Эмил Токтошев, вайнер: “40 МИҢ СОМ АЙЫП ПУЛ ТӨЛӨГӨНДӨ ЫЙЛАП ЖИБЕРЕ ЖАЗДАГАМ”

“Рулдагы жылдыз” рубрикабызда конокто вайнер Эмил Токтошев болду. “Унааларды бат алмаштырам, канчанчы унаам экенин билбей деле калдым” деген Эмил мырза кандай айдоочу экенине кызыгып, темир тулпары менен тааныштык.

Үлгүсү – Toyota Avalon

Чыгарылган жылы – 2017-жыл

Кыймылдаткычынын көлөмү – 2500 сантиметр куб, гибрид

Эң жогорку ылдамдыгы – саатына 240 чакырым

Баасы – 23 миң доллар

УНААНЫ ТЕЗ-ТЕЗ АЛМАШТЫРАТ

– Бул унааны алганыма 2 айдан өтүп калды. 2017-жылкы, “свежий”, “ходовою” сонун. Кыймылдаткычынын көлөмү 2,5, анын үстүнө гибрид. Лексус 570тен кийин муну айдаганда жыргап эле калдым. Кыйла жеңил болуп калды. Мурдагыдай май куюучу жайларга бат-баттан кирбей калдым. Мурун күйүүчү майды ар эки күн сайын куйсам, азыр аптасына бир эле жолу куям.

Өзүм машинаны аябай жакшы көрөм. Тез-тез эле алмаштыра берем. Аябай көп айдадым дегенде бир жарым жыл айдашым мүмкүн. Чынын айтканда, көп алмаштыргандыктан бул канчанчы унаам экени эсимде жок. Мурун машинанын чыккан жылына маани берчү эмесмин. Азыр жылына, жумшактыгына, сапатына маани берем. Бардык үлгүдөгү унааларды айдап көргөнгө кызыгам, бирок ыңгайына дагы карайм. Мисалы, БМВ айдабайм, анткени өтө эле чыргоо машина экенин билем.

АЙДООЧУЛУКТУН БАШТАЛЫШЫ

– Айдоочулук күбөлүктү автомектепте окуп эле алгам. Бирок жол эрежесин 100 пайыз билем дей албайм. 40 пайызын билсем, 60 пайызын билбейм. Алгач 1-курсумда унаалуу болгом. Атам “ушуну менен иштеп окуу акысын өзүң төлөйсүң” деп Тико белек кылган. Аны менен такси кызматын көрсөтчүмүн. Машина бузулуп калчу, сүзүп алган учурлар болду. Аны оңдотмоюнча үйгө барчу эмесмин. “Машина жүрүп жатабы?” десе, “ооба, бир жерде элем, бошобой жатам” деп сүйлөшкөндөн да каччумун. Таксист болуп жүрүп кийин Фит алдым. Анан Бишкектен Ошко Фит алып келип 50-100 доллар кошуп сата баштадым.

ЖҮРӨГҮНҮН ҮШҮН АЛГАН АЙЫП ПУЛ

– Ошто камера жок да, эми орнотула баштады. 2019-жылы Бишкекке кафе ачып, узагыраак жүрүп калдым. Ошол маалда жол чырактан чийинди тебелей бериптирмин. Кафени ачып коюп, бир жарым айдан кийин Ошко келдим. Бир күнү эшик такылдайт, чыксам почтадан аябай көп конверт келиптир. Ачсам Бишкектеги камераларга түшкөн 35 миң сомдук айып пул экен. Ыйлап жибере жаздагам. 35 миң сомду ана төлөйм, мына төлөйм деп жүрүп, тууму менен 40 миң сомдой төлөдүм. Анан ошол машинамды гивге койдум. Карантин болуп, гив токтоп калды. Анан карантин маалында машинаны сатып, акчасына 100 үй-бүлөгө жардам бергем.

Эң көп төлөгөн айып пулум ушул болду. Ошондон бери Бишкекке барып калганда жол чырактан сызыкка 10 метр калганда эле токтой берем. Өткөндө Бишкекке барып алыстан эле токтосом бир байке келип “ой, сен аябай алыс токтоп алыптырсың го, тигиндейирээк айда” дейт. “Эй, бул чийин менин жүрөгүмдүн үшүн алып койгон” деп күлдүм.

ЫЛДАМДЫКТЫ СҮЙБӨЙТ

– Көчөдө обу жоктонуп газды басып, жулкуп өпкөлөнүп айдагандар жакпайт. Мен ылдамдыкты сүйүүчүлөрдүн катарын толуктабайм. Эң катуу дегенде 100гө чейин жетишим мүмкүн. Жолдо көп деле эреже бузбайм. Кээде туура эмес жерге токтоп же коопсуздук курун тагынбай, алаксып кетип өтмөктөн киши өткөрбөй айдап кеткен учурлар болуп калат. Кээде МАИ кызматкерлери түшүндүрүп, эскертүү берип, коё беришсе, кээде дароо айып пул жазышат. Акеме, досума чалам дебей эле айып пулду жаздырып төлөп коём.

БУЗУЛСА ОҢДОЙ АЛБАЙТ

– Машинанын кайсы жеринде эмнеси бар экенин деле билбейм. Атам “бир жакка чыкканда жок дегенде бир шайман салып алчы” деп урушуп калат. Мен “учкучмун”, машинага отурам, жакшы жүрсө эле болду. Урган боюнча айдап жүрө берем. Бузулса оңдогонду эмес, жадакалса, мотор каякта экенин билбейм. Студент кезде жолдо калган учурлар көп эле болгон. Дароо оңдоочуларга чалам же таксиге түшүп кетип калам. Кайра оңдоочуларды алып келип оңдотуп кетем.

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ ЖАНА ЫРДАП ЧЫККАНЫ БОЮНЧА

– Жашырбайм, чынын айтканда, менин үнүм деле жок. Бирок мага окшогондор деле толтура ырдап жүрбөйбү. Өзүмдү ырдап деле сынап көрөйүн дедим. Курал Чокоев менен ага-дос мамиледебиз. Бир ырдабайлыбы деп сүйлөшүп жүргөнбүз. Эмнени ырдайлы деп, акыры куудул, породист Жеңишбек Айтиевдин “Беш бармак” деген ырын жаңылап ырдадык. Буюрса, жакын арада клип тартабыз. Учурда сценарийин даярдап жатабыз. Ишкерликте болсо Ошто тамактануучу жайдын 8-филиалын ачып жатам. Ошонун оңдоп-түзөө иштери менен алекмин.

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1015, 20-26-май, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан