак кызгалдак (мак окутанный), Литвинов апийими (мак Литвинова), Тянь-Шань апийими (мак тяньшанский) деген түрлөрү кездешет.

Буудай, арпа жана башка өскөн эгин талааларында жана талааларда өсөт. Жаз кургак болсо аз өсөт. Жаан-чачын болсо жайнап өсүп чыгат.

Кыргызстандын Ысык-Көл облусундагы талааларда бир кездерде (СССР убагында) апийимдин бир түрү дары катары өстүрүлгөн, кийин аны өстүрүүгө тыюу салынган, себеби анын курамында баңгизат бар. Апийимдин бул түрү Чыгыш жана Түштүк Азияда, ошондой эле Түштүк-Чыгыш Европада жапайы өсөт.

Орто азиялыктар кызгалдак жакшы гүлдөсө, топуракта ным жетиштүү, демек, ушул жылы түшүм мол болот деп болжолдошкон.

Буларды мал көп жебейт, тоют катары пайдасы жок. Бирок аарылар алардын чаңчаларын соруп, бал чогултат.

КОЛДОНУЛУШУ

•Кондитердик азыктарда апийимдин атайын иштетүүдөн өткөрүлгөн уругу колдонулат. Чийки түрдөгү уругу курамына баңгизатты камтыгандыктан, аны колдонууга тыюу салынган. Анткени ден соолукка зыян келтирет.

•Кыргыздарда элдик медицинада кургатылган сабагы менен жалбырагын какач кетирүүдө, шакыйдан айыгууда колдонот. Тамырынын ачытмасын беттеги так-сепкилди кетирүүдө пайдаланат.

АТАЙЫН ЭГИП ӨСТҮРҮҮ ЖАНА КАМ КӨРҮҮ

Кызгалдакты өстүрүү абдан оңой. Аны күнөстүү жерге же жарым-жартылай көлөкө жерге, мүмкүн болсо борпоң топуракка отургузуу же себүү керек. Бир жылдык кызгалдак жер семирткичсиз эле жакшы өсөт, ал эми көп жылдык кызгалдактарды өстүрүүдө суук мезгилдин башталышына чейин компост колдонуу керек.

Көп жылдык сорттогу кызгалдактарды жазында же кеч күздө тамырынан бөлүп көбөйтүүгө болот. Тамыры өзөктүү болгондуктан, кызгалдак жер которууну жактырбайт, ошондуктан кызгалдакты уругу менен көбөйтүү оңой. Бир жылдык кызгалдак себилгенден кийин бир нече айдан кийин гүлдөйт, эки жана көп жылдык кызгалдак – кийинки жылы, же эрте эгилген болсо ошол эле жылы гүлдөйт.

Эгерде өз алдынча өсө берип, жердин баарын ээлеп калышын каалабасаңыз, анда гүлдөгөндөн кийин урук баштарын кесип алыңыз же же гүлдөп бүтүп соолуп калганда тамыры менен жулуп салыңыз.

КЫЗЫКТУУ ФАКТЫЛАР:

  • Кызгалдактар адамзат цивилизациясында узак тарыхка ээ. Алар биздин заманга чейинки 5000 жыл мурун Месопотамияда декоративдик өсүмдүк катары өстүрүлгөн.
  • Апийимдер Египет мүрзөлөрүнөн табылган жана байыркы египеттик дарыгерлер анын уругун жана чайырын ооруну басаңдатуу үчүн колдонушкан.

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1015, 20-26-май, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан