“КУМТӨР” КИРЕШЕСИН НАРЫН ОБЛУСУ МЕНЕН БӨЛҮШӨТ

"Кумтөр" ишканасы ай сайын дүң кирешесинин 0,6 пайызын “Нарын облусун өнүктүрүү фондуна” которуп турууга тийиш. Тийиштүү чечимге Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров кол койду. Акча Каржы министрлигинин Борбордук казыначылыгына улуттук валюта – сом түрүндө, жаңырган айдын 10-күнүнө чейин которулуп турмакчы. Максат – Нарын облусунун социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу.

25-майда парламентте депутат Арсланбек Малиев: “Кумтөрдүн” акчасы Нарынга эмес, Жети-Өгүз районуна берилиши керек, Нарындын “Кумтөргө” кандай тиешеси бар? Бул чечими үчүн Акылбек Жапаров отставкага кетсин”,- деп чыкты. Буга депутат Нурбек Сыдыгалиев: “Кумтөрдөгү” калдык сактоочу жай жарылса, зыяндын көбүн Ысык-Көл эмес, Нарын облусу тартат. Керек болсо Нарынга азыркыдан 10 эсе көп которушу керек”,- деп жооп кайтарды.

Депутат Нурлан Шакиев: “Кумтөр” жалпы Кыргызстандын байлыгы, келечекте анын кирешесинен бардык облустарга үлүш берилиши керек”,- деп билдирди.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1016, 27-май-2-июнь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан