Бойдоктор бурчу
«Там где ты, где любовь», «Не доступная» аттуу хит ырлардын аткаруучусу Бураш тууралуу уксаңыз керек. Ошол селки бүгүн биздин «Бойдоктор бурчунда» конокто.
АНКЕТА
Толук аты-жөнү – Бураш (лакап аты) Жунушбаева
Жылдыз белгиси – Бийкеч
Туулган жери – Бишкекте туулган, жерлиги Талас
Бою – 165 см, салмагы – 55 кг
Фобиясы – Жылан
Хоббиси – Сууда сүзүү, тарых китептерин окуу
Учурда – Жеке ырчы, КОСУнун юридикалык факультетинин 1-курсунун студенти
Көп колдонгон сөзү – «Короче»
Бир туугандары – Миргүл жана Назгүл
Урааны – Эч качан артка чегинбе!
– Бураш, бул сенин лакап атың да... Өз ысымың Бурулуш эмеспи?
– Мени бала чагымдан бери эле Бураш деп аташат. Ал эми өз ысымым Бурул деп башталат, уландысы да бар (күлүп).
– Жашыңды неге жашырасың?
– Сырдуу болгум келет. Тамаша, айымдардын жаш курагы жашыруун болгону мага жагат.
– Тез убакта ырчы катары таанылууңа апаң Токтайым Үмөталиеванын таасири тийдиби же жездең Максат Бегалиевдин жардамыбы?
– Апамдын да, жездемдин да жардамы эмес. «Не доступная» аттуу ырымды жаздырып, радиолорго таратканда жездем угуп алып таң калган. Ал эми апамдын мага макулдугун берип, кеп-кеңешин айтканы жардам болду. Анын аброюнун менин ырчылыгыма эч тиешеси жок.
– Анда өз күчүң менен атыңды чыгарган турбайсыңбы?
– Жок, өз күчүм деп айтуудан алысмын. Мага вокалдан сабак берген устатым Талгар Жакшылыков, ырларыма обон чыгарып, аранжировка жасаган Азамат Такырбашев, клиптеримдин режиссёру Александр Белов сыяктуу чыгармачылык чөйрөдөгү «аталарымдын» жардамы чоң.
– Кичинеңде башка ырчылардай чыбыкты колуңа микрофон кылып кармап, «ырчы болом» дечү белең?
– Ырчы болом деп кыялданчу деле эмесмин. Өзүмдү ар тараптан издеп, сынап көрдүм. Сүрөтчү болом деп сүрөт тартып, балет бийчиси болом деп бийге барып жүрдүм. Анан спортчу болом деп айкидо менен машыктым. Акыры ордумду музыкадан таптым. Бирок муну менен токтолдум деп айта албайм. Анткени дайыма изденүүнүн жолундамын. Эртең бул чөйрөдөн да алыстап кетишим толук ыктымал. Кандай болгон күндө да музыка жан дүйнөмдө жашай берет, өзүм үчүн ырдайм.
– Казактардын “Ал Давай” тобу менен чогуу аткарган “История любви” аттуу ырыңар бар. Бул топ менен кандайча байланыштасың?
– Алар менен бир кечеде таанышып, тил табышып кеттик. Бул таанышуу бизди тез эле дос кылды. Анткени көп кызыкчылыгыбыз дал келет экен. Учурда бат-баттан байланышып турабыз.
– Мода кууйсуңбу?
– Саркеч кийинүү аябай жагат, ошондуктан модага маани берем.
– Өзүңдөгү баалаган жана жактырбаган сапаттарың...
– Ачык адаммын. Оюма келгенди тез эле айтып салам. Шайырмын. Күлкүнү жакшы көрөм. Таарынычым тез жазылат, унутуп калам. Бирок кээде бул сапатымды колдонгондор да болбой койбойт. Жаман сапаттарым – жалкоолугум, уйкуну жакшы көргөндүгүм.
– Сени эмне алаксыта алат?
– Мелодрамалык тасмалар, ошондой эле тарыхый жана детектив китептер.
– Тамеки тартууга, ичимдикке мамилең кандай?
– Тамеки тарткан кыздарды жактырмак тургай, түшүнө да албайм. Кыз деген кыздай болушу керек. Чөйрөмдө андай адамдардын жогуна кубанам. Ал эми ичимдик тууралуу айтсам,
Жаңы жылды тоскондо гана шампан, шараптан татып коём.
– Эмне үчүн юристтик кесипти тандадың?
– Музыка менен өмүр бою нан таап жашабайм да. Туруктуу кесип болушу керек. Тандаган кесибим жагат.
– Менин досторумдун арасында «сексуалдуу» деген сөз мода. Мисалы, сексуалдуу адам, машина жана башка. Сенин түшүнүгүңдө сексуалдуулук деген эмне?
– Ооба, менин досторум да бул сөздү көп колдонушат. Бирок мен үчүн одоно, уят угулат. Мен ал сөздүн ордуна «жагымдуу» деген сөздү колдонот элем.
– «Көп тил билгиң келсе, көп өбүш» деген тамаша сөз бар. Сен канча тил билесиң?
– Ха-ха-ха... Ушуну айтайынбы? Бир эле тил билем, башка тилди үйрөнө элекмин. Ээ, атам окуйт, жооп бербей эле коёюнчу.
– Сен биринчи таанышканда жигиттин эмнесине назар саласың?
– Биринчи эле көзүнө, көз карашына маани берем.
– Кандай сапаттарга ээ болгон мырзалар сени менен коркпой тааныша алышат?
– Чечкиндүү, тамашаны көп сүйлөгөн, бирок ошол эле учурда олуттуу жигит.
– Акылдуу жигиттер жагабы же күчтүүбү?
– Акылы күчтүү. Негизи, жигит кыздан акылдуу болушу керек дейм.
– Жарандык никеде жашоо сунушу болсо, кабыл алат белең?
– Жок, мен, негизи, буга каршымын. Кыргыз элинин бардык каада-салтын сыйлайм.
– Үй-бүлөдө ким башкаруучу болушу керек?
– Албетте, эркек. Бирок айым эркекти жолго салып туруусу үчүн амалкөй, акылдуу болушу шарт.
– Тамак жасаганды билесиңби?
– Жакшы билбейм, бирок жегенди жакшы көрөм. Чынын айтайынчы, шорпо жасаганды жана макарон кууруганды гана билем. Турмушка чыккыча тамактын түрүн жасаганды үйрөнөм деп ойлойм.
Бул сулуу ырчы менен достошкуңар келсе, Junushbaeva_B@mail.ru электрондук дарегине кат жазгыла.
Бактыгүл Сокушова
star@super.kg