БИШКЕККЕ КАЗАКСТАНДЫН ПРЕЗИДЕНТИ КЕЛДИ

Кыргызстанга расмий иш сапары менен 26-майда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев келди. Эл аралык "Манас" аэропортунан аны Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды. "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында протоколдук иш-чаралардан соң президент Садыр Жапаров менен Казакстандын лидери алгач тар чөйрөдө, андан кийин кеңири курамда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү. Садыр Жапаров өлкөлөр ортосундагы союздаштык мамилелер тууралуу келишимди жаңылоону сунуштады.

– Быйыл өлкөлөрүбүздүн ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнө 30 жыл толот. Бул мааракелик жылда бүгүнкү күндүн талаптарын эске алуу менен эки тараптуу мамилелерибиздин сапаттык жаңы деңгээлге чыгуусуна көмөкчү боло турган союздаштык мамилелер жөнүндө эки тараптуу келишимибизди жаңыртуу маанилүү деп эсептейм. Ушуга байланыштуу эки өлкөнүн Тышкы иштер министрликтерине союздаштык мамилелер жөнүндө жаңыланган келишимди даярдоону тапшырууну сунуштайм,- деди Кыргыз президенти. Садыр Жапаров Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда саясий карама-каршылык жок экенин, бул маанилүү көрсөткүч экенин белгилеп өттү. Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда 13 документке кол коюлду. Мамлекеттик, облустар аралык деңгээлде кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган протокол жана меморандумдар. Алардын бири – Кыргыз-Казак чек арасындагы "Ак тилек" жана "Карасу" өткөрүү пункттарынын аймагында соода-логистикалык комплексинин долбооруна инвестиция тартуу жөнүндө меморандум. Касым-Жомарт Токаев Кыргызстан Казакстандын Кудай кошкон коңшусу жана жакын союздашы экенин белгиледи. Мамлекеттер ортосунда достук мамиле, саясий диалог бекем экенин айтты. Казакстандын президенти Бишкекте I Евразиялык экономикалык форумга да катышты.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1016, 27-май-2-июнь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан