Мурадил Данияров, ырчы: “ЖАНЫМДА ЖҮРГӨН БАКТЫМА МААНИ БЕРБЕЙ ЖҮРҮПМҮН”

Ырчы Мурадил Данияров буга чейин бизге берген маегинде “өз адамымды издеп жүрөм, качан жолугар экенмин?..” деп жатты эле. Бул ирет сүйүктүүсү Мээрим менен бирге маек куруп отурат. “Учурда тойго камынып жүрөбүз” деген таттуу түгөйлөрдүн маегин сунуштайбыз.

– Саламатсызбы, Мурадил? Алгач сүйүктүүңүздү тааныштырып кетсеңиз...

Мурадил: – Кандайсыздар? Жубайымдын аты Мээрим, Жалал-Абад шаарынан болот. Азыркы учурда Жалал-Абад Мамлекеттик университетинин медицина факультетинде 6-курсту аяктап жатат.

– Кантип таанышып калганыңарды сурайын...

Мээрим: – Мурадилди мурун ырчы катары таанычумун. Биздин жалпы досторубуз бар. Бир концертте көрүшүп калганбыз. Кийин досторумдун жанынан көрүп учурашып калчумун. Былтыр декабрдан тартып Инстаграмдан жаза баштады.

Мурадил: – Ал концертте көргөнүм эсимде жок. Кийин дагы досум “ушул кыз менен сүйлөшүп көрбөйсүңбү” десе маани деле берген эмесмин. Жанымда жүргөн бактыма маани бербей жүрүпмүн. Мурунку маекте “баары эле өз адамыңды билесиң дей беришет, мага ошол нерсе качан келер экен?..” деп жатпадым беле. Мээримди алгач жанынан көргөндө эле менде ошол сезим болду. Дароо эле Инстаграмдан издеп кат жаза баштадым. Жооп бербей койду. Кыз кылыгы менен деп коёт го. Акыры жазышып калдык, мени сезимдерим алдаган жокпу, жолугуп көрөйүн дедим. Үчүнчү жолу жолукканда кадимкидей байланып калдым. Эми аягына чейин аракет кылайын деп “кыз-жигит болуп сүйлөшүп көрөлү” десем, ал “жок, мен азыр даяр эмесмин” деп дароо баш тартты. Ага карабай эле мен өзүмдүн кадамдарымды жасай бердим. Мен негизи кыздарга гүл деле берчү эмес элем, бир күнү 101 роза алып жумушуна бардым. Андан кийин такыр жок болуп кетти, жазсам жооп бербейт, чалсам албайт. Буга убакыт керек экен дедим да, концерттин иштери менен Бишкекке келе бердим. Ал ортодо ден соолугун сурап жазып турдум. Концерттер бүтүп, Жалал-Абадга бардым. Мээримди жумушунан чыкканда үйүнө жеткире баштадым. Акырындык менен өзүмө көндүрүш керек болду да. Ошентип эле жакын болуп кеттик.

– Ата-энеңиз былтыр үйлөнтөбүз деп даярдык көрүшкөн эле, азыр өзгөчө кубанып жатышса керек?

Мурадил: – Мен үйдүн жалгыз уулумун да, үйдөгүлөр, тууган-урук баары кубанып күн санап тойду күтүп жатышат. Ата-энем концертиме катышып, жакында эле Орусияга кеткен болчу. “Келгиле, үйлөнөм” десем, башында “сүйлөшкөн кызың макулбу, такталдыбы, убара болбойбузбу?” деп ишенбей жатышты. Анан куда-кудагыйлары менен телефон аркылуу байланышып, алар менен сүйлөшүп алып анан келишти. Учурда тойго камынып жаткан чактары.

– Бири-бириңердин кайсы сапаттарыңарга арбалып калдыңар?

Мурадил: – Кудайдан эмнени сурасаң ошону берет экен. Өзүмө окшогон жөнөкөй эле болсо, жаманы мен болсом, жакшысы ал болсун дейт элем. Өтө жөнөкөй, Мээримде мага жаккан бардык сапаттар бар. Көңүлүңө төп келген адамдын эч нерсесине деле карабайт экенсиң. Ушул менин адамым дегенди сезүүнүн өзү бир башкача экен. Көзүңө эч нерсе көрүнбөй калат экен.

Мээрим: – Мурадилдин тырышчаактыгы, чечкиндүүлүгү жагат. Анан да адамдын көңүлүн такыр оорутпайт.

Мурадил: – Социалдык тармактарга чыгарган видеолорубузду хайп же клип деп үйлөнүп жатканыма ишенбегендер деле толтура. Мээрим шоу чөйрөдөн алыс да. Мен видео жарыялагандан кийин ар кандай негатив комментарийлер жазылды. Аларды көрүп алып ал жаман болот. Үйүндөгүлөрү да окуп алып маанайы түшүп калат экен. “Азыр ушундай оор болот, кийинчерээк ага көнүшүп кетесиңер” деп жатам. Башында мен деле оор кабыл алчумун. Апам ачууланып кетер эле, азыр көңүл деле бурушпайт.

– Сүйүктүүңдүн колун сураган видеоңорду жарыяладыңар. Бул окуя кандай ишке ашты, ошол тууралуу айтыңыздарчы.

Мурадил: – Мээрим баш кошууга орозодон мурун макулдугун берген. Негизи андай нерселерди деле жактыра бербейт элем. Бирок бул нерсе кыздарга жагат да. Тойдо убактыбыз сүрөткө түшүү менен өтүп кетпесин, фотосессияны алдын ала жасайлы деп Бишкекке келгенбиз. Анан фотограф жана командам менен кеңешип сюрприз жасоону туура көрдүм. Мээрим алдыга, мен артка туруп сүрөткө түшмөкпүз. Ошол жерден гүлдү бере калышты, шакек чөнтөгүмдө эле.

Мээрим: – Мен колумду антип сураарын билген эмесмин. Такыр күтүлбөгөн жерден болуп кетти. Бирок абдан жагымдуу болду.

Мурадил: – Колун суроо деген нерсе мага жакчу эмес. Андай нерселерди жактырбайм дегеним менен, жашоо өзү эле сүйгөн адамыңа жасатып коёт экен.

– Клип да тарттыңарбы?

Мурадил: – Жок, Элдос Алмаздын ырдап чыга элек бир ыры бар эле. Ырдын мааниси менин окуяма туура келип калды. Ошону сурап жаздырдым, буюрса, тоюмда ырдайм.

– Тойдо кандай өзгөчөлүк болот?

Мурадил: – Салтты карманбай эле коёлу деген менен, улуулар болбойт экен. Айтор, бардык салт-санаалар ирети менен аткарылат. Салт боюнча барып ата-энесинин алдынан өтүп, сөйкө салып келдик. Булар кыз узатууга, биз үлпөт тойго даярданып жатабыз. Тойду 12-июнга белгилегенбиз, тойдогу бир өзгөчөлүк – келген конокторду сөзгө чыгаруу деген болбойт. Башында ата-энелерибиз бата беришет, калганы оюн-зоок, шоу-программа менен уланат. Каалоо-тилек айта тургандарды той башталганча видеого тартышат.

– Мээрим, чыгармачылыкка кызыгасызбы?

Мээрим: – Жок, кызыкпайм. Фуд блогер болгонго кызыгып жатам. Кичинемден кондитерликке кызыгам.

– Анда ашканада мыкты экенсиз да?

Мээрим: – Ошентсе да болот (уялып).

– Бактыңар бөксөрбөсүн! Маегиңерге рахмат.

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1016, 27-май-2-июнь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан