Асланайым Аширова, каскадёр: «ДУШМАНДАРЫМ КҮЛҮП ТУРГАНДА МЕН ЖЕҢИШКЕ ЖЕТТИМ»

Жаачы, каскадёр Асланайым Аширова 2019-жылы Сауд Арабияда өткөн “Көчмөндөр ааламы” аттуу эл аралык фестивалда оор кырсыкка учураган эле. Ат чаап баратып кулап оор жаракат алган. Оор сыноону жеңип өткөн Асланайым 2022-жылы 8-майда Бишкек шаарында өткөн жаа атуу боюнча сынакка катышып, биринчиликти алып алтын медалга ээ болду. Маегибиз ушул өңүттө болду.

– Салам, Асланайым, алгач эле жеңишиңиз менен куттуктайм!

– Саламатсыз, рахмат! Бишкек шаарында жаа атуу боюнча биринчиликке ат салыштык. Жеңишке жетиштим. Жаа атуу федерациясы уюштурду, эркектер-аялдар болуп көп адамдар катышты. Башка улуттагы спортчулар да катышты. Аябай толкундандым, жаракат алгандан кийинки биринчи жеңишим болгон үчүн да таттуу болду десем болот.

– Кыйынчылык болдубу?

– Албетте, басыш керек, кыймылдаш керек болду. Оң бутум бырчаланган да, өтө көп темирлер бар, көп бассам ооруйт. Бутумду кайра калыпка келтирип беришкен Сауд Арабиянын хирургдарына рахмат. Бир нече врач биргеликте операция жасашты. Сөөктөрдү улаш үчүн темирлер салынган. Сөөктүн айрым жерлерин бири-бирине улаш үчүн тешип карматышкан. Абалым оор болчу, Кудайга шүгүр, азыр басып жүрөм. Душмандарым “болду, бул баспайт. Спортко эми келе албайт” деп күлүп жүрүшкөндө мен ийгилик жарата алдым.

– Учурда өнөрүңүз менен алек болуп жүрөсүзбү?

– Аракет кылып жатам, гимнастика менен машыккан, жаа атуу боюнча машыккан окуучуларым бар. Алар менен алек болуп келем. Өзүмдү алаксытып убактымдын баарын аларга арнайм. Такыр бош болбогонго аракет кылам, элге аралашканда бутумдун ооруганын да унутуп коём. Үйдө отуруп “ооруп жатам” дей берсе, адам депрессияга түшүп кетет экен. Залда спортчуларга мотивация берип машыктырып жүргөн учурларым болгон да, бир күнү отуруп алып “Эмнеге мен башкаларга мотивация берип, өзүмө бере албайм?” деп ойлондум. Өзүмдү-өзүм ошентип бутума тургуздум.

– “Душмандарым күлүп турду” деп калдыңыз. Кимдер алар?

– Биздин өлкөдөн таланттуу спортчулар, өнөрлүүлөр чыгып кеткенде таң калчу элем. “Эмнеге кетип калышат, өз желегибизди желбиреткенден артык ырахат барбы?” дечүмүн. Көрсө, бул кадамга аргасыз барышат экен. Мен дагы өлкөмдүн желегин желбиретем деген максат менен Сауд Арабияга Кыргызстандын делегациясы менен баргам. Оор жаракат алып, кайтып келдим. Оор абалда калдым, эл аралык фестивалга делегацияны баштап барган жооптуу адамдарга, Маданият министрлигине жардам сурап кайрылдым. Меники өндүрүштүк жаракат катары саналат. Бирок жардамдын ордуна сотко чакыруу кагазын алдым. “Эмнеге сот жообуна тартылышым керек?” деп аябай таң калдым. Сурасам, эл алдында менин жардам сураганым “Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары” долбоорунун жетекчиси Асхат Акибаевдин аброюна шек келтириптир. Спортчу жабыркап жатканда ага жардам бергендин ордуна ушундай ишке барышты. Үч жыл бою сотто ушул бутум менен сүйрөп жүрүштү.

– Сот кандай чечим чыгарды?

– Албетте, сотто утуп алдым. Аябай аракет кылышты, сотко жасалма документтерди көрсөтүштү, менин катышуучу катары эмес, жөн гана көрүүчү катары барганымды далилдегенге аракет кылышты, тизмеден өчүрүп салышыптыр. Мен ал жакка кантип барып калам? Сауд Арабияга бир аял эркектин коштоосусуз бара албайт. Ага виза ачылбайт. Мага делегация виза жасатышкан, бул сайтта расмий түрдө катталган. Визамда так, даана делегация менен барганым жазылып турат. Ушундай калп айтып, бирок далилдей албай калышты. Кийин “Асланайым мас болуп, атты башкара албай баратып оор жаракат алган” деп да чыгарышты. “Бийчи, ыктыярчы, жөн эле барган” деп да айтып жатышты. Калптарын далилдей алышкан жок. Адилеттик бар экен, сотто утуп алдым.

– Мамлекет тарабынан жардам болбоптур, ден соолугуңузду чыңдоого кимдер жардам берди?

– Кудай жардам берди, экинчиден, элимдин батасы, үчүнчүдөн, жакындарым, досторумдун жардамы менен бутума туруп кеттим. Кичинемден Кудайга жакын адам болсом керек. Мен үчүн оор сыноо болду. Көп врачтар “баса албайт” деп менден баш тарткан учурлар болду, оор жаракаттан кийин аман калганым, өз бутум менен басып кеткеним керемет.

– Жаракаттан кийин жылкылардан коркуп калган жоксузбу?

– Жаракат алгандан кийин мен жылкылардан эмес, ичи кир, коркунучтуу адамдардан коркуп калдым. 15 жашымдан бери жылкылар менен аралашып, ат үстүндөгү спорт менен машыгып келе жатканыма 20 жыл болду. Жылкылар мага эч залал бербейт, алардын тилин түшүнөм, эмнеден коркмок элем? Ага караганда мен үчүн адамдар коркунучтуу экенин байкадым. Жылкылардын дүйнөсү такыр башка, таптаза, аларды аябай жакшы көрөм. Өзүм сүрөт тартам, кичинемден эле жылкылардын сүрөтүн тарта берчүмүн.

– Каскадёрлукка кантип келип калдыңыз?

– Кичинемден балет менен машыкчумун, сүрөт тартчумун. Кийин ат үстүндөгү спортко кызыгып баштадым. Өзүмдүн каалоом менен 15 жашымдан баштап машыга баштагам. Андан мурун деле ат оюндары менен машыгып жүрчүмүн. Ата-энем менин каалоомду колдошкон. Спортто адамдын өзүнүн чоң каалоосу болбосо машыга албайт. Ат оюндары көп бөлүккө бөлүнөт. Конкур, жигитовка, каскадёрлук – ар бири өзүнчө өнөр. Мунун баарын өздөштүргөм, изилдегем, мындайча айтканда, бул өнөр менен жашап келе жатам.

– Мурун атыңыз Светлана экен, кийин Асланайым деп өзгөртүүгө эмне себеп болду?

– Апамдын аябай сулуу Светлана деген курбусу болгон экен. Бардык жакка жарык чачкан, сулуу кыз болсун деп апам атымды курбусунун атынан коюптур. Славян тилинен которгондо “Кудайдын жарыгы” деген маанини билдирет. Экинчи атымды мусулманча койгум келди, Асланайым деген атты алдым. Учурда баары эле экинчи атым менен чакырышат.


– Асланайымдын жеке жашоосу тууралуу билсек болобу?

– Жеке жашоомду элге жарыя кылгым келбейт. Бойдокмун деп гана айта алам.

– Маегиңизге рахмат, ийгиликтерди жарата бериңиз!

Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1016, 27-май-2-июнь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан