"КЛИПКЕ ТАРТЫЛЫП АЛЫП ДЕПРЕССИЯГА ТҮШТҮМ”. Клиптердин көркүн ачкан сулуулар сүйлөшөт

Арина Исакова: “ЖАКШЫНАМ” ЫРЫНЫН КЛИБИНЕ ТАРТЫЛГАНЫМ ЧЫГАРМАЧЫЛЫГЫМА ЖАКШЫ ТЕПКИЧ БОЛДУ”

Туулган жылы, күнү: 1996-жыл, 26-январь

Туулган жери: Москва району, Беловодск айылы

Билими: Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Маданият жана искусство университетинин драма актёру бөлүмүнүн 4-курсунун студенти

Тартылган клиптери: Толкунбек Курманбеков – “Жакшынам”, Кубаныч Баркалбасов – “Байка”, Калыс Жакыпов – “Күттүм сени”, Гүлназ Чыныбек кызы – “Шүгүр де” жана башка

Тартылган тасмалары “Мекен”, “Акыркы көч”, “Мына сага жаңы жыл”, Бир күн-түн” жана “Ак шоола”, “Кошунаны тандабайт” сериалдары жана башка

Үй-бүлөлүү, 2 баланын апасы

– Бала кезимден актриса болууну кыялданчумун. Мектепте окуп жүргөндө эле ыр жазган досторум мени “клипке түшүп бер” дешип, алгачкы жолу Батюнун “Адашкан сүйүү” ырынын клибине тартылгам. Эң алгач башкы ролдо Нияз Абдыразаковдун “Эне жүрөгү” деген клибинде орой келиндин ролун аткаргам. Ал кезде өзүм да келин болчумун. Ушунча ишендире ойноптурмун, “мен билем, сен андай эмессиң, сен антип апаңды таарынтпайсың да, ээ?” деп ишенип-ишенбей чалгандар көп болгон. Андан кийин Өмүрбек Израилов экөөбүз Калыс Жакыповдун “Күттүм сени” ырынын клибине тартылдык. Анда кайненесинен тил уга берген, киши катары саналбаган келиндин образын жараттым. Мындан башка да бир топ клиптерге тартылдым. Толкунбек Курманбековдун “Жакшынам” ырынын клибине тартылганым мага чыгармачылыкта жакшы тепкич болуп берди, дагы да элге таанылдым. Бул клипке Толкунбек өзү чалып чакырды. Чалып эле “азыр тартып жаттык эле, келе калыңызчы” дешкен. Анда келиндик кызмат кылып айылда болчумун. “Бара албайм” десем, “өзүбүз барып алып кетебиз” дешти. Анан үйдөгүлөрдүн макулдугун алып кеттим. Бир күндө тартып, кайра кечинде үйгө жеткирип коюшкан.

Карина Эрмекова: “АТАМ ЭМНЕ ДЕЙТ ДЕП КОРКТУМ”

Туулган жылы, күнү: 2001-жыл, 12-февраль

Туулган жери: Ысык-Көл облусу, Балыкчы шаары

Билими: Ички иштер министрлигинин алдындагы академияда 4-курстун студенти

Тартылган клиптери: Алмаз Шаадаев “Сүйүүсү белең башканын?”, Каныбек Шералиев – “Неге мени сүйдүрдүң?”

Үй-бүлөлүк абалы: бойдок

– Туулган күнүмдө Нурлан Насиптин ресторанына барганбыз. Ошол жерден Алмаз Шаадаев мени көрүп “Менин клибиме тартылбайсыңбы. Ушундай роль сага жарашат” деп сунуш кылган. Клипке тартылган күнү кар аралаш жаан жааган. Мен жука кийимдерди алып алгам да. Жука көйнөкчөн тартылып жатам, чачым суу болуп калган. Ары-бери өткөндөр карап, “ии, байкушум десе, тоңуп калдың го” дешкен. Эртеси ооруп калгам. Башында клипмейкер Эрнист Сыдыков “2 күндө тартабыз. Жакшы ойносоң бир эле күндө бүтүрөбүз” деген. Мен дароо эле жакшы ойноп кеттим. Эрнист байке да, Алмаз байке да “азаматсың” деп макташты.

Мага клиптен саунада отурган жери башынан эле жаккан эмес. Алмаз байкеге “бизде менталитет кандай экенин билесиз го, ошол жерин өзгөртүп салбайлыбы” десем, ал “эч нерсе болбойт” деп койду. 2 күн ойлондум эмне кылсам деп. Үйдөгүлөргө айтсам, “эч нерсе болбойт, тартыла бер, бул клип да, биз сенин кандай экениңди билебиз” дешти. Клипке тартылып жатканда ошол жерине келгенде маанайым түшүп, тартылганыма өкүнүп баштагам. Анткени мени менен кошо тартылган кыздардын бирөө “ушундай клипке кантип тартылдың?” деп койгон. Аябай жаман болдум. Бирок Алмаз байке “Карина, эч нерсе болбойт, бул жөн эле клип” деп жакшы сөздөрдү айтып колдоп турду. Клип бүткөндөн кийин депрессияга түштүм. “Эмнеге терс каармандын ролун аткардым, эл эмне дейт, атам эмне дейт?” деп ойлоно бердим. Клип бир айдан кийин чыкты. Үйдөгүлөргө жакты, эч ким эч нерсе деген жок. Тескерисинче, “азамат, жакшы аткарыптырсың” дешти баары. Комментарийге жаман жазышат деп ойлогом. Бирок көпчүлүк “кыз жакшы аткарыптыр” деп жазышты.

Лира Зулунова: “ЗЕРИККЕНИМДЕН ЭЛЕ СҮРӨТТӨРҮМДҮ ЖӨНӨТҮП КОЮП, КАСТИНГДЕН ӨТҮП КЕТКЕМ”

Туулган жылы, күнү: 2000-жыл, 7-февраль

Туулган жери: Орусиянын Пермь шаары

Билими: ОшМУнун бизнес жана менеджмент факультетинин 4-курсунун студенти

Тартылган клиптери: Бекзат Маманов – “Болчу менин балдарымдын апасы”, Данияр Эрматов, Гүлназ Чыныбек кызы – “Жолуккум келет”

Үй-бүлөлүү, 1 уулдун апасы

– Бекзат Мамановдун ырынын клибине Инстаграмдан жазып чакырышкан. 2-клип боюнча, Данияр Эрматовдун сторисинен “айылдык кыздын ролун ойногонго кыз керек” деген жарнаманы көрүп калып, сүрөттөрүмдү жөнөткөм. Анда карантин маалы болчу, өтүп кетем деп ойлобой эле зериккенимден жөнөтүп койгом. Эртеси түндө саат 12-1лерде “сен тартыласың, эртең менен саат 8:00дө алып кетебиз” деп жазышты. Мен даяр эмес болчумун. Өзүм Ошто, кийимдерим айылда, Кара-Сууда болчу. Карантин болсо да посттогулар менен сүйлөшүп жатып түнү менен айылга барып кийимдеримди алып келгем. Клипти 2 күн тарттык, аба ырайы суук болчу, үшүп, чарчап калгам. Клип чыккандан кийин көчөдөн тааныгандар көп болду. Жаныма келбесе да “клипке тартылган кыз го” дегендерин угуп калчумун. Кээде келип сүрөткө түшүшөт.

Мен кичинемден актриса, ырчы болгум келчү. Апам “кыз балага болбойт” деп каршы болгону үчүн аракет кылбай койгом. Бирок атам дайыма бул оюмду колдочу. Бул клипке апам менен атама айтпай тартылгам. Клип чыкканда көрүп жактырышты. Атам кайра-кайра көрдү. Экөө тең “сонун аткарыптырсың” деп макташты, “дагы тартыл” дешти. Бирок анда жигитим каршы болду. Кыялымдан баш тартпай өзүм каалаганымдай кылсам, апам деле көнүп калмак окшойт. Клипке тартылганда турмушка чыга элек болчумун. Жолдошум экөөбүз ал учурда кыз-жигит катары сүйлөшчүбүз. Ал “акыркы тартылган клибиң болсун” деген. Мен ага сөз бергем. Ошентип андан кийин тартылбай калдым. Бирок көп сунуштар түшкөн.

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1016, 27-май-2-июнь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан