МОСКВАДА БАЛА БАГЫП ИШТЕГЕН 10 ЖАШАР КЫЗ САБАЛДЫ. Күнөө кимде?

Москва шаарында таежесинин үйүндө жашап жаткан 10 жаштагы Таңсулуунун окуясы интернет желесине тарап, коомдук талкууга түштү. "Кенедей кезинде чет жерге бала багуу үчүн жиберилди, таежеси тарабынан зомбулукка кабылды" деп кыздын тагдырына кейиген мекендештер көп. Коомчулукта "кызын окутпай, акча тапканы жөнөтүү менен анын балалыгына балта чапты" деп кыздын ата-энесин жоопко тартуу талаптары айтылууда. Бул окуя боюнча тараптардын пикирин угуп көрдүк.

«КЫЗДЫН САБАЛГАНЫН КОШУНАСЫ АЙТЫП БИЗГЕ КАЙРЫЛДЫ»

Индира Бакыт кызы, окуянын күбөсү:

– 10 жаштагы Таңсулуунун кордолуп жатканын Динара деген кошунасы видеого тартып, менин күйөөмө жибериптир. Күйөөм Алтынбек Москвадагы кыргыз эмгек мигранттарынын “Өзгөн коому” уюмунун төрагасы. Жолдошум видеону өзгөндүктөрдүн вотсаптагы группасына жиберип, кыздын жакындарын издетип баштады. Өзүбүздүн да 4 балабыз бар, кенедей кыздын минтип кордолушуна чыдап отура албадык. Дароо эле жолдошум экөөбүз Динара айткан дарекке жол тарттык. Жолдон тааныштар менен телефондон сүйлөшүп баратып Таңсулуунун аталаш бир туугандарын таптык, анан экөөбүз барсак бербей коёбу деп кыздын агаларын кошо алып алдык. Барсак, Таңсулуу кичинекей балдардын кийимдерин бүктөп отуруптур. Көзүндө, колунда көк ала так көрүнүп турат, психикалык жактан аябай басынган, коркок, аябай түнт кыз экен. Чачы кыркылып, колдору учтуу нерсе менен кесилгендей. “Эмне болду?” деп сурасак өзү башында “жыгылып түштүм” деди. Кийин таежеси сабаганын айтып берди. Көбүнчө “баланы карабай койдуң, жыгылтып койдуң” деп урчу экен. Таңсулуу өзү бала болсо, анан кантип бала карамак эле?!

28 жаштагы таежеси эч жерде иштебейт экен, үйүндө 2 баласын карап отурчу, учурда да кош бойлуу дешти. Кыз таежесине балдарды карашчу экен. Жездеси такси кызматында иштеп, үйүнө 2-3 күндө бир келип турат. Жездеси жакшы эле жигит экен, таежеси психикалык жактан оорулуубу, түшүнүксүз, ошону ооруканага алып барып текшертиш керек. Барсак кечирим сурагандай түр көрсөтүп, колу менен бетин жаап алып ыйлап жатты.

Азыр кыз биздин үйдө, 4 балабыз менен ойноп жакшынакай жүрөт. Элчиликтин кызматкерлери келип бир сыйра медициналык кароодон өткөрүштү, керектүү документтерин бүтүрүп беришти. Балдарыбызды 2-июнда каникулга жолдошум Кыргызстанга алып барып келмек эле, Таңсулууга да ошол күнгө билет алып койдук. Буюрса, ата-энесине өз колу менен тапшырып келет.

«КЫЗЫМ МОСКВАГА ИШТЕГЕНИ ЭМЕС, ЭС АЛГАНЫ КЕТКЕН»

Чолпон Шадыканова, сабалган кыздын апасы:

– Биздин 6 балабыз бар, кызым Таңсулуу экинчиси, азыр 10 жашта, быйыл 4-класста окуп жаткан. 2021-жылдын ноябрь айында каникул болгондо алысыраак тууган сиңдиме кол кабыш кылып, балдарын карашып, Москваны да көрүп эс алып келсин деп жиберген элем. Каникул бүткөндө сиңдим “биротоло Жаңы жылдан кийин жиберейин” деп калды. Ана-мына деп жүрүп Жаңы жыл келди, бирок Украина менен согуш башталып учактардын көп каттамдары учпай калды. Ошону менен биротоло жайкы каникулда келет деп жатканбыз. Кызым 3 чейрек окуусун окубай калды. Негизи аз эле убакытка кетип, шартка байланыштуу ушунча кармалып калды. Кызым менен күндө видеочалуу аркылуу сүйлөшүп турчумун, жакшынакай эле таежесине жардам берип жүргөн. “Кызын иштетип, акысына 8 миң сомдон алып турган” деген кептер жалган. Кызымдын акысы үчүн акча алган жокпуз, биз андай муктаж үй-бүлөлөрдөн эмеспиз. Сиңдим кээде “чай-пай ичип коюңуз” деп көңүлүнөн чыгарып акча салып турат эле, мен “акча сал” деп эч качан айткан эмесмин. Биздин эч кимге доо-арызыбыз жок, кызым жакшынакай эле жүрөт .

“Урду, чачымды кыркты” деп, балким, коркутуп коюшканынан айтып жаткандыр. Чачы деле жакшынакай турат. Медициналык кароодон өтүптүр, баары таза чыгыптыр, эч жеринен жаракат албаса, мен эмне деп арыз жазмак элем? Сиңдим менен да сүйлөшүп жатам. Баары менен мамилебиз жакшы. Кызым келсин, көрөйүн, анан жыйынтык чыгаралы. Болбосо айрымдар көп нерсени көбүртүп-жабыртып жиберишти.

«АПАСЫ КЫЗЫМ БАШКА МЕКТЕПТЕ ОКУП ЖАТАТ ДЕП ДОКУМЕНТИН АЛЫП КЕТКЕН»

Базарали Каратаев, Чаңгет айыл өкмөтүнүн башчысы:

– Кыздын ата-энеси 2017-жылга чейин биздин айыл өкмөткө караштуу Допу айылында жашаган. Бирок сел жүрүп, жер көчкү болгондо алардын үй-бүлөсү коопсуз жакка Төрт-Көл айыл өкмөтүнө көчүрүлгөн. Расмий ошол жакта катталып, балдарына жөлөк пулду ошол жактан алышат эле. Бирок ал жактагы үйү бүтө электигине байланыштуу Допуда жашап жаткан, чарбагы ушул айылда.

Кыздын мугалиминин айтымында, Таңсулуу Чаңгеттеги орто мектепте 4-класста окуп жатып 30-октябрдан кийин мектепке келген эмес. 10-декабрда апасы “кызым Ийри-Суу айылында окуп жатат” деп маалым кат алып келип, мектептеги документтерин алып кетиптир. Кыз 3-класска чейин ар кайсы мектептерде окуган экен. Андыктан мугалимдерде күмөндүү ой болбоптур. Москвага иштегени жиберилгенин эч ким билген эмес.

АТА-ЭНЕНИН ЖООПКЕРЧИЛИГИ КАЙДА?

10 жаштагы кыздын бала багып иштегени, тууганы тарабынан сабалганы көпчүлүктүн төбө чачын тик тургузду. Кыргызстанда жашы жете элек балдарын Орусияга жиберип бала бактырып, базарларда куту чогулттуруп иштеткен учурлар көп деген пикирлер айтылууда. Биз кайда баратабыз? Уучубузду улачу муунга кандай мамиле жасап жатабыз? Кенедей кызын Москвага, болгондо да алыс туугандарына “кол кабыш кылсын” деп жиберген ата-эненин кайдыгерлиги нааразычылыкты жаратып жатканы бекеринен эмес. Балдарга жакындары зордук-зомбулук, ыдык, кордук көрсөткөн окуялар жүздөп, миңдеп саналат. Балдар мээримге, сүйүүгө сугарылып, балалыктын доорун эркин сүрүп чоңоюшу зарыл. Алардын укуктарын коргоо, билим алышына шарт түзүү, келечекте мыкты адам жана бир кесиптин ээси болуп чыгышына кам көрүү – ата-эненин жана мамлекеттин милдети. Бул милдетти ар бир ата-эне унутпашы зарыл.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1016, 27-май-2-июнь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан