«МЕН СЕНИ САГЫНГАН БОЙДОН ЖҮРӨМ...»

“Мен сени сагынган бойдон жүрөм,

Мезгилдер карматпай өтсө дагы...”

Сагыныч. Канча убакыт өтсө дагы жүрөк түпкүрүндө турганы турган. Мына ушул сезимди ачып бере алган ыр – “Мен сени сагынган бойдон жүрөм”. Анда ушул ырдын жазылуу тарыхына кайрылабыз.

Бактыгүл Чотурова, Кыргыз Эл акыны: “Жолдошум эрте каза болуп, бул ыр ага арналып жазылган”

– Көптөгөн ырларыма обончулар, композиторлор музыка жазып, ырдалып жүрөт. Бирок бул ырдын жаралышы кызык болду. Бул ырга обон жазылат деп күткөн эмес элем. Катардагы ырларымдын бири эле. 2013-жылы жарык көргөн “Найман” аттуу ырлар жана поэмалар жыйнагыма чыккан. Бир нерсеге бир нерсе себеп болот деген чын. Кыргыздын сыймыгы болгон Бек Борбиев үкөм менен чыгармачылыкта дагы, үй-бүлөдө дагы бир нече жылдардан бери катышып келе жатабыз.

Бир күнү шаардын четинде дачамда эс алып жүрсөм Бек телефон чалып калды. “Ой, дадага болоюн үкөм, сен жөн чалчу эмес элең, эмне сөз бар?” десем, “Эже, “Найман” деген китебиңизде “Мен сени сагынган бойдон жүрөм” деген ырыңыз бар экен го. Ошол ыр мага жагып калды, уруксат бериңиз, обон жазып жатам, ырдап чыгам” деди. “Ыр сенден айлансын, үкөм, жаза бер” дедим. Анан бир кайрыктарын аккордеону менен ырдады, жакшы ырдай эле сезилди.

Ошол ошо болду, көп өтпөй эле радиодон угуп калдым, баягы алгач укканымдан башкача сонун, музыкасы менен сөзү төп келгендей болуптур деп калдым. Чынында, кийин хит болуп кетти. Мен ошондо поляк акын Адам Мицкевичтин “Чыныгы лирикалык поэзия музыкасыз болбойт” деп айтканын эстедим. Бек клип да тарттырды. Мен ал ырды жакшы көрүп телефонума жаздырып алгам. Бир ирет коомдук унаада бара жатсам ошол музыка угулуп кетти. Мен телефонум шыңгырап жаткан экен деп алсам, жок, аңгыча башка бирөө телефону менен сүйлөшүп калды, көрсө, ал дагы ушул ырды жаздырып койгон экен. Өзүмчө жылмайып койдум, жагымдуу маанай пайда болду.

Көп жолугушууда ушул ырды “Сиздики ээ, эже?” деп сурап калышат. “Бек үкөм экөөбүздүкү” деп сыймыктануу менен айтам. Ийеш деген атактуу ойчулдун “Сенин ырың адамдардын пайдасына жаңырсын” деген акылман сөзү ушундай ырлардан улам чыккандыр, балким, эмнеси болсо да эл өзү сынчы да, баасын эл айтсын.

Бул ырыма таланттуу обончу Түмөнбай Колдошов да жакшы обон жазып, ырдап да чыккан. Рыспай Абдыкадыровдун мектебинен чыккан аккордеончулардын улуу жолун улап азыр Түмөке үкөм кыргыз элинин сыймыктуу уулу болуп калды. Концерттери дүркүрөгөн даңаза менен өтүп жатат, кут болсун! Бир жолукканда "Найман" деген китебимди берген элем. Ошондон окуп жактырган экен. Түмөнбай "эже, ушул ырыңызга обон жаздым" деп жолукканда айтып калды. Мен абдан кубандым. Ошол учур Бек жазган обон чыккан мезгил болчу. Мен аны абдан сыйлайм.

Адамдын турмушун сагынуулар, күтүүлөр, ажыроолор, жолугушуулар коштоп жүрөт эмеспи. Өмүрлүк жолдошум Тургунбек оорудан эрте кетти, беш кызым кичине эле. Ортобузда ачуу, таттуу күндөр өтсө да, балдардын атасы унутулбайт экен. Ошондон жаралган ыр эле, Тургунбек 2002-жылы каза болгон, бул ыр андан кийинки жылдарда жазылып, анан китепке коштум эле. “Менин эле тагдырымды жазыптырсыз, менин эле ырым экен” дегендер көп болду. Алыкул айткандай, менин ырым меники эмес, элдики болуп турса кана?!

Кыргыз Республикасынын Эл артисти Бек Борбиев бул ыры жаңы чыккан кезде биздин гезитке тарыхын айтып берген эле:

– «Мен сени сагынган бойдон жүрөм» ырынын сөзүнүн автору өзүмдүн эжем Бактыгүл Чотурова. Ушул ыр чыгардан 2-3 күн мурда барып, ал киши менен концерт тууралуу сүйлөшүп отурсак, «менин деле ырларымды бир карап көрбөйсүңбү, мүмкүн, обондуу жакшы ыр жаралат» деп китебин берди. Үйгө келип барактап калдым. Эженин ырларына да обон жазайын дедим. Китепти ачканда эле ушул ыр жазылган барак туш келди, окусам көңүлүмө жакты. Бирөөнү сагынып жүрүп анан жаралды десем өзүмдү да, силерди да алдаган болом. Ошол күнү обон жараттым, эртеси аранжировкачы балдар иштеп чыгышты, үчүнчү күнү үнүмдү түшүрдүм студиядан. Ошентип үч күндө жаралган ыр болду. Албетте, сиздерге жаккан болсо, биз кубанычтабыз.

Түмөнбай Колдошов, обончу, аткаруучу: “Менин обонум ийгиликтүү болбой калыптыр деп кабыл алдым”

– Бул ырды мен жактырып обон жазгам, тексти жакшы. Ар бир үчүнчү сабында “мен сени сагынган бойдон жүрөм” деген экен, мен ошонун баарын төртүнчү сапка түшүрүп обон жазгам. Обон жазганда акын Бактыгүл эжеге кабарлап, ырдап бергем. 3-сапты 4-сапка алмаштырып ырдайм деп уруксатын алгам. Ошондо уйкаштык а-а-а-б болуп, өзүнчө жарашыктуу көрүнүп калат экен. Менден мурдабы же кийинби, Бек Борбиев агабыз да обон жазды. Бек Борбиевдин обону элге алынып кетти, а менин обонум ырдалбай калды. Бир текстке эки-үч обон жазылган учур көп кездешет. Кайсынысы элге алынып кетсе, экинчиси ырдалбай калат. Жаңы обон жазганда ырдап жүрчүмүн, кийин Бек Борбиевдин обону дүңк эткенде ырдабай койгом. Менин обонум ийгиликтүү болбой калыптыр деп кабыл алдым. Кийин Надира Сарыкова жаздырып ырдап чыкты.

«МЕН СЕНИ САГЫНГАН БОЙДОН ЖҮРӨМ»

Сөзү: Бактыгүл Чотурованыкы

Обону: Бек Борбиевдики,
Түмөнбай Колдошовдуку

Көп элес өчпөстөн эсте баары,

Көңүлдүн калса да бөксө жагы,

Мен сени сагынган бойдон жүрөм,

Мезгилдер карматпай өтсө дагы.

Жүрөктүн буйругу башкачабы?

Жүрсө да тагдырдын канча тагы...

Мен сени сагынган бойдон жүрөм,

Жашынып жаштыгым калса дагы.

Өлчөмдүү бул өмүр тура кыска,

Өткөнгө өкүнүч кылабыз да.

Мен сени сагынган бойдон жүрөм

Баладай багынбай убакытка.

Жыргатпай куу турмуш сонунуна,

Жылдарды койсо да орунуна,

Мен сени сагынган бойдон жүрөм,

Тумардай тагынып моюнума.


Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1016, 27-май-2-июнь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан