АБЕРДИН-АНГУС– ЖАРЫМ ТОННА ТАЗА ЭТ БЕРЧҮ УЙ ПОРОДАСЫ

Өлкөбүздө жамгыр жааган сайын айылдарда сел жүрүп, андан эл олуттуу зыян тартууда. Адистер малдын саны кескин көбөйгөндүктөн жердин кыртышы бузулду, жаан суусу жерге сиңбей калды деп жатышат. Ушунун өзү мал багууда сандан сапатка өтүү зарыл дегенди билдирет. Катардагы 4-5 уйдун ордуна мыкты породадагы 1 уй багуу оңой. Андай уйлардын бири – эт багытындагы абердин-ангус породасы. Тоолуу климатка ылайыктуулугу, тоют тандабагандыгы менен айырмаланат. Ушул порода боюнча маалымат беребиз.


Качан, кайда чыгарылган?

XIX кылымда климаты салкын, тоолуу Шотландиянын Абердиншир жана Ангус графтыгындагы уй породаларын аргындаштыруу менен жаралган.

Өңү кара, мүйүзсүз, денеси узун, буту жана моюну кыска, сөөгү ичке. Сөөгү этинин жалпы салмагынын 18-20 пайызын түзөт.

Боюнун бийиктиги:

120-130 сантиметр

Денесинин узундугу:

170-180 сантиметр

Салмагы:

Буканыкы – 750-1000 килограмм,
уйдуку – 500-600 килограмм

Породанын артыкчылыгы:

Бат чоңоёт, жеңил тууйт, климатка бат ыңгайлашат. Тоют тандабайт.

Музоосу күн сайын 700-1000 граммга жакын салмак кошуу менен 6 айда салмагы 150-180 килограммга, 3 жылда 430-500 килограммга чамалап калат.

Кемчилиги:

Абдан семирип кетсе ден соолугуна зыян келет. Анткени буттарынын булчуңдары жакшы өнүкпөгөн жана муундары алсыз болот. Андыктан комбикорм, жемди нормадан ашыкча бербөө керек. Ашыкча семирип кеткенде өз салмагын көтөрө албай кулап, буттарын сындырып алат.

"ЭТИ МРАМОРДУУ ЭТ ТҮРҮНӨ КИРИП, АБДАН БААЛАНАТ"

Шаршен Чотонов, Жайыт жана асыл тукум мал чарба департаментинин башкы адиси:

– Абердин-ангус – дүйнөгө эң көп тараган уй породаларынын ичинен 2-орунда турат. Учурда дүйнөнүн дээрлик бардык тарабында багылат. Бул породадагы уйлар алгач Кыргызстанга атайын долбоордун негизинде 2013-жылы Америкадан 229 баш алынып келинип, Чүй, Талас, Нарын, Ысык-Көл облустарындагы мал чарбаларга бөлүштүрүлүп берилген. Абердин-ангус породасын багып, этин сатып бизнес кылам деген фермерлер Орусия жана башка жактардан сатып келишип, башын көбөйтүшүүдө.

Порода тоолуу шартка ыңгайлаштырылып чыгарылгандыктан, тоолуу аймактарда багуу талапка ылайык. Учурда ар аймактарда чет элден букаларынын уруктарын алып келип, жасалма уруктандыруу үчүн саткан компания, фирмалар бар. Ал жерден урукту сатып алып, үйдөгү уйларын ветеринарлардын жардамы менен уруктандырып алышса болот.

Эти мрамордуу эт түрүнө кирет. Абердин-ангус ую сүттү аз берет. 1 күндө 3,5-5 литрге чейин сүт саалат. Сүтүнүн майлуулугу жагынан топоздун сүтүнө жакындашат. Башкача айтканда, майлуулугу 5-6 пайызды түзөт. Андыктан музоолору бат чоңоёт. Ушул максатта да сүтүн саабай музоосуна эмизишет. Музоосу 19-28 килограмм салмакта туулат. Эгер жайлоого энеси менен кошуп жиберсе жайы менен эркин оттоп, жайлоодон түшкөндө салмагы 250-280 килограммга чейин жетип калат.

Жүнү кышта узарып, сууктан сактайт. Иммунитети жана инстингдери күчтүү. Уйлар музоолорун коруп, эмизип, кам көрүшөт. Чоочун бирөө-жарым музоосуна жолосо агрессия көрсөтөт.

Боюнун өсүшү уйлардын башка породасына салыштырмалуу эрте токтоп, семире баштайт. Кышында уй кармалуучу сырткы короого калыңдыгын 10-15 сантиметр кылып саман төшөп койсо жакшы.

Гени күчтүү, жергиликтүү 10 уйду абердин-ангус букасынын уругу менен уруктандырганда туулган 10 музоонун 8инин породасы абердин-ангус болот.

Торпокторду 10 күнгө чейин энесин эмизип багып, анан беде, аралашма жем, жемге кошо туз, бор аралаштырып бере баштаса болот. Чуңкурга жүгөрүнү арпа саман менен аралаштырып, бастырып жүгөрү силосун камдап алып, кышта берсе витамин, микроэлементтер менен камсыз болот. Рационуна жүгөрүнүн акшагын, күнкараманын күнжарасын, комбикорм кошсо да бат чоңоюп, семирет.

“1 БУКАНЫ СОЮП САТСАК 240 МИҢ СОМГО ЧЕЙИН ПАЙДА КӨРӨБҮЗ”

Кенжебек Качкынбаев, Нарындын Ат-Башы районунун “Быкы-Ата” асыл тукум уй чарбасынын жетекчиси:

– Биз 3 жыл мурун Каракол шаарынан абердин-ангус породасынан 33 баш сатып келгенбиз. Алар көбөйүп, башы учурда 100гө чамалап калды. Ар бир башы 150 миң-230 миң сомго чейин бааланган. Бул порода тоолуу шартта бакканга ыңгайлуу экен. Суукка чыдамдуу.
–17 градус суукта сыртта деле тура беришет. Жоош, сүзүшпөйт. Андыктан бир нече башын чакан короодо кармаса болот. Кышкысын короодо 6 ай багабыз. Калган учурда топоз сымал эле жайытта, талаада жайылып, оттошот. Кышында короону жылуулоонун деле кереги жок. Болгону алдын кургактап туруу керек. Иммунитеттери күчтүү болгондуктан оңою менен оорушпайт.

Беде, эспарцет менен гана багабыз. 1 күндө болжол менен 1 башка 10 килограмм чөп кетет. Айрым фермерлер жем, силос да беришет, биз бербейбиз. Музоолору энесинин сүтүн эмип эле бат чоңоёт.

Букалардын тирүү салмагы бакканга жараша 1 тонна, ал тургай 1 тонна 200 килограммга чейин жетет. Сатканда букалары 200 миң-250 миңге, 6 айлык музоолору 78 миң-80 миң сомго чейин сатылат.

Букасын эт үчүн сойгондо башы, териси, туяктары, ичеги-карынынан тышкары таза 500 килограмм жана андан көбүрөөк эт берип жатат. Килограммын дүңүнөн 480 сомдон өткөрөбүз, ошондо 500 килограммды 480ге көбөйтсөк 240 000 сом болот.

Малынын асылдуулугун арттыруу максатында букаларды жана букачарларды сатып алууну көздөгөндөр көп.

Катардагы 4-5 уйдун ордуна породалуу 1 уйду баккан оңой, түйшүгү аз экен. Сүт сатуу кыйынчылыкты жараткан аймактагылар абердин-ангус уйларын бакса өзүн көп эселеп актайт. Негизи эле зоотехниктер мүйүздүү уй, букага караганда мүйүзсүз уй, бука этти көп берет деп айтышат.

Кара сан, шарп оорусуна каршы вакцинаны жылына 2 ирет саябыз. Ичеги мите куртуна каршы альбен дарысын беребиз.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1016, 27-май-2-июнь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан